23-октябрь күнү Эл аралык "Манас" аэропортунун унаа токтотуучу жайында токтоп турган унаанын багажынан эркек кишинин жансыз денеси табылган. Баштапкы маалыматтарда анын жанында чоң суммадагы акча болгону айтылган. Интернет булактарында "каза болгон киши чет өлкөгө чоң суммада акча которуп иштеген ишкер болгон" деген билдирүүлөр тарап, окуя Жогорку Кеңеште талкууга алынды. Айрым депутаттар, коомдук активисттер "ишкерлерге криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү ачык кысым көрсөтүп жатат" деген пикирлерин айтышты. Өз унаасынан сөөгү табылган жарандын өлүмүнүн чоо-жайын билүүгө аракет кылдык.
“КИШИ КОЛДУУ БОЛГОН”
Бул окуя боюнча Чүй ОИИББи төмөнкүчө маалымат таратты:
– 23-октябрда Сокулук районуна караштуу Комсомол айылынын тургуну бир тууганы 22-октябрь күнү саат 21:20 чамасында аэропортту көздөй чыгып, ошол бойдон кайтып келбегенин айтып милицияга арыз жазган. Ыкчам иликтөө тобу издөө иштерин жүргүзүп, 23-октябрь күнү саат 20:00 чамасында "Манас" эл аралык аэропортунун унаа токтотуучу жайындагы унаанын багажынан изделип жаткан адамдын жансыз денесин табышкан. Анын аты-жөнү такталып, 39 жаштагы Х.К. аттуу жаран экени маалым болду. Денеге алдын ала кароо жүргүзгөндө маркум күч колдонулуп өлтүрүлгөнү аныкталган.
Бул кылмыштын бетин ачуу үчүн Чүй ОИИББинин, Сокулук РИИБинин кызматкерлеринен ыкчам топ түзүлүп, шектүүлөр кармалды. Алар Чүй облусунун 27 жаштагы тургуну, мурда уурулук жана зордуктоо боюнча соттолгон Б.Ч. жана Ош облусунун 32 жаштагы тургуну, мурда баңгизатын сактоо жана аткезчилик боюнча соттолгон И.А. Үчүнчүсү Ош облусунун 28 жаштагы тургуну М.А. аттуу жаран. Ал мурда "бейбаштык" беренеси менен соттолгон. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр 2018-жылдан бери жатак абакта жаза мөөнөттөрүн өтөп жүрүшкөнү аныкталды.
Учурда шектүү жарандардын өлкө аймагында жасалган башка оор кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө. Акыркы убакта жатак абакта жазасын өтөп жаткан жарандар өтө оор кылмыштарга көп шектелип жатышат. Окуя боюнча бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Каза болгон жарандын жанында канча суммадагы акча болгону, ал кимдин акчасы экени такталып жатат. Х.К. буюртма жеткирүүчү болуп иштегендиктен, баштыктын ичинде эмне бар экенин билбеген болушу мүмкүн. Канча суммадагы акча экенин азырынча ачыктай албайбыз.
“УУЛУМДУН ЖҮЗҮ ТААНЫЛБАЙ КАЛЫПТЫР”
Каза болгон жарандын атасы Асет Керимов уулу кишиге оңой менен багынып бере турган жигит эмес экенин айтып, шектүүлөр тиешелүү жазасын алат деп үмүт кыларын белгиледи.
– Мен күйүүчү май сатылган базада күзөтчү болуп иштейм. 23-октябрь күнү жумушка кетип, 24-октябрь үйгө кайтып келгем. Балам Хусан ошол күнү жумушка кеткен бойдон кайтып келбептир. Мен уулумдун каза тапканын окуянын эртеси түштөн кийин билдим. Качан гана Хусандын сөөгүн алып келишкенде аны өлтүрүп кетишкенин айтышты. Уулумду болушунча уруп-тепкилеп, мыкаачылык менен өлтүрүшүптүр, жүзүн таанууга мүмкүн эмес. Ал анча-мынча кишиге жеңилбей турган олбурлуу жигит болчу. 39 жашта эле, эгиздин түгөйү болчу.
Эгер жанында акча бар экенин байкаган болушса акчаны алып, өзүн тирүү калтырышса болмок да. Милицияга арыз жаздык, каза болгон баламдын эгизи Хасанды тергөөгө чакырып жатышат.
“4 НЕБЕРЕМ АТАСЫЗ КАЛДЫ”
– Хасан биз менен чогуу жашайт, Хусан өзүнчө турчу. Ал такси айдап иштечү. Кээде такси кызматын көрсөтүп аэропорт тарапка, шаарга, райондогу башка айылдарга кетчү. Мурда май куюучу жайда иштеп жүрүп, ал жабылып калгандан кийин 4-5 жылдан бери таксист болуп иштеп баштаган. 4 баласы бар, эми алар атасыз жетим калышты. Эң улуусу 12 жашта, андан кийинкилери 8 жана 3 жашта. Эң кичүү кызынын төрөлгөнүнө 2 ай болгон. Келинибиз эрте жесир калды, күнү-түнү ыйлап жатат. Эми ага 4 бала менен оор болот.
Өзүм 71 жаштамын. Эгиз уулдарым 7 жашка чыкканда Казакстандан көчүп келгенбиз. Балдарымдын баары ошол жакта туулган. Бирок бул жактан мектепке барып, кийин Кыргызстандын жарандыгын алышты. Балам эч кандай бизнес же башка иш менен алектенчү эмес, такси айдап гана акча тапчу. 5-6 жылдан бери баштаган үйүн куруп бүтө албай жүргөн. 4 баласы менен 2 бөлмөлүү үйдө жашашчу. Тар болгондуктан балдарга өзүнчө бөлмө, анан зал кошуп улап салайын деп жаткан. Интернетте жана башка маалымат каражаттарында "Кытай жараны болгон, бизнесмен, Түркияга акча которуп иштеген" деп жазылган маалыматтардын баары жалган. Эгер ошондой болсо такси айдап иштеп жүрбөй, үйүн эчак бүтүрүп, үй-бүлөсүнө шарт түзүп алмак.
Айпери Хожаева
koom@super.kg