БЫЧАК МИЗИНДЕГИ ЖАШОО (Тынч жашоосу күтүүсүз бузулуп, Казакстанда оор күндөрдү баштан кечирген жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Самат, убакыт аз. Мени Адыл ага жөнөттү, силерди алып кеткени келдим. Тезирээк кайтышыбыз керек, ансыз да «нелётная погода» болуп кечиктик,- деди Серик. Анын жанына келген экинчи учкучтун жүзүн карадым, көзүнөн кыжырдануу байкалып турду. Булар жакшы ниетте келишкен жок дедим ичимден.

– Самат, мен 12 жылдан бери Адыл аганын жанындамын. Анын эң ишеничтүү адамы менмин. А сен кечээ эле келип алып... Сөзүнүн ушул жерине келгенде Серик сөгүнүп жиберди. Чынында Серик Адыл аганы сатып кетет дегенге менин деле ишенишим кыйын эле. Бирок Адыл аганын шакек боюнча кайра-кайра эскерткени бекер эмес болчу.

– Серик, жаман иш болуп кетпесин. Ушундайыңда артка кайт!- дедим. Мени алдай албашына көзү жетти окшойт, Сериктин жүзү түксүйүп ыраңы өзгөрүп кетти.

– Өзүңө кел, Самат, Адыл аганын күнү бүттү. Бир да адамы калган жок, баары кармалышты. Сен жалгызсың, качып каякка барат элең? Баары бир колго түшөсүң. Артта куралчан топ келатат. Тиги экөө сага жардамчы эмес, ушундайыңда эшикти ач да, алдыма түш. Сүйлөшөлү, сен да куру калбайсың. Адыл аганын тигил жактан эми өлүгү гана чыкпаса, өзү чыкпайт.

– Серик, тирүү калам десең келген жагыңа кет.

– Эй, акмак, шашпа! Эртең кокоңду өзүм жулам!- деп Ниваны көздөй басты. Аңгыча Аскат аганын “Самат, граната!” деген кыйкырыгы чыкты. Жанга күч келгендеги арга да. Төрт-беш метр чуркап барып Аскат ага отурган дарактын артына секирдим. Граната катуу жарылды. Көзүм караңгылашып, кулагым чуулдап жатты. Үстүмө цементтин сыныктары түшүп, айлана чаңып кетти. Мылтыктан эки жолу ок атылганы угулду. Башымды көтөрүп карасам дарбаза эч нерсе болбоптур, короонун ичинде граната жарылган жердин цементи талкаланып кетиптир. Бети-башым соо, Кудай сактаптыр. Расул ага да ары жактагы суусу жок бассейнге секирүүгө жетишип, аман калыптыр. Аңгыча Аскат ага Серик жаракат алганын айтып калды. Кооптуу болсо да дарбазага барып тешигинен карасам Серик бутун кучактап жерде онтоп жатат. Аскат ага аткан экен, жанында тиги учкуч эки колун көтөрүп турат. Дарбазаны ачтым да “Жашагыңар келсе бириң да кыймылдаба!” деп бакырдым. Жүгүрүп барып Серикти бет талаштыра тээп калдым. Экөөнүн тең эки колун артына кайрып таңып салдык.

Чөнтөктөрүндө октолуу ПМ үлгүсүндөгү бирден тапанча, гранаталар бар экен. Учкуч далдайып көлөмдүү болгону менен, коркок экен, жалынып жиберди:

– Самат, Самаке, атпа! Кечир мени!- деп чөгөлөп турган жеринен ыйлап жиберди. Булдуруктап бирдемелерди айтып жатты, түшүнгөн жокмун.

– Токтот! Карагандада эмне болду? Болгонун болгондой айт!- дедим тигини кокодон ала.

– Макул, макул...- деп учкуч баарын айтып берди. Эч ким калбаптыр, биздин жигиттердин баарын кармап кетишиптир. Адыл ага менен Серикти чогуу башка жакка алып кетишкен экен. Бүгүн эртең менен буларды биз турган жерге костюм-шым кийип, галстук тагынган 3 адам узатыптыр. Алардын бири Серикке “үйдү тапкандан кийин кабар бергиле, биз барып калабыз” дегенин угуптур алдымда ыйлап отурган учкуч.

Аскат ага Сериктин бутун кармалап көрүп “ок сөөккө тийбептир, өлбөйсүң” деди мыскылдай. Учкучтан кийин Серикти суракка алууга кириштим:

– Тирүү калам десең чынын айт, Адыл ага каякта?

– Анын күнү бүттү.

– Суроого так жооп бер, Адыл ага каякта?

– №4 мамлекеттик резиденциянын жер төлөсүндө.

– Түшүндүр, эмне үчүн ал жакка алып барышты?

– СИЗОдон качып кетиши мүмкүн дешти окшойт. Ал эми Адыл ага резиденциянын ичинде деп эч кимдин оюна келбейт. Ошол жерден кыйнап суракка алып, ишканаларынын документтерин алдыртканы жатышат.

– Сени "апасы менен карындашын кармап кел" деп жөнөтүштүбү?

– Ооба.

– Бул жакка артта канча адам келе жатат, кайсы маалда келип калышат?

– Төрт машинада ондон ашык бала барат дешти. Саат тогуздарда чыгышкан, он беш саатта жетип келишет.

– Сен Адыл аганын апасын кармап кетсең, алар эмнеге келишет?

– Адыл аганын документтери ушул үйдө деп жатышат.

– Резиденция канчалык кайтарууда экен?

– Билбейм, сырткы дарбазада 2 аскер турганын көрдүм.

– Менин бул жерде экенимди билишеби?

– Жок, бул жерде экениңди Адыл ага эле билчү.

– Бирок сурашты да канча адам жашайт деп?

– Сурашты. Сенден башкаларын билишет.

– «Уюкту» эмнеге көрсөттүң аларга?

– Мени жарга такап салышты, башка аргам жок эле...

– Эми мындай, тигилерге кайтып барбайм, качып өз алдымча кетем деп сөз бер мага.

Серик мени таң кала карап калды.

– Макул, Самат, сөз берем, башка жакка качып кетебиз.

– Эгер тигилерге кайтып барсаң, өзүңдөн көр. Баары бир таап алам.

Серик башын ийкегилеп, жер карады.

Тиги экөөнү кайра самолётко алып барып салдык. Кабинада «радио» деген бир тумблер бар экен, жулуп алдым. Эч ким менен байланышы болбошу керек булардын. Самолёттун эки алдыңкы шассисинин түбүнө, амортизациясына эки гранатаны атайын ыкма менен байладым. Ал гранаталар самолёт жерге салмак менен конгондо жарылып кетиши керек. Муну кабинада отурган тигилер көргөн жок. Бир аздан кийин самолёт асманга көтөрүлүп, белгисиз тарапка учуп кетти. Ал эми биз бул жерден тезирээк кетүүгө кириштик. Үйдөгүлөр болсо Адыл аганын кармалганын угуп коркуп жатышты. Арттагылар келгиче дагы 11-12 сааттай убакыт бар, эмне кылуу керектигин чогуу сүйлөшө баштадык.

– Эми бул үйдөн баарыбыз кетишибиз керек. Каныш апа, баары жакшы болот. Кечээ Адыл ага менен сүйлөшкөм, "бир айга жетпей акталып чыгабыз" деди. Бул убактылуу эле сыноо дейт.

– Ошондой эле болсо экен,- деп үшкүрүп койду Каныш апа.

Сыртынан сыр алдырбаганы менен, ичтен эзилип жатканы байкалып турду. Дайыма маанайы жарык, шайыр, зымпыйып жүргөн Каныш апа заматта кичирейип, чөгүп кеткендей көрүндү. Аны-муну айтып көңүлүн жубатымыш болуп жаттым. Түшкө жакын жер төлөгө түшүп машиналарды жүргүзүп, текшерип чыктым. Артымдан Асел түшүп барды.

– Самат, Адыл аганын куралдары бар. Мүмкүн, керек болуп калаттыр.

– Кайсы жерде?

– Жүрү,- деп жер төлөдөгү бир кичинекей бөлмөгө ээрчитип барды. Эшикти ичинен кулпулап, дубалга илинген килемди ачты эле темир эшик көрүндү. Ал эшикти Асел жашыруун код менен ачты.

Жети АК-47, ар биринин жанында экиден магазини менен, бир СВД жыйырма огу менен, он тапанча, «Сайга» тизилип турат. Текченин түбүндө отуздан ашык граната жатат.

– Коду 4578903, азыр жазып берем,- деди Асел. Таптаза, майланган, али колдонула элек, заводдон чыккандагы номерлери менен экен куралдар.

– Самат, биз кетсек бул жерди таап алышабы?

– Таап алышат, үйдөн алыс жерге бекитишибиз керек. Бүгүн түндө көп адамдар келет. Үйдүн ар бир кычыгына чейин тинтип чыгышат. Бул жерди таап алыш аларга кыйын деле эмес.

Асел дубалга жөлөнүп бир саамга ойлонуп турду да:

– Адыл аганын акчалары да ушул үйдө,- деп мени тиктеп калды. Көзүнөн «айтышым керек беле же ката кылдымбы?» деген суроону окудум.

– Асел, мен Адыл аганын эң ишеничтүү адамымын. Менден күмөн санаба, коркпо дагы. Мага Адыл аганын бул акчасынын кереги жок, анткени өз мээнетим менен тапкан акчалар эмес. Эгер каршы болбосоң куралдарды да, акчаларды да үйдөн алысыраак бир жерге бекитип туралы. Баары бир өзүбүз менен кошо алып жүрө албайбыз. Кийин Адыл ага чыкканда кайра алып кетебиз.

– Макул, акчалар да ушул жерде,- деп куралдар турган жерде дубалдын ортосуна коюлуп жасалган бир чоң сейфтин эшигин ачты. Ичи үчкө бөлүнүптүр. Бир бөлүгүндө таңгак-таңгак Америка долларлары, экинчисинде зер-буюмдар, үчүнчүсүндө документтер экен. Мындай акчаларды өмүрүмдө көргөн эмесин. Ой баса түшүптүр, Асел түрткөндө чочуп кеттим.

– Асел, эмне кылыш керектигин сен чечесиң. Башка жакка бекителиби?- дедим.

– Эгер баары бир таап ала турган болсо башка жакка бекители. Бактын бир жерине көмүп коёлубу?

– Ал жактан таап алышат. Ушунча байлык бар экенин билгени үчүн келатышат да. Үйдүн ар бир бурчун тинтип чыгышат. Керек болсо бир ай издешет.

– Каякка бекитебиз анда?

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
asan.toluktuk
2020-02-24 09:31:09
бир жума күткөнүм ушул элеби кино көргөндөй эле болуп жатам
+3
Suiomseni
2020-02-24 11:19:58
Уффф мынча кызыык
+4
bulathan
2020-02-24 12:40:39
кызыктуу
+4
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-02-24 14:27:34
Күчтүү режиссер таап кино тартыш керек экен)
+3
№ 903, 20-26-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан