2016-жылы 13-июнь күнү Чүйдөгү Кегети капчыгайында Мерседес үлгүсүндөгү өрттөнгөн кичи автобустун ичинен күйүп кеткен адамдын сөөгү табылган. Ал 1987-жылы туулган Жакшылык Дүйшөналиев аттуу Токмок шаарынын тургуну болгон. Маркумдун өлүмүнө шектелип Б.Ч. аттуу аял жана анын иниси кармалып, Бишкектин №1 тергөө абагында 3 жылдан ашык убакыт жатышкан. Токмок шаардык соту шектүүлөрдү актады.
Ал эми маркумдун туугандары соттун чечимине нааразы.
«БАЙКЕМДИ УНААСЫ МЕНЕН КОШО ӨРТТӨП ЖИБЕРИШИПТИР»
Маркумдун карындашы Жамиля Жаркынбаева айыпталган тарап сотторду сатып алган деген пикирде:
– Окуя 2016-жылы болгон. Агам Жакшылык Дүйшөналиев Токмокто 103, 104-маршруттук каттамда кичи автобус айдап иштечү. Ал күнү агам адаттагыдай эле жумушуна кеткен. 12-июнь күнү аны издеп, телефон номерлерине чалсак өчүк болду. Жоголуп кетет же каза болуп калат деп ким ойлойт? Башында анча сарсанаа болгон эмеспиз. Кечке маал санаа тынбай издеп баштадык. Сүйлөшкөн кызына байланышсак мурунку түнү ага байкем «эртең чалам, жакшы жат, мен чарчап келип жаттым» деп СМС билдирүү жөнөтүптүр. Акыры милицияга бардык, алар бизден арыз алардан мурун Бишкектеги, Токмоктогу оорукана, өлүккананын баарын кыдырып чыккыла дешти. Алар айткандай, бардык жерди кыдырып чыктык, табылган жок. Акыры милиция издөөгө алды, 13-июнда Кегети капчыгайынан өрттөлүп, жардан ылдый кулаган унаасынын ичинен агамдын жансыз денеси табылды. Кылмышка шектелип агам менен тааныш Б.Ч. аттуу аял жана анын иниси кармалышты.
«АГАМДЫН НААМЫНА 7 ҮЙДҮ КАТТАТЫПТЫР»
– Б.Чны агам такси кызматын көрсөтүп жүргөндө үйүнө жеткирип, ошондон кийин тааныш болуп, ал аял үйүнө чакырып, анча-мынча маселелерин чечүүдө жардам сурачу экен. Анын сунуштарын агам деле жашырбай мага айтып калчу. Б.Ч. үстөк тууму менен акча берип иш кылчу экен. Кардарлары андан акча алып, үйлөрүнүн кызыл китептерин күрөөгө коюп, анан акчасын эселеген пайызы менен төлөп кутулушчу экен. Ал кардарларынын үй документтерин алып жатканда күрөөгө алдым деп түшүндүрүп, бирок келишим түзүп жатканда сатуу-сатып алуу келишимин түзүп, мыйзамды билбеген адамдарга кол койдуруп алчу экен. Бир нече үйдү, батирлерди ал өзүнө каттаганда салык кызматынан же башка мамлекеттик органдардан шек саноо болбошу үчүн үйлөрдү ар кимдин атына каттата бериптир. Ошол адамдардын бири менин агам болуп, ага баш аягы 7 үйдү каттаткан. Кийин үйлөрдүн документтерин ырастап алган соң үйдү кайра башкага каттап, кыскасы, биринин шапкесин бирине кийгизип жүргөн. Биз сотто жана тергөөдө ал аялдын мындай иш-аракеттерин да айтып келдик. Агам ал аялдын мыйзамсыз иштерин билгени үчүн көзүн тазаладыбы деген да ой келет. Муну менен катар аял бул ишке кызганычтын айынан барган деген ойдомун. Анткени агамдын баш кошом деп сүйлөшүп жүргөн кызы бар болчу.
«СОТ ӨКҮМДҮ ТОЛУК ОКУБАЙ КАЧЫП КЕТТИ»
– Агамдын өлүмүнөн 2 аптадан кийин Б.Чнын жолдошу да каза болуп калды. Ага экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин күйөөсүнүн бир жак бети жаракат алган, кулактарынан кан аккан абалда өз үйүнөн сөөгү чыкканы сотто айтылды. Балким, менин агамды өлтүргөнү тууралуу күйөөсүнүн маалыматы болгондур. Эмнеге менин агамдын өлүмүнөн кийин эле ичимдикке ууланды делип, анын күйөөсү дагы каза болуп калат?
Тергөөдө шектүүлөрдүн бут кийимине жабышкан топурактын экспертизасы агамдын сөөгү табылган жердин топурагы менен дал келди. Ал тергөөдө бир нече жолу өз версияларын өзгөртүп, менин агамды үйүмө курулуш иштерине жалданып келгенде таанышкам деп жатат. Менин агам курулуш иштерин билбейт, андай жерлерде иштеген дагы эмес. Токмок шаардык сотунун чыгарган чечимине нааразыбыз. Ал өкүмдү окуп жатканда биз нааразы болуп залда кыйкырык чуу чыгып кетти. Мындан улам ал өкүмдү эки тарапка бирдей угузбастан 30дай милициянын коштоосунда абак жайдын ичине кирип, шектүүлөргө гана угузуп окуп коюп, качып кетип калды. Ошол себептен биз жогорку инстанцияга 21-октябрда доо арыз менен кайрылдык. Апам 3 жарым жылдан бери уулунун өлүмүнө күнөөлүүлөр жазасын алат деп күтүп келди. Биз жалпы көзөмөл жана укук коргоо органдарынан, президенттен суранабыз! Соттор ишти акыйкат карап беришсин.
«ТЕРГӨӨ КАТАЧЫЛЫКТАР МЕНЕН ЖҮРГҮЗҮЛГӨН»
«3 жыл 4 ай тергөө абагында мыйзамсыз камалып жаттым» деген, бул кылмышка шектелип кармалып Токмок шаардык соту тарабынан акталып чыккан Б.Ч. менен да маектештик. Ал окуя тууралуу өз чындыгын мындайча айтып берди:
– Жакшылык Дүйшөналиев менен 2013-жылдын аягында таанышкам. Ошол жылы оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, үйдүн сыртын шыбаталы деп жатканбыз. Ал кышка маал «мен бош жүрөм эже, телефон номериңизди эжелерим берди, материалдарыңызды ташып, бош жүрбөй ишти баштай берели» деди. Мен макул болуп ал өзү менен дагы 3 баланы ээрчитип келип, биздин үйдө иштеп калышты. Ошондон кийин тааныш болуп калганбыз. Кээде жардамын алып жүргөнүм чын. Таанышканыбыздан 3 жылдан кийин анын каза болуп калганын уктук. Анын өлүмүнө мени жана инимди шектүү катары карап, бизди далилсиз эле убактылуу кармоочу жайга алып барып камап коюшту. Жүргүзүлгөн тергөөнү мен эч качан мыйзамдуу деп айта албайт элем. Анткени бизди камап коюп, анан кылмышка далил издешти. Демек, башынан эле бул өлүмгө мени каралап, жалаа менен түрмөгө отургузуп коюу болгон. Кылмыш болгон күнү маркумдун телефонуна менин номеримден чалуулар болгон деген сөздүн баары калп. Базадан эч кандай анын номерине менин телефонумдан чалуу болгону чыккан эмес. Бул сотто да далилденди.
«КЕГЕТИ ТАРАПКА БАРГАНЫМ ЧЫНДЫК...»
Мен каза болуп калган жолдошум менен ажырашып, көптөн бери эле өзүнчө жашачубуз. Ал иччү, бирок маалы менен үйгө, балдарга келчү, менден акча сурачу. Ошол күнү да мас болуп келип алып мен тааныбаган бир балдар менен жүрөм деп акча сурады. Мен акча жок деп берген жокмун. Ал менин сумкамды ичиндеги акчасы, үйдүн ачкычы, телефонум менен кошо жулуп алып качып кетти. Ал Кегети тарапка барарын гана айтты. Мен дароо иниме чалып келе калышын өтүндүм. Ал машинасы менен келип, күйөөмдүн артынан Кегети тарапка издеп бардык, бирок сөөк табылган капчыгайга чейин жетпей эле Дөң-Алыш, Рот-Фронт айылдарынан кайтып кеткенбиз. Ошону менен акчадан жок же сумкадан жок, күйөөмдү таппай үйгө кайтып келе бердик. 13-июнда Жакшылыктын сөөгү табылганын уктум. Ошондон 2 аптадай өткөндө күйөөм үйгө келди. Анын бир жак бети тытылган, бир аз жаракаты бар, анан мас абалда экен. Келип эле мени бирөөлөр сабап, оозума күчтөп арак куюп, "Жакшылыктын өлүмүнө тиешең бар" деп кыйнап кетишти деди. Аркы бөлмөдө телевизор көрүп жаткан, мен кирсем уктап калыптыр. Ойготсом кыймылдабайт, дароо «Тез жардам» чакырдык. Алар келип күйөөмдү каза болуп калыптыр дешти. Анын спирт ичимдигин ченемсиз ичкенден ууланганы аныкталды. Ошондон көп өтпөй эле 4-июлда иним экөөбүздү кармап кетип, СИЗО-1ге камап салышты. Тергөө абагында жаткан 3 жылдан ашык убакытта оорудум, канымдагы канттын көрсөткүчү 27 болуп, кан басымым көтөрүлүп кетти. Ооруканага да жатып чыктым. Бирок мага эч кандай жардам болгон жок. Мен чыдап соттун чечимин гана күтүп келдим. 11-октябрда Токмок шаардык соту иним экөөбүздү далилдердин жоктугуна байланыштуу актады. Учурда мага карата коркутуулар болуп жатат. Жабырлануучу тарап мени издеп, таш бараңга алабыз деп жатышат. Азыр менин өмүрүмө коркунуч жаралууда.
«ОКУЯДАН ЧУУ ЖАРАТЫП БИЙЛИКТИН КӨҢҮЛҮН БУРУУ БОЛУП ЖАТАТ»
Б.Чнын жактоочусу Лилия Жолдошбек кызы тергөөчү тарабынан фальсификациялоо болгон, протоколдор бузулуп, далили жок эле божомолдор менен иш сотко өткөн деген пикирин айтты:
– Бул жерде тергөө органдарынын катачылыктарынын айынан 2 адам мыйзамсыз, 3 жылдан ашуун тергөө абагында отурушту. Чала тергелген, эч кандай далилдери жок эле иш улам бир башкармалыкка, Башкы тергөө башкармалыгына, прокуратурага өтүп жатып, акыры сотко чейин келип жеткен. Тергөөчү материалды орусчадан кыргызчага туура эмес которуп, далилсиз эле окуяларды токуп өзү кошуп жаза берген. Эгерде далилдер жетиштүү болгондо сот деле ошончо далилди карап туруп көз жумуп койбойт эле да. Менин коргоомдогу жарандар акталды, эми жабырлануучу тарап кийинки инстанцияга арызданабыз деп жатышат. Алар коомчулукту дүрбөтүп, бул окуядан жасалма резонанс, чуу жаратып, бийликтин көңүлүн бурдуруп, буларды кайрадан каматып коюунун аракетин көрүп жатышат. 11-октябрда сот өкүмдү окуп баштаганда жабырлануучу тарап отурумдан чуу чыгарып, төрагага мүмкүнчүлүк бербей койду. Төрага убактылуу кармоочу жайдын ичине кирип өкүмдү окууга аргасыз болду. Маркумдун туугандары мындай аракеттерин көптөн бери эле көргөзүп келе жатышат.
Жабырлануучу тарап биз эч качан таш бараңга алуу сыяктуу мыйзамсыз иштерге барбайбыз дешет. Ал эми акталып чыккан тарап учурда өз өмүрлөрү үчүн кооптонушууда. Кылмыш иши эми кийинки инстанцияларда каралары күтүлүүдө.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg