Кудайберди Айтбосунов, ырчы: “АПАМА ОКШОШ ЖУБАЙЫМ БОЛСО ДЕП КЫЯЛДАНЧУМУН”

SUPER TV каналы уюштурган “Жылаңач баатыр” реалити-шоусуна катышып, финалга чыгып, далай кыздардын жүрөгүнө чок салган ырчы Кудайберди Айтбосунов үйлөндү. Бишкектеги ресторандардын биринде өткөн үйлөнүү үлпөтүндө коноктордун басымдуу бөлүгүн шоу-бизнес өкүлдөрү түзүштү.

1. Тойдун көшөгөсү бий менен ачылды. Андан соң күндүн күнөөкөрлөрүнүн эл алдына чыгуу маалы келди. Динара Акулова жар-жар айтып, жубайларды ортого алып чыкты.

2. Бири уулун үйлөндүрүп жетине албай сүйүнсө, экинчиси кыз берип ичи ачышып турган куда-кудагыйлар. Солдон оңго: Кудайберди Айтбосуновдун атасы Кылычбек Айтбосунов, апасы Светлана Жеткинбаева, кайненеси Анара Жээнбекова, кайнатасы Рамазан Шадыбеков.

Светлана Деркембаева: – Биз, энелер баланы 9 ай курсагыбызда, 3 жыл колубузда, өмүр бою жүрөгүбүздө көтөрөбүз да. Кенжетайымды үйлөндүрүп кубанычым жүрөгүмө батпай турат. Ырчынын кайнене, кайнатасы коңшу Казакстандын Тараз шаарынан келишкен. Алар Таразда отурукташып калган кыргыздар.

Анара Жээнбекова: – Жүрөгүмдөгү сезимди сөз менен жеткире албайм. Эки балам эми үчөө болду. Айчүрөк жалгыз кызым. Жакшы жерден куда күткөнүмө кубанычтамын. Балдарым бактылуу болушсун.

3. Жаш жубайларга актёр Эмил Эсеналиев менен анын жубайы өкүл ата-өкүл апа болушту. Эмил мырза ушуну менен 3-ирет өкүл балалуу болуп отурат:

4. Үйлөнүп коюш бат эле. Андан ары бактылуу жашаш силердин колуңарда. Бактылуу болгула. Жаш жубайлар Султан Садыралиевдин “Ак жүрөк” ырынын коштоосунда бийлешти.

5. Адаттагыдай эле тойдун көпчүлүк бөлүгү каалоо-тилек айтуу менен өттү. Коноктор менен бийчилерди бийлеткен оюн тойго шаң берди десек болчудай. Коноктордун арасынан каалоочулар чыгып, ар бирине бийчилер “белекке” берилди. Аз убакыттын ичинде бийчилер өз жуптарына бийлегенди үйрөтүштү. Бир конок менен бир бийчиден түзүлгөн жуптар тойдун катышуучуларына кызыктуу бий тартуулашты.

6. Жакшылыкка күбө болушкан шоу-бизнес өкүлдөрү катары менен ырдап тойду шаңга бөлөп жатышты. Сайкал Садыбакасова, Арсен, Мирбек Атабеков, Абир Касенов, Аско жана башка бир топ ырчылар жаш жубайларды куттукташты.

7. “Жылаңач баатыр” долбоорунун катышуучулары да конок болуп, шаңдуу отурушту.

8. Ырчынын продюсери Лутфилла Бусурманкул уулу: – Кудайбердинин атын чыгарыш үчүн көп эмгек кылдым. Өз баламдай болуп калды. Ичим ачышып жатат. Чыгармачылыкта бир топ пландарыбыз бар эле. Келишим боюнча, үйлөнбөшү керек болчу. Мындан ары иштешебизби же жокпу, аны так айта албайм. Эки жаш бактылуу болушсун.

9. Той эки жаштын сүйүү баянынан, торт кесүү, ата-энелерине ооз тийгизүү, келиндин курбуларына гүлдесте ыргытуу салттарынан кыйгап өткөн жок. Аксакалдардын батасы менен ырчы Кудайберди Айтбосунов менен анын жубайынын жашоосундагы маанилүү күндөрдүн бири көшөгөсүн жапты.

Блиц-маек

КУДАЙБЕРДИ АЙТБОСУНОВДУН ЖУБАЙЫ АЙЧҮРӨК РАМАНКУЛОВА: “БАРДЫК КЫЗДАРГА УШУНДАЙ БАКЫТ КААЛАЙМ”

– Куш бооңор бек болсун! Татынакай эки жаш бири-бирин эмнеси менен жактырып калышты?

Кудайберди: – Мен дайыма апама окшош колукту алсам деп кыялданчумун. Кудайдан эмнени сурасаң, ошону берет экен. Шүгүр, мага Кудай сураганымдай сонун жубай берди. Ыймандуу, түшүнүктүү, жөнөкөй, адамгерчиликтүү, конок келсе мышыгын какпаган жана бир топ сапаттары менен апама окшош жар алып кубанып турам.

Айчүрөк: – Мен бир көрүп жактырууга ишенбейм. Кудайберди экөөбүз башында дос болуп жүрдүк. Кийин гана аны жакындан таанып, жакшы адам экенин билгенден кийин жагып калды. Ортобуздагы достук жана кыз-жигиттик мамилени камтыган 4 жыл баш кошуубузга себеп болду.

– Жакшы экен. Айчүрөк, баш кошконуңарга 10 күндөн ашты. Келиндик доор кандай жүрүп жатат?

А.: – Мага жагып жатат. Келиндик кызматты мыкты аткарып жатам десем туура эмес болуп калат. Жетишерлик деңгээлде аткарып жатам деп ойлойм. Көп кыйналган жокмун. Мындай учур ар бир кыздын башынан өтүшү керек. Бардык кыздарга ушундай бакыт каалайм.

– Бүгүнкү сезимдериңерди сүрөттөп бергилечи...

К.: – Менде “Жылаңач баатыр” долбоорунун финалындагыдай толкундануу бар.

А.: – Сейилдөө учурунда толкунданган эмесмин. Ресторанга кирип, элди көргөндө башкача толкундануу башталды. Бүгүн бизге айтылган каалоо-тилектер кабыл болсун деп тилейбиз.

– Бактылуу болгула!

Перизат Музуратбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кудайберди Айтбосунов Эмил Эсеналиевди өкүл ата шайлады. Тойдон репортаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
mela
2019-11-11 12:54:43
Ииии ата-энеси инстаграмдагы «кучакташып койбойсунарбы»-деген видеоннун каармандары го.Сонун адамдар экени жуздорунон корунуп турат.
0
Tolik777
2019-11-12 14:27:33
Лютфиллан дурайын, уйлонбош керек эле дейт, аны аркандап алып эмне кыласын? Деги эле муну ырчы экенин ким билсин. Уйунордо оокат кылгыла. Чоптон ырчы коп.
+4
Gulnazza92
2019-11-12 17:42:07
ушул продюсерлерди эч тушунбойм да тойго чакырса бар тамагынды ич ойно кул, анан не кылат элге жарыя кылып келишим боюнча уйлонбош керек эле деп, кийин иштешебизби же жокпу так айталбайм деп андай оюн болсо не барасын кайра суйунбойсунбу уйлонгонуно эгер ал ырчылыкка берилсе озунун кучу жетсе продюсери жок эле ырдап кетет омур бою келишим боюнча уйлонбошум керек деп журо бермек беле.
+3
№ 888, 7-13-ноябарь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан