"СЕНДЕН КИЙИН..." Жакында... Жаңы сериал...

Жашоо сюрприздерге бай. Бир учурда сөөк өчтү душман болгон адам сени өлүмдүн чеңгелинен куткарат. Ал эми жаныңды бере турган адамың чыккынчы болуп чыгат. Бул аялдын бардык нерсеси бар болчу, өтө бактылуу эле. Сүйгөн күйөөсү, 19 жашка чыккан уулу, карьерасы, үйү, унаасы, кадыр-баркы, баары бар болчу. Аз убакыт ичинде шамал учуруп кеткендей, баарынан айрылды. Өзү майыптардын арабасында отуруп калды. Эң оору – ушул абалында душманынан жардам суроого аргасыз эле. "Мындан көрө өлөм" деди. Кээде өлүм да келбей койгон учур болот тура. Далбастады, тыпырады, аргасыз калганда гана тагдырына моюн сунду. Мына ошол моюн сунган абалында гана душман деп жүргөнү анын жалгыз үмүтү экенин сезди.

Эки аялдын таң каларлык тагдырына кийинки сериалыбызда күбө болосуз. Сериал сизди кайдыгер калтырбайт, күтүңүз!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 908, 26-март - 1-апрель, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан