Коомдо милиция кызматына ишенбөөчүлүк күндөн-күнгө күчөп барат. Ууру-кескиден жабыр тартып «милицияга арыз жазгам, ошол бойдон эч жыйынтык жок» деп күтүп жүргөндөр миңдеп саналат. Айрымдары «укук коргоо кызматкерлерине ишенбей, өзүңө сак болушуң керек» деген жыйынтыкка аргасыздан келишет. Мындай жагдайдан жабыр тарткан Дөөлөтбек Касымбек уулу «арыз жазып, керек болсо шектүүнүн сүрөтүн, дарегин таап берсем дагы милиция кызматкерлери реакция кылбай жатышат» дейт.
«БУЛ ИШТЕ БИР ДАГЫ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ ИШТЕГЕН ЖОК»
– Москвага барганыма бир ай болгон. Бул жакта иштер чыгып калып кайта турган болуп калдым. Бош кетпей кардар болсо сала кетейин деген ойдо унаама 3 киши салгам. Анын бири «менин жол кирем жок, акча, телефон, баарын тоноп кетишти, Кыргызстанга жеткенде жол акысын берейин, апам Түркияда иштейт, акча салып ийген» деди. Соопчулук үчүн макул болуп салып алдым. 14-январга караган түнү саат 4төрдө Бишкекке келдик. Эки жүргүнчү түшүп калгандан кийин Нуридин деген бала «азыр менин бара турган жерим жок» деп калды, «анда менин жанымда кал» дедим. Үйгө баратканда «ушунча жол жүрүп келип кирдедик, мончого түшүп албайлыбы» дегенинен макул деп мончону көздөй айдадым. Барсак жабык экен. Ачылышын күтмөй болдук.
Чарчагандыктан катуу уктап калыптырмын, канчада ойгондум, билбейм. Карасам Нуридин жок, машинанын эшиктери ачык калыптыр, негизи эшиктер бек болчу. Курсагым ачкандыктан бир нерсе алайын деп сумкамды карасам жанымда алып жүргөн 15 миң рубль, 5500 теңге жана 3 миң сом акчам жок. Эмне кыларымды билбей калдым. Дарек боюнча Бишкектин Павлов-Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде турганбыз. Ошол жердеги бир байкеге айтсам, «102ге чалып милиция чакыр» деди. Бир нече убакыттан кийин милиция кызматкерлери келишти. Биринчи Май РИИБине барып арыз жаздым. Унаамда калган ал баланын буюмдарын тергөөчүгө өткөрүп бергем. Ошол жерден бир милиция кызматкери «кагаз болсо таштап кет чайга» деп калды. Башында түшүнгөн жокмун. Көрсө, анысы акча экен. «Өзүм тонолуп отурсам кайдагы акча?» дедим. «2-3 күн сайын сени чакырып турабыз. Шартың туура келеби? Тергөөгө катышпайм деп жазып бересиңби?» дешти. «Жок, мен катышам» дедим. Бирок андан кийин чалган да, чакырышкан да жок. Тескерисинче, мен аларга Нуридиндин дарегин, сүрөтүн, жакындарын, жүргөн жеринен бери таап берип жөнөтүп жаттым. Тергөөчү болгондон кийин издеши керек эле да.
Ачыгын айтканда, бул иште бир дагы милиция кызматкери иштеген жок. Телефон аркылуу милиция кызматкерлерине шектүүнүн сүрөтүн, жүргөн жерин айтып турдум. Тааныштары аркылуу анын Ошто жүргөнүн тактадым. Милиция кызматкерлери «жол киреге кеткен чыгашаны төлөп берсең, шектүүнү кармайбыз. Биздин деле бала-чака, үй-бүлө бар, кичинекей айлыкка иштейбиз» дешти. «Бул силердин ишиңер да» дедим.
Менин силерге кайрылганымдын себеби дагы ушул кызматкерлердин мага болгон мамилеси болду. Мен аябай таң калдым. Мындан улам массалык маалымат каражаттарына алардын ушул кылыгын айтайын деп чечтим.
«ШЕКТҮҮ МОСКВАДА ДА ШЫЛУУНДУК КЫЛЫП ЖҮРҮПТҮР»
– Кийин сураштырып жатып Нуридиндин Москвада чогуу жашаган балдарын таптым. Менин акчамды уурдап, жол киресин төлөбөй качкан бала ал жактан да батиринин ижара акысын төлөбөй, алардын да акчасын уурдап кеткенин уктум. Көрсө, ал менин унаама отурарда «тоноп кетишти» деп жалган айтыптыр.
Жүргүнчүлөрүм менен Москвадан Кыргызстанга чейин 4 күн чогуу жол жүрдүм. Жолду катар ар кайсыны сүйлөшүп, алар менен жакшы эле тааныш болуп калат экенсиң. Нуридин башында мени менен Нурик деп таанышкан. Анын толук атын кийин издештирип жатып өзүм билип алдым. Бир жолу ал оозун ачып алып уктап келатканда тамаша катары аны сүрөткө тартып алгам. Ошол сүрөт аркылуу сураштырып отуруп, анын апасын таптым. Бирок андан деле адамгерчиликке жата турган жооп уга албадым.
Ага карата арыз жазганымды уккан, андан жабыр тарткан Москвадагы мекендештердин «ушул баланы карматып, ишин акырына чыгарчы» деген өтүнүчү үчүн бул иштин артынан түшүп жатам.
«ИЧКИ КЫЗМАТТЫК ТЕКШЕРҮҮ ЖҮРҮП ЖАТАТ»
Бул боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы төмөнкүчө маалымат берди:
– 2020-жылдын 14-январында К.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда анын машинасынан белгисиз адам тарабынан 15 миң рубль жана
5 миң теңге, 3 миң сом акча каражаты уурдалганы жана ал адам из жашырып кеткени жазылган.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (тоноо) менен бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Учурда тергөө кызматы Нуридин аттуу жүргүнчү – 1999-жылы туулган М.Нга карата издөө иштери жүргүзүлүп жатат. Муну менен катар тоноого башка дагы шектүүнүн катыштыгы бар деген версия каралууда.
Ал эми Биринчи Май РИИБинин милиция кызматкери кылмышкерди кармоо үчүн кеткен чыгашасын төлө деп акча сурады деген маалымат боюнча учурда кызматтык ички текшерүү дайындалган. КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫНЫН АБАЛЫ
Жакында эле Бишкекте Патрулдук милиция кызматы ишке кирген. Жаңы кызматка Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен Патрулдук кайгуул кызматы бириктирилген. Алардын айлыгы мурдагыдан 2 эсеге жогорулап, шаар ичиндеги 4 райондо тартипти жана жол кыймылын көзөмөлдөп турушат. Мындан тышкары өкмөт, президент баш болуп өлкөдөгү тартип жана коопсуздук сакталышы үчүн укук коргоо кызматкерлеринин айлык маяналары жогору, курсактары ток, үй-бүлөсүндө маселе болбошу керек деген пикирлерин айтып келишет. Эгер ушул талаптар аткарылып, кызматкерлердин айлык акылары жогорулап жатса, анда эмнеге катардагы тергөөчү же тартип сакчысы жабырлануучудан «чай-пайга» акча сураган деңгээлге түшүп жатат деген суроо жаралат. Укук коргоо органдарынын мышык ыйлаган абалын жакында эле жарандык активист Болот Ибрагимов ашкерелеп чыкты. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына ИИМге таандык мамлекеттик номерлүү унаа жол жээгинде мыйзамсыз сатылып жаткан күйүүчү майдан куйдуруп жаткан сүрөтүн илген. Коопсуздук сакталбаган, экономикага зыянын тийгизип, жайсыз жерде сатылып жаткан май ээлерин тартипке чакыруунун ордуна уурданып барып ошол жерден май алып жаткан укук коргоо кызматкерине, «ууруну кармап бер» деп суранган жабырлануучудан жең ичинен акча сураган тергөөчүгө кандай баа бересиз, окурман?
Динара Акимова
koom@super.kg