ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

Асман көздөрүн жумду. Акыркы ай ушундай оор болду. Компаниянын бүт документтерин изилдеп, бул медиа холдинг кантип иштээрин билип, турмушундагы эң оор тажрыйбадан өттү. Эмгекчил кыз болчу. Түнү 2-3кө чейин иштеп, эртең менен кайра таң атпай ишке киришүү адатка айланды. Айдар анын эң жакын жардамчысы болуп дайындалды. Көп ишке көзү жеткен жөндөмдүү жигит чындап карындашына чоң колдоо болду. Иш кагаздарга, күтүүсүз идеяларга, ойлорго, түйшүктөргө бай жумалар өтүп жатты.

– Аруш, сен эс алышың керек.

– Жок, мен иштеримди бүтүрүшүм зарыл.

– Ишиң качпайт, оор абалдан бир аз чыгып алдык. Эгерде дагы бир аз ушундай темп менен иштесең жок болуп кетесиң. Түшүндүңбү?

Асман ууртунан жылмайып турду. Кандай сонун адам бул? Көзүнөн баарын билип турат.

– Айдар байке, сен кичинеңден эле дайыма ушундай болчусуң, ээ?

– Билбейм, балким.

– Сен аябай сонун агасың. Баса, Айгерим эмне деди?

– Бир жумадан кийин үйлөнөбүз. Арыз жазып койдук.

– Ыя? Чукул экен го, биз эмнеге даярданбай жүрөбүз?

– Биз жөн эле эч кимди убара кылбай үйлөнөбүз. Атам үйгө молдо чакырат, ал никебизди кыят. Шаан-шөкөт болбойт.

– Кыз тарап ошого макул бекен? Андай болбойт го?

– Баткенге кийин барабыз. Апасы эле бар. Ал “бекер алса да Айдарга тийчи” деп айтат экен. Кийин барып салт-санаасын жасап коёбуз деп чечтик. Азырынча ушундай. Сен, атам, эки досум, Айгеримдин таежеси ушул адамдар эле катышат.

– Макул. Жеңем менен качан таанышам?

– Билбейм, көрөбүз. Бир күнү тааныштырам.

Айдар коомайлана берди. Көздөрүн ала качып, куду бир күнөө жасап жаткандай ыңгайсыздана түштү. Асман агасынын ички дүйнөсүнө кире аларын билет. Кайсы бир учурда өзү менен өзү болгонду жактырарын да сезип калган.

– Биз бул жумада төрөлүп-өскөн айылыбызга барып келбейлиби? Мен дагы эс алат элем. Сен мага көп нерселерди айтып бересиң,- деди Асман капысынан.

– Атамды да алышыбыз керек.

– Эмнеге?

– Аруш, канчалык ал кишини жокко чыгарсаң да ал бар. Атаң тирүү. Анын да сага өтмүштө эмне болгонун айтып бергенге толук укугу бар. Ооба, ката кетирди. Бирок өмүр бою жазасын тартып келе жатат. Андыктан атаң менен сүйлөшүшүң керек.

– Менин бир эле атам бар. Ал Сулайман.

– Жүрөгүңдөгү атаңды эч ким талашпайт. Бирок менин атамдын да чындыгы бар. Сага өмүр бергени үчүн болсо да аны бир жолу угуп коюшуң керек. Сени айылга алып барам. Бирок атам да ал жакта болот.

Асман башын чайкады. Эрнис ал үчүн чоочун адам болчу. Атам деп кабыл алуу таптакыр мүмкүн эместей сезилди.

ххх

Чакан айыл. Аркасына карындашын көтөрүп тырбалаңдаган Айдар. Көздөрү мончоктой Арууке. Кызык, бул окуя кечээ эле болгондой. Атүгүл бут алдында турган топуракта издери калгандай. Машинадан түшүп бир топко басышты.

– Эстедим мен. Мындан бир аз алыста дарак болушу керек. Дарактын жанында кичине арык бар. Сен мени дарактын алдына отургузуп коюп бети-башыңды жуучусуң. Бир аз ойлонуп отурчусуң.

– Ооба. Эс алчу жерибиз ошол болчу. Анын ары жагында көрүстөн бар. Калыс ата, энем...- деп баратып Айдардын үнү өзгөрүлө түштү. Тогуз жаштагы кезин, энекем деп өксүп кайгырып жатканын, бою узун, алакандары дайыма жылуу чоң энесин эстеди. Жашоодогу эң мээримдүү көздөр болчу. Бирок тереңине кайгы чөгүп кеткендей көздөрү бар эле энесинин. Муунуп кетти.

– Көрүстөнгө бара кетели.

– Макул.

Айдар энесинин көрүстөнүнө келди.

“Эне, мына, Аруукеңди таптым. Сага алып келдим. "Карындашыңа көз бол, балам” деп айткансың. Сөзүмө турдум. Сени эч унутпадым, эне. Таенем мага үйрүлүп түшүп, ысык наны менен айранын берип жатканда көз алдыма келчүсүң. Сен өз заманыңдын эң кыйын аялы болдуң, эне. Мен баарын билем. Сага канчалык оор болгонун билем. Жалгыз уулуң ишенимиңди актабай калганда, үмүтүң уурдалганда неберелериңе карманганыңды билем. Сен бизди аябай жакшы көрдүң. Мына, эми сенин алдыңдагы карызымдан кутулдум. Арушту алып келдим. Эми тынч жат, энеке” деп сүйлөп жатты ичинен. Энесине, Калыс атасынын көрүстөнүнө барып куран окуду. Ичинен ага да ыраазычылык билдирди.

Үйүнө келишти. Эшик ачык, түтүн чыгып жаткан экен. Атасы кечээ эле бул жакка келген. Машинадан түшкөн балдарын утурлай сүйүнүп жөнөдү.

Айдар менен учурашып Асманды карап калды.

– Саламатсызбы?- деди кыз жөн гана.

– Жакшы, кызым, жүрү үйгө киргиле. Чарчадыңарбы?

– Сүлгү алып, суу жакка барып түшүп келейинчи. Анан келип чай ичели,- деди Айдар. Кызы менен атасын жекеме-жеке таштоо үчүн айтты окшойт. Берки экөө да билип турду.

Айдар кеткенде экөө үнсүз чай ичип отурушту. Асман кулак-мурун кескендей үнсүздүктөн ыңгайсыз болуп кетти. Көзүн көтөрүп алдында отурган адамды тиктеп калды. Көз токтотуп биринчи жолу карады. Тобо, чындап бул кишиге окшош тура. Көздөрүн, каштарын, мурдун, чай ичип отурган колдорун карады. Шадылуу колдору да өзүнүкүнө окшош экен. Жини келе түштү.

– Апам тууралуу айтып бере аласызбы?- деди. Ал дилинде жүргөн суроону берди.

– Апаң...- Эрнис алаңдап кетти. Эмне дээрин билбей калды. “Апаңды мен өлтүргөм” дейби? “Кырсык болду” дейби?

– Апам кайда менин? Таштап кеткенби? Башкага турмушка чыкканбы?- деди кыз чыдамсыздана.

– Жок, апаң...-Эрнис мукактанып кетти.

– Апаң каза болду. Сен кичине кезиңде каза болгон.

Кыздын көздөрү бакырая түштү. Көкүрөгүнүн кайсы бир жеринде өз апасынын тирүү болушун, аны табууну каалаган тура.

– Апаңды... Мен... Өлтүрүп алдым, кызым. Чындап эле кырсык болду. Анын өлүмүн, түрмөдө жатышымды, силер кароосуз калышыңарды каалаган эмесмин. Кызуу кандуу элем. Ал дагы жиниме тийди. Мен ага көп жолу Асия дебе, Асияны айтпа дегем. Ал уккан жок. Кайра-кайра жарамды тырмай берди. Кызым, анын өлүмүн каалаган эмесмин.

Чоң эле киши солкулдап ыйлап жиберди. Өпкө-өпкөсүнө батпай, күч менен басып жүргөн кайгысы чыгып кеткендей ыйлап жатты.

Асман бутун кучактап “кечир” деп ыйлап жаткан адамды тиктеп тура берди. Нес болуп калды. Ата менен кыз ушул абалда көпкө отура беришти. Буркурап кайнап жаткан самоордун да буусу тарап тынчыды. Эченден бери катылып келген бугу чыгып Эрнис да энтигип турду. Ушу саам гана ал өзүн бактылуу сезди. Кызынан кечирим сурап, дартын түшүндүрүп жатып гана өзүн-өзү кечиргенин сезди. Акыры жан азабы бүттү.

ххх

Учак таңга маал Кыргызстанга келип конду. Өз жеринин босогосун аттаган аял дендароо боло түштү. Жүзүнө жагымдуу салкын аба келди. Мурдуна тааныш жыт... Чымчыктардын үнү да тааныш. Өрөпкүп кетти. Көрсө, Ата Журтун сагынган экен. “Сагынбайм, көргүм келбейт” дегени менен, ушул жытка, топуракка куса болгон экен. Көздөрүнөн жаш агып жатты. Кызык, Абдул каза болгондо да мынчалык ыйлай албай койгон. Азыр көз жаш ээ-жаа бербей агып жатты.

– Такси керекпи, эже?- деди бир жаш жигит алдынан чыга.

Асия жигитти тиктеп турду. "Айдар да ушундай жигит болуп калса керек. Чоңойгондур..."

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nazi25
2020-02-24 09:28:24
Туура кыргызстанга барсаң эле алдыңдан такси керекпи деп чыгышат.)))
+3
Altynbekova.01
2020-02-24 10:25:22
Кыргызстан Бари бир кооз жер.
+3
№ 903, 20-26-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан