КҮЙӨӨСҮ АЯЛЫ МЕНЕН БАЛАСЫН БЫЧАКТАП, ӨЗҮ АСЫНЫП АЛДЫ

6-мартта Бишкекте үрөй учурган окуя орун алды. Күйөөсү аялына жана баласына бычак сайып, андан соң өзү асынып алган. Каргашалуу окуяда бүтүндөй бир үй-бүлө кыйрап, ата-эне жерге берилсе, 9 жашар баласы учурда ооруканада.

БИШКЕК ШИИББи: “ОКУЯ ТЕРИШТИРИЛҮҮДӨ”

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин маалымат кызматы кылмыш тууралуу төмөнкүчө маалымат берди:

– 6-март күнү саат 12:00 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө 5-кичи райондо үй-бүлөлүк чырдан улам күйөөсү аялына жана баласына бычак сайгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя орун алган жерге барган Октябрь РИИБинин ыкчам тергөө тобу көп кабаттуу үйлөрдүн биринен бычактан жаракат алган аялдын жансыз денесин жана ваннадан эркек кишинин асынып алган абалдагы денесин табышкан. Ал эми “Тез жардам” кызматы 2010-жылы туулган өспүрүмдү бычактан алган жаракаты менен оор абалда №3 балдар ооруканасына жеткирген.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды жана керектүү экспертизалар дайындалды. Окуя териштирилип жатат.

“БУЛ ҮЙ-БҮЛӨДӨ МЫНДАЙ ОКУЯ БОЛГОНУНА ИШЕНЕ АЛБАЙ ТУРАМ”

Окуя болгон үйгө барганыбызда кошуналары бул үй-бүлөнү жакындан тааныбастыгын билдиришти. Көп кабаттуу үйдүн жашоочулары "окуя болгон үй-бүлө тууралуу толук маалыматыбыз жок, бир нерсе айта албайбыз" деп жатышты. Айрымдары “жакшы жашоо шартта жашаган үй-бүлө болчу. Сыртынан карап мындай нерсе орун алганына ишене албай турам. Үй ээси интеллигент киши болчу. Аялы, менимче, соода-сатык кылчу. Бала аябай сүймөнчүк, элпек бала. Эми ага ден соолук тилейбиз” дешти. Кошуналарынын айтымында, маркумдардын сөөгү башка жакта жерге берилген.

Бул үрөй учурган окуядан жабыркаган 9 жаштагы баланын абалы тууралуу «Учурда бала эсине келген, бирок жандандыруу бөлүмүндө. Алдыга жылыш бар. Керектүү дарыланууну алып жатат. Бардыгы жетиштүү» деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

ОКУЯДАН УЛАМ ПАЙДА КӨРГҮСҮ КЕЛГЕНДЕР БАРБЫ?

Айрым маалымат каражаттарына жана интернет булактарына “бычактан жаракат алып ооруканада жаткан жабырлануучу баланын такма жалаягына акча керек” деген маалымат тараган. Анда каражат топтоону “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” коомдук фонду демилгелегени айтылат. Ал эми фонддун директору Назгүл Турдубекова жабырлануучу өспүрүмгө акча чогултуу токтотулганын маалымдады.

“Бизге жеткен такма жалаяк керек деген маалыматтан улам жардам иретинде чогултуу иши башталган. Ага “Элсом” капчыгы ачылган болчу. Бирок баланын жакындары байланышты, өспүрүмдүн дарылануусуна каражат керек эместигин, бардык медикаменттер жетиштүү экенин билдиришти. Андыктан жардам чогултуу эсебин дароо жаптык”,- деди Турдубекова. Бирөөнүн күйүтүнүн үстүнөн пайда көргүсү келген шылуундар жок эмес. Турдубекова акча чогултулуп жатканы тууралуу маалыматтын баарын басылмалардан жана социалдык тармактардагы жарыялардан өчүртүп жатканын кошумчалады.

"ТАМАКТЫ ТЕЗ ЖАСАБАЙСЫҢ" ДЕГЕН ЖАҢЖАЛДАН АЯЛ КАЗА БОЛГОН

Үй-бүлөлүк чыр-чатак жана зордук-зомбулуктан өмүрлөр кыйылган окуялар көп болууда. 12-февраль күнү Сокулук районунун аймактык ооруканасына “Тез жардам” кызматы менен Сокулук айылынын 42 жаштагы тургуну денеси күйгөн абалда жеткирилгендиги жана бир күндөн кийин жандандыруу бөлүмүндө каза болгондугу боюнча маалымат тараган.

Окуя боюнча чогултулган иш кагаздар Сокулук РИИБине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Натыйжада аталган кылмышка шектүү делип каза болгон аялдын 46 жаштагы М.А. аттуу күйөөсү кармалган. Ал Кылмыш жана жаза кодексинин 130-беренесинин негизинде шектелип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Окуя боюнча маалыматка таянсак, ал күнү маркум келиндин күйөөсү М.А. үйүнө түштөнүү үчүн келип, аялына тамак жасап берүүсүн сураган. Мас абалында болгон жаран аялынан тезирээк тамак жасоосун талап кылып, ортодо уруш чыгып кеткен. Шектүү бөтөлкөнүн жарымынан турган бензинди аялына чачып жиберген. Ошол учурда аялы газ-плитаны жандырам деп ширеңке чакканда өрт чыгып, аялдын денесине от жабылган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши улантылып, кылмышка шектелип кармалган адам 2 айга камакка СИЗО-1ге киргизилгенин Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кошумчалашты.

Мындай окуялардын байма-бай болуп жатканы өкүндүрөт. Үйлөнүп, бирок жоопкерчилигин моюндабаган, баалуулугун сезбеген адамдардын айынан жалпы коомго көө жабылып келет. Бири-бирин аярлабаса же өсүп келе жаткан баланын келечеги эске алынбаса, урушуп-талашып, балдарды коркунучта өстүрө турган үй-бүлөнүн курулушунун канчалык кажети бар?

Динара Акимова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бишкекте күйөөсү аялын, баласын бычактап, өзү асынып алды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 906, 12-18-март, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан