“ЖҮРӨГҮМ – СЕНИН ҮЙҮҢ”

Тима+Бема. Бул сөз кө­зү­ңө урунганда дароо мени эс­тээ­риңди билем. А гезитти болсо сөзсүз окуйсуң. Анткени чоң апаңа дайыма алып барып берип, өзүң да барактап каларыңды көп айтасың. Өзгөчө болсун деп 14-февралды утурлай сага айта албай келген сезимдеримди гезит аркылуу жеткиргим келди.

Баарында эле ушундай сезим болобу же менде элеби, билбейм. Сенин жаныңда турганда, үнүңдү укканда сөзүм кыскарып, ашыкча сүйлөй албай калам. Өзүмчө эле жүрөгүм элеп-желеп боло берет. Жакын болуп жүргөн жылдар ичинде бул нерсени эч жеңе албай койдум. Ичимде кайнап турган сезимдеримди сага билдирүүгө күчүм жетпеди. Эч качан “сүйөм” деп үн каткан жокмун. Бирок мага билдирбегениң менен сүйөрүмдү сезсең керек. “Бэмбиш, жөжөм, сапсарышкам, алтыш...” Айтор, эркелетип бүтпөйсүң. Ушунча сөзгө бир жылуу жооп айтпай, талкан сугунуп алгансып унчукпай тыңшап тура бергениме сен деле ичиңден бышып жүрсөң керек. Бушайман болбо, айтылган ар бир сөзүңдү кулагым менен гана эмес, жүрөгүм менен угам. Мен кимдердин жүрөгүн ээлегенимди билбейм. Бирок өзүмдүкүн даана билем. Жүрөгүмдөн түнөк тапкан бир эле адам бар, ал сенсиң. Жүрөгүмдү байырлап, жарандыгын алганыңа канча болду? Жок, балким, сен анда төрөлгөнсүң. Жүрөгүм – мекениңдир, үйүңдүр. Так айта алам, жүрөгүмдүн сүйүү ааламында бир гана сен жашайсың. Анда башка адамга орун жок. Башка адамдарга океандагы айсбергдей муздак болгон менде сен үчүн ар дайым жылуулук бар.

Биз бир ирет кокустан көрүшкөнбүз. Кийин өзүң издеп таптың.

Ал күнү курбу кызымдын туулган күнү болчу. Майрамдык кечени караоке клубда уюштурганбыз. Телефон менен сүйлөшкөнү эшикке чыгып, кайра кирейин десем топтошуп турган балдар ар нерсени айтып, бири чачымдан тартып, айтор, жолумду тороп өткөрбөй жатышты. Аңгыча бир жигит келип мени бошотуп, өзү алар менен сүйлөшүп калган. Балдардын мындай мамилесине ыза болуп клубдан кетип калдым.

Эки күндөн кийин бир сылык жигит телефон чалды:

– Кечиресиз, 3 мүнөт убактыңызды бөлүп коңузчу.

– Ким экен бул?

– Мен өткөнкү клубдагы жигит.

– Клубда жалгыз бир жигит болгонсуп сүйлөйсүз да, алардын кайсы бири?- деп жооп бергем ажыкызданып.

– Айтуу ыңгайсыз, сизди коргогусу келген жигит эсиңиздеби, клубдан ошол күнкү буюртма бергендердин номерин алдым. "Кызыл көйнөк кийген, чачы узун кыз сиздер менен келген эмес беле?" деп сурап жатып номериңизди араң таптым,- дедиң.

Телефон аркылуу байланыш бара-бара жолугушууга өттү. Жылдызыбыз келишип калды.

Андан бери арадан 4 жыл өттү. Адамга адам керек деген чын. Сенин мага кылган жылуу мамилеңе, канатыңа калкалап коргоп турганыңа аябай көнүп алдым. Ар бир кадамымды сага таянып, ишенип жасап жатканымды билсең керек. Сага болгон сүйүүм чексиз...

Бема

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
manatova
2020-02-17 18:56:32
Бир куну бутуп калбайбы анан
0
cholpon119966
2020-02-18 18:03:18
Супер инфонун фантазиясы чексиз!! Олло окшотосунар да))
+2
asylbekova
2020-02-19 23:21:34
ха, ха чон энеси именно супер инфо окуйт бекен? )))
Адашып калыпсынар, силер Кыргыз туусу же Аалам гезитине жазгыла))))
0
№ 902, 13-19-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан