Ар бир тармактын жыл сайын чыгарган жыйынтыгы болот. Биз өлкөдө быйыл болгон резонанстуу кылмыш иштеринин дагы жыйынтыктары менен тааныштыралы деп чечтик. Кайсы окуя кандай аяктады, күнөөлүүлөр жазаландыбы же оңой кутулуп кеттиби деген суроолорго алдыда жооп издейбиз.
ПРОКУРОРДУН ӨЛҮМҮНӨ АЙЫПТАЛГАН АДАМ ӨМҮР БОЮ ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ
Алгач 2018-жылдын аягында катталып, сот иштери 2019-жылы аяктаган окуяларды эске сала кетели.
2018-жылдын 18-ноябрь күнү Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун чала өрттөлгөн сөөгү тоо арасында, Таңги-Өтөк участкасынан табылган. Анын өлүмүнө шектелип Баткен облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин «киши өлтүрүү» беренесинин негизинде иш козголуп, 2019-жылдын 7-майында сот жараяны башталган. Сот иштери бир нече айга созулду. Маркумдун атасы баласынын өлүмүнө шектүү жарандын ишин сот органдары акыйкат карап берүүсүн суранып, ага гезит бетинен орун бергенбиз. Ушул эле мезгилде айыпталуучунун жакындары укук коргоо органдары ишти акыйкат карабай, күнөөнүн баарын жалгыз Мелис Калыковдун моюнуна илип коюшту деп нааразы болуп чыгышканын да жазганбыз.
27-ноябрда Ош шаардык сотунун чечими менен айыпталып жаткан Мелис Калыков күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды.
АЯЛДЫ 4 ЖАШАР НЕБЕРЕСИ МЕНЕН КОШО ЗОРДУКТАГАН АДАМ СОТТОЛДУ
2018-жылдын 21-декабры. Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Көк-Ой айылында үрөй учурган окуя катталган. Милицияга аталган айылдагы үйлөрдүн бири өрттөнүп жатат деген маалымат түшөт. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, өрттөлгөн үйдөн 3 адамдын жансыз денесин табышкан. Үйдүн ээси 47 жаштагы А.Э. аттуу аялдын сөөгү өрт чыккан бөлмөдөн, анын 2 небересинин жансыз денелери башка бөлмөдө төшөктө жаткан абалда табылган. Алгачкы иликтөө иштеринин жыйынтыгында үй ээси жана анын 4 жаштагы небереси зордукталып, андан соң муунтулуп өлтүрүлгөндүгү, 7 жаштагы небереси дагы муунтулуп өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында бул кылмышка шектелип ошол эле айылдын Ш.К. аттуу 29 жаштагы тургуну кармалган. Ал тергөө учурунда кылмышты толугу менен моюнуна алган.
2019-жылдын 25-март күнү Жумгал райондук соту бул кылмышка айыпталган жаранды өмүр бою эркинен ажыратты. Ошондой эле жабырлануучу тарапка 180 миң сомдук айып төлөөгө милдеттендирилди.
НИГЕРИЯЛЫК ЖАРАНДЫН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТҮҮНҮН ИШИ СОТТО
2-июлда социалдык тармактарда Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун аймагында чет элдик жарандын бирөөдөн токмок жегени тартылган видео тараган. Видеодон муштумдан алган жаракатынан улам жаран жерде сулап жатканын көрүүгө болот. Жабырлануучу ооруканада 3 күн эс-учун билбей жатып каза болуп калды. Маркумдун нигериялык экени, ал Кыргызстанда тил үйрөтүү боюнча мектеп ачып 20 жылдан бери биздин өлкөдө жашап келген Али Абубакар аттуу адам экени белгилүү болду. Ал 2008-жылдан бери Бишкекте Cambridge School тил үйрөтүүчү мектебин иштетип келген.
Тергөө бүтүп, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна октябрь айында документтер келип түшкөн. Бүгүнкү күндө иш соттук кароодо экени кабарланды. Ал эми кылмышка шектелип кармалган жаран учурда СИЗО-1де камакта.
ЫСЫК-КӨЛДӨ 2 АДАМДЫ АТЫП ӨЛТҮРҮП КАЧЫП КЕТКЕН АДАМ КАРМАЛА ЭЛЕК
5-июль күнү кыргыз маалымат айдыңын үрөйдү учурган окуя тууралуу кабар каптады. «Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Хан-Теңири лагеринде бир адам эки кишини атып өлтүрүп, бир аялды барымтага алып качып кетиптир» деген маалымат желдей тарады. Көп өтпөй кылмышка шектүү адам аталган лагердин кароолчусу экени милиция тарабынан маалымдалды. Каза болгондордун бири, маркум Дөөлөт Азимкулов лагерде жетекчинин орун басары болуп иштеген. Маркумдун эжеси Гүлмира Азимкулованын айтымында, издөөдө жүргөн адам ошол күнү ашканага кирип арак сураган. Ал ошол маалда эле куралды артына ката кирип, тамактанып отурган малчыга кезеген. Ортого аралашкан Азимкуловду атып, андан соң арачыга түшкөн дагы бир адамды атып салган. Мылтыктын үнү угулганда ошол жерде станцияда чума боюнча изилдөө жүргүзүп иштеп жүргөн аял ашканага чуркап келген. Кароолчу бир нече шише арак алып, атты токуп, берки аялды «мени менен барасың» деп алдына салып алып токойду көздөй кирип кетет. Аялдын айтымында, аны таң аткыча арак ичирип кыйнаган. Экөө ал жерден арак ичишет да, эртеси күнү аялды коё берип, өзү андан ары кетет.
Ысык-Көл ОИИББинин басма сөз кызматынын берген маалыматына таянсак, бул кылмышка шектелип издөөдө жүргөн Сергей Смирнов ушул күнгө чейин табыла элек. Ага эл аралык издөө жарыяланган.
ИНИСИН БЫЧАКТАГАН 13 ЖАШАР КЫЗДЫН ИШИ ТОКТОТУЛДУ
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Каңды айылында 8-июль күнү 11 жашар бала бычакталып каза тапкан. Милиция окуя болгон үйгө барып, денеси бычак менен бир нече жолу кесилген абалда, колу-буту скотч менен оролгон С.Анын жансыз денесин табышкан. Бул кылмышка шектелип ушул эле үй-бүлөнүн 13 жаштагы кызы кармалган. Ал өз көрсөтмөсүндө иним менен уруша кетип мал сойгон бычак менен бычактап салдым деп айтып берген.
Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул окуя боюнча кылмыш иши токтотулган. “Жаңы кодекс менен караганда кылмыш жоопкерчилигине тартылуу 14 жаштан башталат. Учурда кызга психиатриялык экспертиза дайындалган. Ал реабилитациялык борбордо. Бирок анын жыйынтыгы кандай болгонуна карабай, кыз жоопко тартылбайт",- деп билдиришти облустук милициядан.
2 АДАМДЫ БЕТИНЕ СЕКИРИП ТЕПКИЛЕГЕН ШЕКТҮҮЛӨР СИЗОДО
28-августта Бишкектин Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде үрөй учурган кылмыш орун алган. Окуянын видеосу интернетке тарап, коомчулук аны кызуу талкуулады. Анда 2 жаранды башка 2 жигит эс-учун жоготкончо сабап, эси ооп жаткандарды бети-башына секирип, тепкилегенин көрүүгө болот. Видеодо экөөнү сабап салгандар бейкапар унаасына түшүп кетип калышат. Бул ур-токмокко шектелген 2 жаранга издөө салынып, эмнегедир экөөнү кармоо бир нече күнгө созулуп кетти. Бул арада алардын милицияда иштеген агасы бар экендиги тууралуу маалымат тарап, Бишкек ШИИББи бул маалыматты тастыктады. Көп өтпөй эки чоң муштум Бишкек милициясынын имаратына түн жарымда өздөрү кирип барып колго түшүп бергени тартылган видеосу тарады. Оор абалдагы жабырлануучулар ооруканага түшүп шектүүлөр Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков камакка алынышкан. Учурда алар СИЗО-1де камакта жатат. Ал эми эки инисин кылмыш жоопкерчилигинен калкалаган деген жүйө менен Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери Казыбек Бапышев да камакка алынган. Бишкек шаардык сотунун берген маалыматына таянсак, шектүүлөрдүн камактагы мөөнөтү 31-декабрга чейин узартылган. Ал эми Казыбек Бапышевдин УКМКнын СИЗОсундагы мөөнөтү 2020-жылдын 6-январына чейин узартылган. Сот иши баштала элек.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg