БЫЧАК МИЗИНДЕГИ ЖАШОО (Тынч жашоосу күтүүсүз бузулуп, Казакстанда оор күндөрдү баштан кечирген жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Бул арада апам менен сүйлөшүп жаттым. Телефон чалып "апа, кандайсыз?" дегенге араң үлгүрөм. Трубканы алары менен ден соолугумду сурайт да айылдагы жаңылыктарды айтып баштайт. Болуп өткөн окуяларды үтүр-чекитине чейин айтып берет. Мага башкысы, апамдын ден соолугу, маанайы жакшы болсо болду. Унчукпай, сөзүн бөлбөй угуп отура берем. Акыры баарын айтып бүтүп токтойт, өзүм жакшы жүргөнүмдү айтам да, коштошом.

Арадан бир топ күндөр өттү.

Бул жерден жакынкы шаарга чейин үч жүз чакырым экен. Расул ага кээде Нивага арабасын чиркеп алып бир жактарга кетет да, үч күндөн кийин азык-түлүк алып келет. Келгениме бир айдан ашып калган, бир күнү Расул ага бөлмөмө кирип келип:

– Самат, Адылдар келатышат, эки машина менен тосуп келели. Бир аздан кийин конушат,- деп калды.

Мен Ниваны, Расул ага Хаммерди айдап алып самолёт коно турган жерге бардык. Жарым сааттан кийин баягы мени жеткирген самолёт келип, ичинен Адыл ага, аялы, эки уулу, үч кызы, эң аягында апасы түштү. Баарын үйгө алып келип таштап, Нивага толтура брезент материалдарды жүктөп барып самолёттун үстүн жаап салдык.

Бир топ күн жүрүштү, кыштын күнү болсо да бассейнге жылуу суу толтуруп түшүшөт. Кечинде баары залга кирип караокеде ырдашат. Үй ызы-чуу түшүп эле жатып калды. Күндүз Адыл аганын беш баласы тынчтык бербейт. Бири ыйлайт, бири ырдайт, бири үй ичин түп көтөрүп чуркайт, баягы жымжырттык жок, кыскасы... Менин бөлмөмө да бири-бирин кууп кирип, жулмалашат. Жиним келет, катуурак уруша да албайм. Акыркы күндөрү бөлмөмдү ичинен бекитип ала турган болдум. Кээде ызы-чуудан тажаганда эшикке чыга качам да, көпкө сыртта жүрө берем. Адыл аганын болсо үйдөгүлөр менен дегеле иши жок. Күндө эртең менен чуркайт, эки саат жер төлөгө түшүп машыгат.

Келген күнү экөөбүз көпкө сүйлөшүп отурдук, ал мага Карагандадагы кырдаалды түшүндүрүүгө аракет кылды. Азыр өтө сак болуу керектигин, ашыкча шыбырт угулбашы зарылдыгын эскертти. Мага ишенерин айтып, оор учурда жанында болгонум үчүн ыраазы экенин билдирди. Хаммерди айдатып алып Расул ага үчөөбүз аңчылыкка барабыз. Эч жакка барбаган күнү бир бөлмөгө камалып алып чыкпайт, андайда ал өзүнчө мамлекет.

Апасы алтымыштан ашып калган тың аял экен. Аялдар дээрлик ашканадан чыгышпайт. Өздөрүнчө бака-шака.

10 күн дегенде Адыл ага үй-бүлөсү менен кетти. Кетерде мени бөлмөсүнө чакырып:

– Көп болсо үч айда ишиң чечилет, сени толук актап чыгабыз. Бир аз чыдап тур, Казакстанда кенен жүрө тургандай, милиция сенден бир да кынтык таппай тургандай болуп барсын деп жатабыз. Биз сени эч качан унутпайбыз, кыйынчылыкта таштап кетпейбиз. Иним, сен эми биздин адамсың,- деди колумду бекем кысып.

Апасы Каныш апа жакшы аял экен. Дасторконго отурганда ашпоз аялга атайын эскертип көбүрөөк тамак салдыртып берип жүрдү. “Булар азыр иш десе ишке, аш десе ашка тойбой турган маалы” деп мени мактап калчу. Кээде "курсагың ачса, жатарда жейсиң" деп бөлмөмө самсы, мөмө-чөмө да алып келип берчү. Андайда Асел мени шылдыңдагансып карап күлөт.

Бир күнү Расул агадан мага жаңы паспорт берип жиберишиптир. Март айы эле, түнкү саат экилерде Жайна эже эшикти такылдатып "Самат, телефонго" деп калды, жетип барып трубканы алсам Адыл ага экен:

– Самат, сөзүмдү бөлбөй ук, иним. Азыр экөөбүз сүйлөшүп бүткөндөн кийин телефонуңар өчөт, байланыш үзүлөт... Адыл аганын шашып жатканы үнүнөн билинип турду.

– Акыбал жаман жагына оогону турат, айтып болбойт. Телевизордун антеннасын билинбей турган жеринен үзүп кой, үйдөгүлөр жаңылыктарды көрбөй турушсун. Азырынча үйдө боло бер, эгер иш жаман жагына ооп кетсе, менин атымдан сага киши барат. Эсиңде болсун, ал адамдын колунда менин бриллиант шакегим болот, ошонун айтканын кыласыңар. Ошол адам силерди куткарып кетет. Эгер колунда менин шакегим болбосо, кандай десе да ишенбе. Уктуңбу? Ким болсо да ишенбе, сак бол!

– Адыл ага, бул жерди сизден башка үч эле адам билет да...

– Самат, шакек болбосо ким болсо да ишенбе. Менин “слабый” жерим апам менен Асел. Эгер аларды кармап кетишсе мен алсыз болуп калам, ашып кетсе бир ай корго аларды. Анан баары жакшы болуп кетет,- деп дагы бир нерсе айтайын деп баратканда ары жактан кыйкырык үндөр чыгып калганы даана угулду.

– Түшүндүң да, Самат, апамдарды сага тапшырдым,- деп трубканы коюп салды.

Уйкум ачылып кетти, эми уктай албайм баары бир. Сыртка чыксам жамгыр аралаш кар жаап жатыптыр, суук. Бирөөлөр бастырып кирчүдөй сезилип, дарбазанын бекемдигин текшерип, үйдү бир айланып чыктым. Шектүү эч нерсе байкалбайт. Адыл аганын шакек жөнүндө айтканы эске түшүп туруп алды. Эгер шакеги жок бирөөлөр келсе өзүм жалгыз эмне кылам? Расул ага менен Аскат ага жардам бере албайт, алар мындай ишке аралашып көрүшкөн эмес. Же бул аймакты жакшы билбесем. Айыл арасы болсо да бир жолун тапса болот эле. Асел менен Каныш апаны чыңыртып бирөөлөр сүйрөп баратканын элестетип, денем дүркүрөп кетти.

Адыл ага жөн чалбайт эле, олуттуу коркунуч бар үчүн чалды да. Демек, жаңы аким анын бизнесин талашып, согуш башталыптыр. Мүмкүн, ушул тапта бул жакка бирөөлөр келе жаткандыр. Адыл аганын айласы кетип, таянар адамы калбаганы үчүн түн ортосунда шашылыш чалды. Ошондо оюма келди, Адыл ага мени эң ишеничтүү деп бул жакка алып келиптир. Ишенбесе башка жакка жөнөтүп жашырса деле болот эле. Мага апасынын, таякесинин кызынын өмүрүн ишенип тапшырды.

Эки аялдын тагдыры менин колумда экенин түшүндүм. Короону дагы бир сыйра айланып чыктым, бир топко айланага кулак төшөп тыңшап турдум, тынч эле. Үшүгөндө үйгө кирип жаттым, бирок уктай албадым. Оюма ар нерсе келет. Эми эмне кылам? Бир нерсени толук түшүндүм, азыр өзүмө гана ишенишим керек, жадакалса Расул агага да ишенүүгө болбойт. Оюнда эмне бар экенин кайдан билем?

Саат үчтөн өтүп калды, баары уйкуда. Биринчи кабатка түшүп антеннанын үйдөгү беш телевизорго кеткен зымын үзүп, билинбей тургандай кылып ороп койдум. Сырттан бир зым келип, үйдөгү беш телевизорго бөлүнүп кеткен жеринен үздүм да, өзүмдүн бөлмөмдөгү телевизордун антеннасына тийбедим. Машиналар жер төлөдөгү гаражда турчу, эки машинанын тең багын толтуруп бензин куйдум. Кошумча идиштерге да куюп, аларды Хаммердин артына салып койдум. Эмне болуп кетерин ким билет, он литрлик идишке таза суу алдым.

Эртең менен саат тогуздарда үйдүн чатырына чыгып айланага көз чаптырып, кайсы жерде эмне бар экенин байкаштырдым. Жуунуп алып ашканага кирсем Расул ага дубалга илинген телевизордун антеннасын чыгарып, зымдын учун тазалап жатыптыр:

– Телевизор көрсөтпөй жатат. Антеннаданбы десем жакшы эле, усилитель тынчыган окшойт,- деди.

– Усилителден окшойт, меники да көрсөтпөй жатат,- дедим сыр бербей. Саат 9 жарымда жаңылыктар көрсөтүлмөк, тамакты шашып ичтим да, бөлмөмө кирип телевизорду күйгүздүм.

Мына! Жаңылыктарда диктор адегенде эле Адыл аганын кармалганын айтты. Анын сүрөтү көрсөтүлдү, Адыл ага “уюшкан кылмыштуу топтун башчысы” деп аталып, күч органдары ага болгон күнөөнүн баарын илишти. Караганда облусунун "ханы" деп да аташты. Демек, Адыл аганы курмандыкка чалышкан экен... Түндө кармашыптыр, квартиранын кире беришинде үч бала колу-буту байланып жерде жатат. Бет капчан 2 опер кызматкери аларга автомат такап турушат. Жерде жаткан экөөсүн тааныдым, жаңы келгенде мени менен мушташып кеткендер эле. Бир бөлмөдө 4 бала жатат, беттери көрүнбөйт. Башка бөлмөдө Серик, төрдө диванда Адыл ага колу байлануу отурат. Теледен Адыл аганы болушунча жамандап, мыкаачы кылып көрсөтүштү. Адыл агага Карагандадагы ар бир ишкер ай сайын салык төлөп турган имиш. Кармалган балдардын баарын ууру, каракчы, башкесер, наркоман деп көрсөтүштү. Көргөн адам "Караганданы ээлеп алып, элдин ырыскысын жеп жүргөн тура” деп кыжыры келе тургандай жар салышты. Касен абаны да кеңсесинен кармап кетишиптир, аны мафиянын бухгалтери, күнүнө миллиондогон долларлар ушул адамдын колунан өтүп турган дешти. Тим эле акча которуп жатканда жанында карап тургандай сүйлөдү журналист.

Милициянын "чоңу" комментарий берип, “Казакстанда эң чоң мафия кармалды, жаңы акимдин кылмыш дүйнөсүнө каршы аёосуз күрөшү жыйынтык бере баштады” деп акимди мактап өттү. Жаңы аким да сүйлөдү, өзүн тим эле эл үчүн күйүп жаткан адамдай көрсөттү. Каармандар күн мурун даярдалганы көрүнүп турат. Колго түшкөндөрдү жакшы билген адам катары “бул шоуну уюштурган киши да кыйын экен” деп турдум...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-02-10 10:16:29
Анан?
+1
rafo80
2020-02-10 22:35:36
Сонун.
+3
Shef87
2020-02-11 12:40:40
Мм
0
manatova
2020-02-13 15:08:41
кино коргондой эле болтам
0
№ 901, 6-12-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан