БЫЧАК МИЗИНДЕГИ ЖАШОО. Жаңы сериал

Жаздын күнү болчу. Кытайдын чек арасынан бери эки фураны эки машинада коштоп келатканбыз... Бир маалда рациядан биз коштоп келаткан фуранын айдоочусу Игордун үнү чыгып калды:

– Менттер, балдар. Токто деп белги берип жатышат.

Рацияны алдыдагы Рустамдын колунан жулуп алдым. Артты карасам, бир да машинанын жарыгы көрүнбөйт. Бул жерде токтош кооптуу болчу.

– Игорь, булар ГАИ эмес, токтобо, катуу айдап өтүп кет.

– Самат, өтүп кете албайм. Автоматтар менен турушат.

– Макул, анда. Токтой бер. Биз өтүп кете беребиз да, бурулуштан кийин токтоп жөө кайтып келебиз. Ага чейин алаксыта тур...

Саматтын бактылуу жай турмушу атасы каза болуп, үйүн банк тартып алганда кыйрады. Тиричилик түйшүгү аны Казакстанга алпарып, таптакыр башка жашоого кошту. Сынады, коркутту. Бирок Самат жалгыз таянары – апасынын жакшы жашоосу үчүн баарына чыдоого аргасыз эле.

Жакында... "Супер-Инфодо" жаңы сериал
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Eliza83
2019-11-20 20:23:35
Кана эми баштабайсынарбы, реклама кылып коюп отура бербей...
+1
№ 889, 14-20-ноябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан