БЫЧАК МИЗИНДЕГИ ЖАШОО (Тынч жашоосу күтүүсүз бузулуп, Казакстанда оор күндөрдү баштан кечирген жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Учак айылдын тоо тарабына конбойт, тегиз эмес. Дабыш тыңшап бир аз турдум да, көл тарапты көздөй жөнөдүм. Дарак өспөгөн тегиз талаа бар экен, бетиндеги карды шамал учуруп кетиптир. Бир консо ушул жерге конот деп ойлодум. Тонума оронуп, өтүгүм менен эки бутумду алмак-салмак тепкилеп коюп күтүп жаттым. Ар нерсени ойлойм, Карагандада эмне болуп жатты экен? Бир маалда дырылдаган үн чыгып, асмандан самолёт көрүндү.

Жерге конору менен аны көздөй жүгүрдүм. Ичинен бир адам колун созуп тартып алды да, дароо эле кайра учуп кеттик. Тартып алган адам экинчи учкуч окшойт. Самолёттун ичи жылуу, жасалгасы кадимки жүргүнчү ташыган бусиктердин ичиндей эле экен. Чарчагангабы көзүм илинип кетиптир, самолёт конуп, тегиз эмес жерде калдырап-шалдырап баратканда ойгонуп кеттим. Бийик тоолордун арасындагы кенен жайык жерге конуппуз. Караганданын тегерегинде мындай жер жок эле. Самолёт жарым чакырымдай жүргөндө алдында чоң багы бар, короосу бийик дубал менен курчалган үч кабаттуу үй көрүндү. Учак үйгө жакын барып токтоп, учкуч мага буйрук бере сүйлөдү:

– Түш, ушул жерде каласың.

Мен түшөрүм менен кайра учуп кетишти, оозум ачылган бойдон самолётту тиктеп кала бердим. Күн ачык, тоонун арасы болгонгобу шамал жок, жылуу жер экен. Аңгыча үйдүн дарбазасы ачылып, ичинен кара Хаммер чыкты. Айнектери караңгылатылган, рулда ким экени көрүнбөйт. Менин жаныма келип токтоп, алдыңкы эшиги ачылды да, рулдагы киши "отур, Самат" деди.

– Бул үй Адылдыкы. Ал өзү саат экиде чалат, сүйлөшүп аласың, өзү түшүндүрөт калганын.

Айланасы калың бак экен, ортосунда үч кабат заңгырган үй, алдында суусу жок бассейн. Гүлдөр эгилиптир, кар басып жатат. Үйгө кирсек эки аял жүрүптүр, мени көрүп бири:

– Кандай, Самат? Кыйналбай келип алдыңбы?- деп калды.

– Жакшы, келдик,- дедим кыска.

Мени ээрчитип келген киши берки аялга карап:

– Жайна, Саматка душту көрсөтүп кой, жуунуп алсын,- деди да, мага "кийимдериңди чечип бер, жууп коюшсун, мен бир аздан кийин келем" деп чыгып кетти. Экинчи кабаттан жакшынакай кыз түшүп келатып мени бир саамга таң кала карап калды да, баш ийкеп жанымдан өтүп кетти. Жашы 18 жаштын тегерегинде. Алаканы менен мурдун жаап, эшикке чыгып кетти. Жайна эже сыр бербей үйдүн терезелерин ача баштады. Өзүмө билинбегени менен, кой жыттанып калган окшойм.

– Жүрү, Самат, жуунуп ал. Мени Жайна эже дей бер, тигиге (кызды айтып жатат) көңүл бурба. Шашпай жуунуп чыга бер, чыкканыңча ысык шорпо даярдап коём,- деп душту көрсөтүп чыгып кетти. Джакузи, буу бөлмөсү, кооз жасалга, айтор, сонун. Эки саат суудан чыкпай жаттым. Футболка, шорты, тапочка даярдап коюшуптур. Душтан чыксам, Жайна эже күтүп турган экен, ээрчитип ашканага алып барды. Ашканасы да укмуш жасалгаланыптыр, түстүү жарыктары күйгөн мен мурда көрбөгөн бир түшүнүксүз аппараттар турат. Тамактанып бүткөн соң Жайна эже мени экинчи кабаттагы бир бөлмөгө ээрчитип барды.

– Бул сенин бөлмөң, ачкычы мына, өз үйүңдөгүдөй кенен жүрө бер.

Дароо дивандын үстүнө куладым. Бир убакта Жайна эже келип "телефонго" деп чакырып калды, Адыл ага экен:

– Алло, Самат?

– Угуп жатам, Адыл ага.

– Самат иним, сөзүмдү бөлбөй угуп тур. Үч-төрт ай ошол жерде жашап турасың эми. Башка айла жок, сага бүт Казакстан боюнча издөө жарыялашты. Азыр сага эң эле тынч, коопсуз жер ошол үй. Ал жерди мен, Серик, анан учкучтар эле билчү, эми сен да билесиң. Башка жан адам билбейт, түшүндүң да?

– Түшүндүм.

– Азыр сага Арсен түшүндүрөт баарын. Каякта экениңди айтпа, өзү деле сурабайт,- деп унчукпай калды. Бир аздан кийин Арсен алды трубканы:

– Кандай, Самат, тынчсыңбы?

– Жакшы, Арсен, эмне болуп жатат? Өзүңөр тынч элесиңерби?

– Тынч эле, силерге кол салгандар ким экенин билдик. Ментурадагы адамдар айтышты, сенин сүрөтүң да чыкты, бирок коркпо, таанылбайсың. Жайсаң экен баарын уюштурган, баягы Келемишчи. Жаңы аким азырынча бизге каршы, ошонун адамдарына Келемиш өзү барыптыр. Кечээги КамАЗдын астына кирип кеткен ак Мерстин ичиндегилердин бири Келемиш экен. Сага өчөшүп калыптыр да акмак, атайын сенин фураңа кол салышыптыр. Азаматсың, уктук баарын. Тигилердин бирөөсү да тирүү калбаптыр. Макул эми, калганын кийин айтам. Иштер бир жактама болсун, бир пландар бар дейт Адыл ага.

– Менин машинамдагы жигиттер эмне болушту?

– Алар жакшы, эч ким таппайт аларды. Жеке менчик ооруканада дарыланып жатышат. Макс, Русиктер... Эми ишибиз ушундай экен, арга жок. Адыл ага балдарды жөнөттү, аларды жерге беришет. Алардын ата-энелерине акча берди. Ал эми фура келген, азыр базада.

– Фураны алып кетишпептирби?

– Жок, айдоочу эч нерсеге карабай айдап, жакынкы айылга барып бизге кабар берген экен. Ал аймакка жакын жердеги биздин балдар жетип барып, алып келишти базага. Эми сөз мындай, сени үч-төрт айда актап чыгабыз, "жолдору бар" дейт Адыл ага. Айлыгыңды мен ай сайын апаңа которуп турам. Алдагы телефондон чалып үйүңдөгүлөр менен сүйлөшүп турсаң болот. Бирок окуя тууралуу айтпашың керек. Мен да билбейм сенин кайда экениңди. Сенин фотороботуң эле бар менттерде, үстүңдө тон, башыңда кулакчындары чечилип кеткен тумак, колуңа тапанча кармап басмачыга окшоп чуркап жүрүптүрсүң. Ха-ха-хаа... Тамаша, Самат. Сени бирөө сүрөткө тартып алган экен, бирок тумагыңдан бетиң көрүнбөптүр деле. Фотороботуң да такыр сага окшобойт. Ошондуктан коркпосоң деле болот. Болду, Самат, көп сүйлөшө албайм, досум. Этият бол каякта болсоң да,- деп трубканы койду.

Эртеси эрте туруп үй менен таанышып чыктым. Короонун ичиндеги бакча беш гектардай бар го, короону айлантып тикенектүү кара өрүк тигилиптир. Аралыгы жыш тигилгендиктен, бири-бирине бутактары чырмалышып, арасынан адам эмес, чычкан өтө алгыс. Андан кийин кожогат, бүлдүркөн эгилиптир, булар да тикендүү. Мындан башка да дарактын көп түрлөрү бар экен. Айтор, короонун бир жеринен ашып өтүү мүмкүн эмес.

Дарбаза да калың темирден жасалып, жабылганда үч бурчтук болуп жабылат экен. Түшүндүм, мындай дарбазаны машина менен сүзүп кире албайсың.

Үй короонун так ортосуна курулуптур. Үй, бассейн бийиктиги төрт метрлик темир кашаа менен курчалып, дагы бир дарбаза коюлуптур. Бул үйгө кирүү оңой эмес экени көрүнүп турат.

Түшкө жакын үйгө кирсем баары тамактанып отурушуптур, эки эркек, эки аял, кечээ мени жактырбай карап өткөн кыз. Кыш мезгили болгондуктан сыртта иш жок, үйдөгүлөр сыртка деле чыгышпайт экен. Тамак үстүндө баары менен тааныштым.

Адыл аганын апасы туугандарыныкына кетиптир. Үйдө күйөөсү-аялы болуп эки үй-бүлө жашайт экен. Аялдардын милдети – Адыл аганын апасын кароо, тамак бышыруу, айтор, үй ичиндеги иштер менен алектенүү. Ал эми эркектери короо-жайды карашат. Эркектердин биринин аты Аскат, экинчиси, жаңы келгенде тосуп алганы Расул экен. Дагы бир эже атын Анар деп тааныштырды. Тиги кыз Адыл аганын таякесинин кызы экен, кичинесинен Адыл аганын апасынын колунда чоңоюп, кыскасы, ушул үй-бүлөнүн кызы болуп калыптыр. Аты Асел экен.

Тамактанып бүтүп бөлмөмдө жатсам Расул ага телевизор көтөрүп кирип келди:

– Бул жер кышында ушундай, зериктирет. Биз го көнүп калдык, сага кыйын болот. Азыр DVD, диск алып келип берем. Алаксып убакыт өткөрөсүң, Аселде да көп дисктер бар. Бирок береби-бербейби билбейм, кыялы чорт. Этият бол, урушуп кетпегиле экөөңөр. Кемпирдин колунда өсүп, каалаганын кылып эрке болуп калган. Жер төлөдө машыгуучу бөлмө бар, кааласаң ал жакка түшсөң болот.

Эртең менен саат 10-11лерде турам, тамактанып алып кечке кино көрүп жатмай. Кечинде 2-3 саат машыгам. Кар жааса эшиктин алдын күрөйм. Баары менен тил табышып кеттим, чогуу тамактанып отуруп сериал көрөбүз. Асел да жакшы кыз экен, бара-бара дос болуп кеттик. Кээде көпкө сүйлөшүп отурабыз.

Баягы Хаммерди Асел да айдай берет экен, короонун ичиндеги бир жерге 10 тонналык идиш көмүлүп, анда толо бензин бар дешти. Насос аркылуу узун түтүк менен унаага куюп алат экенсиң. Кээде зериккенде Асел экөөбүз үйгө жакын жерде унаа айдайбыз, алыстаганга болбойт экен. Хаммер да ок өтпөс болуп атайын жасалыптыр, өзүнчө эле чакан "танк"...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Bekobala
2020-02-03 10:29:53
Дагы бир жума күтүш керек эми
+2
Shef87
2020-02-03 15:28:36
Жомок
0
manatova
2020-02-13 15:09:33
баарын бир эле алып окуганга болсо күтүп отурбай
0
№ 900, 30-январь-5-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан