ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ

(Башы өткөн сандарда)

Ооба. Асия дал маңдайында турат. Түш эмес. Ушул абалда канча убакыт турушканын экөө тең билбейт. Акыры эркек кадам таштады.

– Асия? Бул сенби?

– Мен.

– Келдиңби?

– Келдим.

Эрнис бул ирмемди күтүп келген. Анын кыялында Асия менен ар түрдүү кырдаалда жолугуп калуу ыктымалы бар болчу. Бирок дал ушул жерден жолугуу анын оюнда жок эле. Асия Эрнисти карап турду. Жылдар бою чогулган ызасы, таарынычы, эч бүтпөгөн жек көрүүсү бар эле. Бирок азыр эч нерсени сезген жок. Болгону аябай чарчаганын сезди. Ал кетип жатканда Эрнис 24 жаштагы жигит болчу. Азыр алдында чачтары аппак болгон адам турду.

– Кел, үйгө кир,- деди карбаластаган Эрнис.

Жапыс тамдын ичине киришти. Эч нерсе өзгөрүлбөгөндөй. Кайненеси биринчи жолу ак жоолук салып, кубанычтан ыйлап, көшөгөгө кирген үйү. Кийин Эрнис үй салып, бөлүнүп кетишкенче мээрман кайненеси менен чогуу жашашкан. Айдарды да ишенип ага таштаган. Эски эмеректер көзүнө жылуу көрүндү. Айыл жеринде свет тез-тез өчүп турат эмеспи. Кечке маал свет өчүп калды. Жалгыз шамдын маңдайында экөө үнсүз отурушту. Биринин турмушун бири сураганга даай алышпады. Ошол эле учурда дүйнөдөгү бардык азаптар бүткөндөй бейпилдик бар эле.

– Эмнеге келдиң?

– Күйөөм каза болду. Абдул мен үчүн бардыгы болчу. Ал өлгөндөн кийин эмне кыларымды билбей калдым.

– Өтмүшүң менен жүздөшкүң келди,- деди Эрнис.

– Ооба, канча жашайм ким билет, кетирген каталарымдын жүзүнө тике карагым келди.

– Баарына мен күнөөлүүмүн.

Аял шылдыңдуу тиктеди.

– Сен өзүң ойлогондон да көбүрөөк күнөөлүүсүң.

– Жазамды ашыгы менен өтөдүм, бирок...

– Ким билет, мен сенин күнөөлөрүңдү териштиргени же өз күнөөлөрүмдү актаганы келген жокмун. Бул дүйнөдө жооп бере албай калганыбызды тиги дүйнөдө жооп беребиз. Айдар тууралуу билгим келет. Кандай бала болуп чоңойду? Кимге окшош? Азыр кайда?

Эрнис аялды таң кала тиктеп турду. Адамды айрым кырдаалдар өзгөртүшү мүмкүн. Өзү түрмөдө жатып өзгөрдү. Бирок алдында турган аял таптакыр башкача болуп калган экен. Мурунку Асиядан бир дагы элес жоктой. Алдында Асиянын жүзүн чаптап алып башка аял отургандай. Көздөрү ушунчалык муздак болчу. Асиянын көздөрү башкача эле. Жаркылдаган, курч, жалындуу көздөрү бар эле. Азыр Айдардын көздөрү ошондой, жалындуу карайт, курч тиктейт. “Кудай, уулумдун көзүндөгү жалынды өчүрбө” деп дирилдеп тиленип жиберди Эрнис. Эрнистей же Асиядай дүйнөнү муздак көрсөтпөсүн.

– Мен эмне айтарымды билбейм. Түрмөдө жаттым. Өспүрүм кезин да, балалык кезин да өткөрүп жибердим. Балдар үйүндө...

– Айдар балдар үйүндө тарбияландыбы?- деди аял коркунучтуу тиктеп. Ичинен “андай болбосо экен” деп ойлонуп жиберди.

– Ооба, Айдар да, Арууке да балдар үйүнө өткөрүлүп берилиптир. Энем каза болуп, мен түрмөгө кеткенден кийин 1 жыл өздөрүнчө жашаптыр. Анан балдар үйүнө өткөрүлгөн экен. Кийин кызымды башка адамдар багып алышыптыр. Айдарды болсо сенин ата-энең алып кетишкен экен. Ал Баткенде чоңойду. Айдар чоңоюп, студент болгондо түрмөдөн чыктым.

– Атам кабыл алыптырбы?- деди Асия таң кала.

– Атаң “баары бир тең, Айдар бир тең” деп мыкты лицейде окутуп, кийимдин жакшысын кийгизип чоңойтуптур. Ал кишиге жолугуп, ыраазычылыгымды билдирем деп жүрөм. Бирок кайсы күнү билбейм. Таята-таенеси менен мамилеси аябай жакшы. Видео байланыш аркылуу сүйлөшүп кабар алып, дары-дармек жөнөтүп турат.

– А мен тууралуу сурайбы?- деди Асия үнү калтырай.

– Жок. Бир-эки жолу сүйлөшкөнгө аракет кылдым. Бирок сүйлөшкүсү келген жок. Билишимче, эң чоң жарасы, эң чоң ызасы сенсиң.

– Жашоодо дайым ушундай. Эң жакын адамың гана оор сокку бере алат. Эң жакын ишенген адамың тирүүлөй көмүп, жүрөгүңдү сууруп, башка адам жасай алат. Меники да ошондой болду. Атам эң жакын адамым эле. Бирок оор учурда жүзүн буруп кеткен да ошол адам болду. Эгерде мен сени да, атамды да кечире албасам, Айдар мени кайдан кечирсин?..

– Ушу жумада Айдардын үйлөнүү тою болот.

– Чынбы?

Асия уккан кулагына ишенбей жатты.

ххх

Апакай көйнөк кийген колукту тынчсыздана телефонун карап жатты. Айдар келмек. Жүрөгү алып-учат. Убакыт тез өтүп кетишин тиледи. Бир кезде Айдар келди.

– Эмнеге кечиктиң?

– Сени бир аз тыбырчылатайын дедим.

– Кандай экенмин?- деди Айгерим тегерене. Кыз чындап супсулуу болчу.

– Кереметсиң!

– Сен дагы.

– Кеттикпи?

– Атам келмек, кечигип жатат. Арууке менен атам келсин, анан чыгабыз.

Таежесинин үйүнөн ары ЗАГСка жөнөп кетишмек. Бир аздан кийин Асман келди. Сонун гүл көтөрүп алыптыр. Ак куудай керилген кызды көрүп, Айдардын достору ооздорун ачып калышты.

– Айдардын карындашы...

– Аябай сулуу экен, ээ? Карасаң, бизден жашырып жүргөнүн...

– Абайла, Айдар моюнуңду жулуп албасын.

Ушинтип күбүрөшүп жатышты. Асман түз эле агасын кучактады.

– Куттуктайм, бүгүн сенин күнүң. Бактылуу бол, сен чындап татыктуусуң.

– Чүш-ш, бүгүн ыйламай жок.

– Жок, ыйлаган жокмун. Мен сени жакшы көрөм, Айдар байке.

– Мен дагы.

Ага-карындаш бири-бирин бактылуу тиктеп турушту. Босогодон келин көрүндү. Жүзү албырып, бактылуу эле. Айдар колунан аяр кармап тепкичтен түшүрдү. Дал ушул учурда атасы короого баш бакты.

– Ата, каякта жүрдүң? Эмнеге кечиктиң?

– Айдар, балам, бүгүн сенин эң бактылуу күнүң. Бактыңды бөлүшө турган дагы бир адам бар.

– Ата, таятамдар келишпейт. Болуңуз эми, машинеге отуралы.

– Апаң келди.

– Эмне-е?!

Айдардын аң-сезимине бул сөз жеткен жок. Апасы дейби? Кайсы апасы? Атасы эмне деп жатат? Ушул учурда короодон Асия көрүндү. Эчен жыл көрбөсө да, бала кургурдун жүрөгү тааный койду. Бул аял элес-булас эсинде калган. Аң-сезиминин түпкүрүнөн эстегенге тырышкан, эчен жылдар бою эзилип күткөн ушул аял. Күтө берип боору катып, ызасы тоодой болгон. Түндө сагындырган, жаздыгын суу кыла ыйлаттырган ушул аял эле. Эми маңдайында эч нерсе болбогондой турат. Төрт мүчөсү түгөл, атүгүл эң жакшы жашоодо жашаганы да көрүнүп турат. Айдар теңселип кетти. Анын колдору титиреп жатканын Айгерим гана сезди.

– Жок, ал эмес!- деди ичинен.

Качып кеткиси келди. Бул аялдан качып кутулуу керек. Азыр үйлөнүү тою экенин, колуктусу жанында турганын да унутуп калды. Колун бошотту да, кетенчиктей берди.

– Айдар!

Ал эч нерсени уккан жок. Бул аялды карап туруу мүмкүн эмес болчу. Тез бурулуп машинесине отурду да, от алдырып жөнөп кетти. Аркасынан кыйкырган досторун, ак көйнөк кийген колуктусун, атасынын бир нерселерди айтып чуркап келе жатканын көрдү. Жер-суу тегиз болуп кетип бара жатты. Сол жагындагы муштумдай эт гана дүкүлдөп кагып, ээ-жаа бербей жатканын, каны дүрүлдөп мээсине чыгып баратканын сезди...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
jasgul
2020-03-09 09:18:38
Кудайым ааайй, мынча пешенеси шордуу болбосо...
0
tular
2020-03-09 09:28:59
Мен биринчи
0
Peri.jan
2020-03-09 13:31:33
Оооо кудай журокту оорутту го.
0
Aituwas
2020-03-09 19:48:03
Эми бир нерсе болуп кетпесе болду
0
Kalla
2020-03-09 20:34:52
Эээх.
0
rtuiop
2020-03-09 21:43:37
Бүтүргүлөчү эрте нары баарын бактылуу кылып
0
№ 905, 5-11-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан