ДОСТУККА КЫЯНАТ (Кыйышпас достор, достуктун бузулушу, сүйүү үч бурчтугу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Эржан канчалык аракет кылбасын, Аселдин Максатка жар болгонун моюнга ала албай жатты. “Кантип эле?” деген суроону өзүнө миң жолу берип, миң жолу жоопсуз калат. Үч күндүн ичинде кадимкидей жүдөп, чүнчүп кетти. Бир жагынан сүйүктүүсүн тарттырып жиберүү, экинчи жагынан элдин күбүр-шыбыры намысына тийип жатты. “Кадырбектин баласынын сүйлөшкөн кызын өйдөңкү айылдагы Эргештин баласы ала качып келсе, отуруп калган имиш” деген кеп айылды дуу каптап, элдин эрмегине айланды. Элдин оозун жаап болобу? Бул күбүр-шыбыр Эржандан да энесине катуу тийип жатты. Атасы мүнөзү түнт, оңою менен ачылып сүйлөбөгөн киши. Советтик доордо тарбияланганы үчүнбү, айтор, анча-мынча кыйынчылыкты этибар албаган, үйдөгү майда-чүйдө ишке кийлигише бербеген, сүрдүү адам. Бир чети уулуна боору ооруп, бир чети тигинтип үйдөн чыкпай бүк түшүп жатканын жактырбады.

– Атаңдын оозун урайын. Болор иш болду, эмне эле шөмтүрөйт бу бала? Кыз куруп калгансыбай турсун да, сарайдын ичин тазаласын. Ушинтип жата береби? Окуусу эмне болуптур?- бир күнү атасы чыдабай аялына ушинтти. Апа кайда болсо да баласын калкалап жүрөт экен го. Эржанга болушуп кетти.

– Азыр сен экөөбүздүн заман эмес, абышка. Тим кой, бир аз күн жата турсун, оңой дейсиңби? Ызасы тараса турар. Элдин кеп-сөзү да жетишет, экөөбүз өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбай жөн туралы.

Сөз жөндүү болгондуктан абышкасы унчуга албады. “Эк, мейличи” дегендей кол шилтей сыртка чыгып кетти. Апасы оор үшкүрүнүп алды.

ххх

Аселди жаңы үй-бүлө жылуу тосуп алды. Эртең менен эрте туруп чай даярдайт, үй жыйнайт, өзөндөн суу алып келет, бөлмөлөрдүн чаңын сүртөт, айтор, кадимки айылдагы жашоонун агымына түштү. Жаңы келин айылдаштарга кызык эмеспи. Аселдин ар бир кыймылын, кийген кийиминен өйдө коңшу-колоң сөз кылып, “тың көрүнөт, бир үйдү көгөртө турган келин болчудай” деп мактап да, суктанып да жатышты. Суу алганы барса, көчөдөгү боз балдар ышкырып, таңдайын такылдата тийишип сүрдөтүшөт. Бир жолу эки чакага суу көтөрүп келатса, жол боюндагы топ жигит тамашалап тийишип калышты.

– Жеңе, сууңуздан ичип алсак болобу?- деди бири күлүмсүрөп. Асел эмне дешти билбей калды. Ооба же жок дей албай шашкалактады. Ошондо жолдун аркы жээгинен берки жээгине өтүп, дарбазага жетчү бир нече кадамдык жол бир нече чакырымга созулуп кеткенсиди. Муну короонун ичинде мал жайгарып жүргөн Максат байкап калып, “эч нерсе эмес, жаңы келин жигиттерге кызык көрүнүп жатат да. Биз дагы жаңы келген далай жеңени сүрдөттүк го” деди мактана. Анын бул сөзүнө Асел унчуккан жок, бир аз жылмайган болуп басып кетти. Келгенине бир аптага жакындап калса да, Асел Максатка көнүшө элек. Күйөөсү көзүнүн кареги менен тең жарыша айланып, улам көңүлүн сурап, үй иштеринде жардамдаша калып жатса да жүрөгүнүн түпкүрүндө аны күйөө катары биротоло кабыл ала албай турду. Муну Максат деле байкады, бирок ал баарына кайыл болчу. Бир кезде кол жеткис арзуусуна айланган кыз бүгүн жубайы, апасынын ак жолтой келини. Салыңкы кабагы бир күнү ачылат, таарынычы бир күнү жазылат деп өзүн сооротот. Бир күнү уйкуга жатышканда Максат минтти:

– Асел, билем, мага таарынычың бар. Бирок түшүн, тагдырдан кача албайбыз. Мындан ары экөөбүз бир үй-бүлөбүз. Өткөндү эстеп, өзүңдү да, мени да кыйнай бербе. Эл эмне десе дей берсин. Мен сени сүйөм, сени бактылуу кылууга бүт күчүмдү жумшайм.

– Болуп өткөн окуяларды унутуу оңой болбойт. Сен деле түшүнүп турасың да,- Аселдин көзүнө жаш тегеренип кетти. Максат аны сооротуп, көзүндөгү жашты сүртүп жүзүнөн акырын өптү.

ххх

Бир күнү Эржан таң үрөң-бараңда турду. Ызасы биротоло тарай элек эле. Үч күндө ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры тагдырга моюн сунуп берди. Болгону досу Максатты биротоло жашоосунан чийип таштагысы келди. Аны менен жолугуп, эч ким жок жерде “эркекче” сүйлөшүп алууну, ошону менен бул окуянын барагын биротоло жабууну чечти. Кечинде Максатка барууга камына баштады.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aima94
2019-11-11 11:04:13
Максат ХХХХ
+1
№ 888, 7-13-ноябарь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан