БЫЧАК МИЗИНДЕГИ ЖАШОО (Тынч жашоосу күтүүсүз бузулуп, Казакстанда оор күндөрдү баштан кечирген жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Эми бул окуяны телеканалдар кайра-кайра көрсөтүшөт. Облустун жаңы акиминин, милициянын иши мактоого алынат. Адыл аганы шериктери менен кошо кармап кетсе эч нерсе болбогондой, колунан эч нерсе келбеген адамдай үйдө отурганыма арданып жаттым. Бөлмөдө ары-бери басып, мындан аркы кадамдарды ойлоно баштадым. Адыл аганы жок кыла алышпаса керек баары бир. Ал да жөн киши эмес, күчтүү байланыштары бар да. Үй-бүлөсүн коопсуз жерге жашырган болуш керек эбак эле. Душмандары апасы менен Аселди эле кармап кетип кысым кылбаса, Адыл ага тааныштары аркылуу, акчанын күчү менен болсо да чыгат, балдарды да чыгарат. Бул иште көп нерсе менден көз каранды экенин түшүндүм. Эгер Каныш апа менен Аселди кармап кетишсе, Адыл ага жасабаган ишти да моюнга алып камалып кетиши мүмкүн. Кандай болгон күндө да Каныш апа менен Аселди калкалап калышым керек, башка жол көргөн жокмун.

Бул жерден кетиш керек, Расул агаларды да кетириш шарт. Бул үйдү Серик айтпаса да, эки учкуч айтып коюшу мүмкүн. Душмандар дарбазаны жардырып, талкаласа да киришет.

Биринчи кабатка түштүм. Күнүмдүк тиричилик, ар ким өз иши менен убара. Расул ага телефондун кабелдерин текшерип жүрөт, мени көрүп:

– Бүгүн эмне болгон? Эми телефон да иштебей жатат.

– Билбейм, мүмкүн, станциясында авария болгондур.

– Кызык, мурда такыр минтчү эмес.

Залга кирсем Асел DVD’ден кино көрүп жатыптыр, колунда чипсы.

– Асел, беш мүнөттөн кийин бөлмөмө кир, сөз бар,- дедим. Мени таң кала тиктеп калды, көзүнөн «эмне болуп кетти?» деген суроону окудум.

– Эч кимге айтпа, Адыл аганы кармап кетишиптир.

– Адыл аганы? Кандайча?!

– Акырын сүйлө, үйдөгүлөр укпасын азырынча. Бөлмөгө бар, сүйлөшүп алышыбыз керек,- деп чыгып кеттим.

Беш мүнөткө жетпей бөлмөгө Асел кирип келди, көзү алайып, өңү бозоро түшүптүр. Телевизордон жаңылыктар болуп жаткан, Асел баарын өз көзү менен көрүп, укту. Карасам көзүнөн жаш куюлуп жатыптыр. Аңгыча эшикти бирөө такылдатып калды, дароо телевизорду өчүрүп, эшикти ачсам Аскат ага экен. Мага бирдеме айтмакчы болуп баратып Аселди көрүп тык токтоп калды.

– Эмне болду, Аскат ага?

– Сенде сөз бар эле.

– Жүрүңүз,- деп экөөбүз коридорго чыктык.

– Адылды милиция кармаптыр, азыр камакта экен.

– Сиз каяктан уктуңуз?

– Радиодон уктум, түндө кармап кетишиптир.

– Баары бир угулуптур да... Ооба, кармап кетишиптир. Кечээ Адыл ага өзү чалган, силерди бир ай үйлөрүнө бара турсун деди. Милиция бул жакка да келиши мүмкүн экен. Бир шылтоо таап силерди да кармап жүрбөсүн дейт. Мен силерге кечинде айтайын деп жаткам.

– Силерчи? Каласыңарбы?

– Азырынча билбейм, Адыл ага бирөөлөрдү жардамга жөнөтөм деген, күтөбүз го. Силер тезирээк жөнөй бергиле.

– Самат, анда азыр эле жөнөй берели. Каарына алса, анда милиция бул жакка тез эле жетиши мүмкүн. Биз го кетип калабыз, биздин бул жерде иштеп жүргөнүбүздү эч ким билбейт. Каныш эже менен Асел кантет? Адылдын байлыгын алабыз деген душмандар ар кандай жаман ишке барышы толук мүмкүн.

– Башка арга барбы, Аскат ага? Бул жерди мен билбейм. Шаарга чейин 300 чакырым дешти.

– Мындан элүү чакырымдай жерде илгерки колхоздун мал сарайы бар, кароосуз калган. Союз кезинде зоотехник элем, ал жерге көп барганбыз. Беш узун сарай бар, өзүбүз да жашынып, машиналарды да жашырсак болот.

– Ал жакка эч ким барбайбы?

– Көп жылдан бери адам баспайт ал жакка. Анткени тамтыгы чыккан 5 сарайдан башка эч нерсе жок. Эгер бизди издеп бирөөлөр барып калса, Хаммер турат го, качып үлгүрсөк керек. Сел жүргөн бир сай бар, бир жеринен УАЗ, Хаммер өңдүү асты бийик машиналар өтө алат. Айланып келүү 2-3 сааттык жол.

– Болбойт го дейм. Канча күн жашынып жатмак элек? Биз эптеп шаарга, адам көп жерге жетип алышыбыз керек. Жакыныраак жерде темир жол же трассалар барбы?

Аскат ага кагазга чийип үч-төрт жерди көрсөттү. Эң эле жакын шаар Кызыл-Ордага чейин 300 чакырым экен. Чакан айылдар бар, бирок ал жерде жашынуу кооптуу.

– Карагандадан азыр биз турган жерге машинада канча саатта жетсе болот?

– Тез жүрсө он эки-он үч саатта.

– Макул, Аскат ага, сиз үйдөгүлөргө шек алдырбай туруңуз. Түшкө чейин күтөлү, Адыл агадан бирөө келиши керек. Мүмкүн, самолёт менен келсе баарыбыз чогуу кетебиз.

Биз ушинтип турганда Асел бөлмөдөн чыгып, ылдыйкы кабатка түшүп кетти. Артынан Аскат ага кетти, мен бөлмөгө кирдим. Көп өтпөй Асел кайра жүгүрүп келди, сүйүнүп алыптыр.

– Самолёт келди,- деди да, кайра жүгүрүп түшүп кетти.

Ордумдан ыргып турдум, демек, Адыл аганын адамы келиптир да. Үстүмдөн оор жүк түшкөнсүп жеңилдей түштүм. Кайра Адыл аганын шакек тууралуу айтканы оюма кылт этти. Кокус саткындар келген болсочу?

Сыртка чуркап чыксам Расул ага Нива менен дарбазанын алдында Аселди күтүп турган экен. Асел тепкичтен түшүп баратыптыр:

– Асел, токто, шашпа!- деп кыйкырдым.

– Адыл агамдан келишти, бизди алып кетишет,- деди да шашылып Ниваны көздөй басты.

– Асел, токто дейм! Жетип барып Аселдин жолун тостум.

– Токтой тур, биринчи кимдер экенин билели.

– Тигине, Серик ага турбайбы,- деп самолёт жакты көрсөттү.

Жиним келип кетти:

– Токто дегенде токто! Серик агаңды милиция кечээ кармап кеткен, бүгүн кайра жөн эле коё берди дейсиңби?

– Эмне, Серик агага ишенбей жатасыңбы? Ал деген агамдын канча жылдан берки досу,- деп чакчаңдады Асел.

– Асел, мени ук! Макул, алып келгени келсе кетели. Бирок шашпа, биринчи мен барып билип келейин,- дедим ачуумду басып. Асел менин жүзүмдү көрүп корктубу, унчукпай туруп калды. Экөөбүз минтип талашып-тартышып жатканда Расул ага самолёт жакка кетип калган эле. Аңгыча учкучтардын бири самолёттун жанында калып, экинчи учкуч, Серик ага Нивага отуруп үйдү көздөй жөнөштү.

– Асел, тез үйгө кир!- дедим үнүмдү өктөм чыгарып. Абалды түшүндү окшойт, тез-тез басып үйгө кирип кетти.

Аңгыча жер төлөдөн Аскат ага эки мылтык алып чыгып, бирин мага сунду:

– Даяр туралы, мен байкатпай тиги даракка чыгып алайын. Баары даана көрүнөт, мени болсо байкашпайт,- деди шашкалактап.

Нива дарбазага жакындаганда Аскат аганы карасам "даярмын" деп башын ийкеп койду. Бул мага дем берди, унчукпай жүргөнү менен Аскат ага да бир топту көрүп калган окшойт. Нива дарбазага жетип сигнал басты, ачпай тура бердим. Бир маалда Серик айнектен башын чыгарып:

– Эй, Самат, ачпайсыңбы!- деп кыйкырды. Унчуккан жокмун. Акыры эшикти ачпашыма көзү жетти окшойт, унаадан Расул ага түшүп келди:

– Самат, эмне ачпай жатасың эшикти?- деп таң кала сурады.

– Бул Серик го, үйгө келип-кетип эле жүрбөйбү. Адыл бизди Карагандага алып кеткени самолёт жөнөтүптүр,- деп калды. Көзүнө тике карадым, жаман ниети жок экени көрүнүп турат. Адыл агага байланыштуу окуядан Расул аганын кабары жок экенине ишендим. Бул арада Серик менен машинадагы үч киши өздөрүнчө бирдемелерди сүйлөшүп жатышты.

– Расул ага, Сериктер бизге жардам бергени келишкен жок. Сиз билбеген бир иш бар. Азыр эшикти ачам, соо калам десеңиз тез кирип кетиңиз.

– Макул, түшүндүм,- деди кыска гана. Серикти коргоп, болушуп чыгабы дедим эле, антпеди. Аны киргизип, эшикти ичинен бекиттик.

– Тиги мылтыкты алып даяр туруңуз, булар саткындар, Расул ага, кийин түшүндүрөм.

Расул ага мени таң кала карап, колуна мылтыкты алды. Бир маалда унаадан Серик өзү түшүп келди, жүзүнөн таң калуу байкалбайт. Эшикти ачпай коюшумду алдын ала билгендей кытмыр жылмайып турат. Ал эми шакек жөнүндө ооз ачпады. Демек, муну Адыл ага жөнөткөн эмес. Болбосо эчак эле «мына, Адыл аганын шакеги. Ушуну көрсөтсөң киргизет дешкен» деп чыкмак. Ичимден «саткын» деп сөгүнүп алдым. Серик ак көңүл, тамашакөй болчу, балдардын баары сыйлап турушчу, баары жакшы көрүшчү. Мүмкүн, шакек эсинен чыгып кеттиби?

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
monok2001
2020-02-17 09:19:32
Ойлон Самат. Кеч боло электе. Алданба аларга
+3
KaGaH
2020-02-17 10:27:28
Уууууу
+1
tular
2020-02-17 11:23:53
Сонун жерине келгенде бүтүп калатда
+2
lenovo820
2020-02-17 11:32:19
Киного
+2
Baktyluumun98
2020-02-17 13:08:52
Мына кино
+2
fak
2020-02-17 13:18:44
Укмуш жакты чыгарманар,калемин курчуй берсин ийгилик.
+2
baatyrbek083
2020-02-17 13:46:50
Анна сериал кызык жери башталды,дагы бир ниделя кутмой.
+1
baatyrbek083
2020-02-17 13:47:53
Соонун жеринен буттуп калды уф
+1
MIRBOLOT
2020-02-17 15:17:37
Профессионал болуп кетти го!
+1
Suiomseni
2020-02-18 00:28:11
Ухх кино тартса болчудай экен
+1
Shef87
2020-02-18 12:58:56
Жомок
-1
№ 902, 13-19-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан