«САГА СҮЙҮҮ БЕРЕ АЛСАМ...»

Сүйүү дейбиз. Ары жагында эмне бар экенин аңдай албайсың. Жүрөгүң өзүнөн-өзү жай таба албай кыйналасың. Ыйлайсың, кубанасың, кайгырасың. Жооптуу сүйүү болсо жакшы, а жоопсуз сүйүүчү? Деги сүйүү деген бул кандай сезим?

Акылым менен анын сезимдерине жооп берип, сүйүп, камкордугуна камкордук менен жооп бергим келет. Бирок колумдан келген жок. Ар бир жолугушуу жакындатпай эле, тескерисинче, кыжырымды келтирет. Анда кеп башынан болсун.

Үйлөнүү тойдо жүргөм. Тыныгуу жарыяланып, баарыбыз бийлеп жатканбыз. Бир кезде жаныма жапыз бойлуу бир жигит келип бийлемиш этип суроо узатып калды. Эч нерсе оюмда жок эле суроолоруна жооп бердим. Чала-бучук таанышканбыз. Ал жигит эсимде деле калмак эмес. Телефон чалууларга жооп бербей койгон мүнөзүмдү байкаганбы, айтор, тойдун эртеси күнү жалпы тааныштарыбыз чалып, аны катуу жарнамалашты. “Чалат, албай койбой таанышып көр, сөзсүз жолугуп көр” деп аябай өтүнүштү. Кечинде алар табыштаган, тойдо таанышкан жигит чалып калды. Тилимди тапкансыды. Телефон аркылуу сүйлөшүп калдык. “Ушунча жарнамалашкан жигитти көрүп көрөйүнчү” деп жолугушууга макул болдум. Белгиленген убакытка мен жашаган дарекке такси чакырып койгонун айтты.

Колуна букет роза гүл көтөргөн элпек жигит тосуп алды. Негизи мага жигит менен жолугуп, гүл алуу деген нерселер такыр жакчу эмес. Бирок “мамиле күтүү мага да керек болуп жүрбөсүн?” деп бул ирет аракет кылдым. Сүйлөшүп отурдук. Бул жолугушуунун эртеңи барбы-жокпу белгисиз эле. Чынын айтсам, менде кыпындай да жактыруу сезим пайда болгон жок. Буга чейин кыздардан “карегим менен тең айланат, айтканымдан чыкпайт” деп жигиттердеги мындай сапатты жактырбай келгенин көп эле угуп жүрчүмүн. “Сүйүү – бул камкордук” дешкени менен, камкордук деле сүйдүрө албайт экен. Ал ушунчалык камкор, күйүмдүү. Ар бир кадамыңдан кабардар болуп, эмне маселең болсо чечип берүүгө ашыгып, жөн эле аярлап, канатына калкалап алгысы келип турат. Биздин мамилебизди түптөөгө далалат кылып жатканын көрүп, бир топ убакытка чейин “дагы бир жолугуп көрөлү, балким, жактырып калармын” деп үмүт кылып жүрдүм. Мүмкүн эмес экен, жүрөккө, сезимдерге буйрук бере албайт экенсиң. Эгер акыл менен башкарууга мүмкүн болсо, ал адамга карата бир аз да болсо сүйүү, эч болбосо жактыруу пайда кылып алмакмын. Көп убакыттан бери мамилебиз от албай келгени үчүн аны күнөөлөбөйм. Ар бир кылган жиндилигиме чыдаганы үчүн күнөөлөймүнбү же ооруп калсам түн болобу, күн болобу дары көтөрүп жетип келгенин, камкордугун күнөөлөймүнбү? Кантип?

Деги эмне кылыш керек? “Кет” деп кубаласаң да айланчыктап, сен үчүн бардыгына кайыл болгон, дем алып жатканыңа кубанган адамдын сезимин жүрөк кургур кабыл албаса эмне кылыш керек?...

Айдана

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
alisha00
2020-01-06 10:51:54
Качыш керек. Жүрөкө буйрук берип болбойт да.
+4
KAREGLAZAYA_VOLCHICA
2020-01-06 11:01:32
Кетип калганда билесин суйуу эмне экенин. Ана мына деп жургондо журок качан эле суйуп бутконун.
+6
Apamdynkyzy
2020-01-06 12:10:17
Журокко буйрук берип болбойт...
+3
Bulak25
2020-01-06 18:56:57
Макул болуп тийип ал,Чыныгы суйуу никеден кийин болот.Мен гарантия берем.
Эртен кеткенде бармагынды тубунон тиштеп отурасын, аттин кыласын.Бактын ачылсын...
+3
Ainaz05
2020-01-06 21:41:00
Сиз сүйгөндү эмес, сизди сүйгөндү тандаңыз! Балким таптым деген сүйүүңүз мынчалык кадырыңызга жетпейт, ошондуктан колдо бар алтынды аздектеңиз!
+4
bulathan
2020-01-07 15:59:57
ушунтип берилип суйгон балдар барбы чын эле
0
№ 896, 2-8-январь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан