БЫЧАК МИЗИНДЕГИ ЖАШОО (Тынч жашоосу күтүүсүз бузулуп, Казакстанда оор күндөрдү баштан кечирген жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Адыл ага да жөнөкөй киши эмес, апасы менен Аселди көздөн оолак, ошол эле учурда абдан кооз жерге жайгаштырыптыр. Деңиз жээгинде чакан 5 бөлмөлүү үй. Крит деген аралдын четиндеги Ханья деген шаарга караштуу аймак экен, аэропорт, кемелер токтоочу порттордон өтө эле алыс болгондуктан, туристтер дээрлик жок. Жалаң жергиликтүү калк, грек анан англис тилинде сүйлөшөт экен. Асел англисче жакшы сүйлөйт, Каныш апа экөөбүз билбейбиз. Такси менен үйгө жеткен убакта Асел короодо сейилдеп жүргөн экен, мени көрүп сүйүнүп кетти. Менин мынчалык тез келеримди күтпөсө керек, өзүнчө эле бирдеме болуп жатты. Чай үстүндө улам сөзүнөн жаңылат, чай сунса колу калтырайт, жүзү да албырып чыкты. Каныш апа экөө Алматыдагы абалды сурап жатышты. «Баары жакшы» дегенден башка сөз айтпадым.

Күндөр өтүп жатты, Крит аралын кыдырып чыктым. Бирөө менен бирөөнүн иши жок, адамдар жайдары, шаңдуу. Эч бир көйгөйү жоктой жүрүшөт. Карагандадагыдай бири-бирине үтүрөйүп караган, дайым кайдадыр шашып жүргөн адамдарды көрбөйсүң. Күн ысык, сууга түшүп алып күнгө кактанып кумда жата бересиң. Аба ырайы жылуу аймактын эли да жайдары болушабы же мага ошондой сезилдиби, айтор, жакты. Болгону Асел экөөбүздүн мамилебиз... Же кыз-жигиттей эмес, же катардагы тааныштардай эмес, бир кызыктай абалда жүрдүк. Же ал «повод» бербейт, же мен мырзалык кылып биринчи кадам таштай албайм. Демейде ойлонуп жүрбөй шар чечим чыгарууну жактырган жаным, негедир Аселге сезимимди билдирсем дегенде толкунданып, тиктеше түшкөндө жаш балача сүрдөй турган болдум. Мен минтип эт менен челдин ортосунда жүргөн убакта Асел англисче билген жергиликтүү досторду таба баштады. Көп өтпөй алар менен абдан ынак болуп кетти. Арасында жигиттер да бар, бир индус түспөл капкара, тармал чачы дегеле Аселдин артынан калбайт. Экөө көп жолугат, бирдемелерди талкуулашат. Кээде талашып-тартышып кетишсе, кээде каткырып күлүп калышат. Сырттан кызгана баштадым. Асел ал тармал чач жөнүндө Каныш апага айтып бериптир, жергиликтүү бизнесмен имиш, атын Герик деди.

Бир жолу экөө короодо тактайларды кураштырып бирдеме жасап жатышты, мен бөлмөдөн дүрбү менен байкатпай карап отургам. Бир маалда Асел бармагын кесип алды окшойт, чаңырып калды. Тигиниси болсо үйрүлүп түшүп, этияттап колун таңып берди, Асел да ага ыраазы боло тиктеп, улам башын ийкегилеп жатты. Жиним келип дүрбүнү креслого ыргытып жибердим да, тармал чачты сөгүп-сөгүп алып, жатып алдым. Оюма ар нерсе келет. Чын эле бири-бирин жактырып калыштыбы? Же Асел мени кызгантуу үчүн атайын кылып жатабы?

Герик кээде Каныш апа менен Аселди алып катер менен ар кандай майда аралдарды көрсөтүп келет. Мени да "жүр" дейт, жаныбызда эч ким жокто аны кыргызча ашата сөгөм да, «барбайм» деп баш чайкайм. Эки-үч жолу чакырып, кийин айтпай деле калды. Сүрөттөргө түшүп келишет, сонун аскалуу аралдар бар экен, кол менен жасагандай кооз, туннель сыяктуу, айтор, барып көргүм келет, намысым жол бербейт. Каныш апа бир жолу урушкан "эмнеге барбайсың?" деп. “Катерге түшсөм башым айланат” деп кутулгам.

Күндөр өтүп жатты билинбей, шаардын борборуна барып, апам менен сүйлөшүп келем. Апама Карагандада элемин деп койгом. Билинбей төрт ай өтүп кетиптир, Адыл агадан эч кандай кабар келе элек.

 

Бир күнү деңиздин боюнда жаткам, бетиме бирөөнүн көлөкөсү түшүп, күндү тосуп калды. Карасам Арсен, кадимки эле Карагандадагы досум Арсен. Көргөн көзүмө ишенбей, ордумдан ыргып туруп карасам ошол. Арыктап, жаактары шилинип, көздөрү ичине кирип аябай жүдөп калыптыр. Айрыкча көзүнүн карасы бир кызыктай, саргыч тартып нуру өчкөн, жашоодон үмүтү калбаган көз караш. Башын бир жагына кыйшайтып алган. Сол колу сынган окшойт, гипстеп, моюнуна илип, оң колуна таяк таянып алыптыр.

– Самат, кандайсың досум?- деди алсыз үн.

Баягы күлүп-жайнаган, шуулдаган Арсен жок, көздөрү ойноктоп, кимдендир коркуп турат. Оозум ачылып эле карап туруп калыптырмын.

– Тааныбадыңбы?- деп күчкө салып жылмайымыш болду. Анан чөнтөгүн сыйпалап Адыл аганын баягы шакегин алып чыгып көрсөткөндө гана өзүмө келип, Арсенди кучактап калдым.

– Арсен, досум, кандайсың?- деп аптыга ал-жайын сурап жаттым. Бул жолугушуу мени бир саамга нес кылып койгон эле. Арсен соо колун көтөрүп:

– Отурайынчы, араң жетип келдим,- деп жерге менин жардамым менен араң отурду да, оор үшкүрүндү. Анан колун жаңсай жерди көрсөтүп "отур" деген белги кылды. Жанына отуруп жатып карасам омуртка сөөктөрү оркоюп футболкасынын сыртынан кадимкидей билинип турат. Аз убакытта таанылгыс болуп өзгөргөн Арсенге таң калып бүтпөй жаттым. Арсен отуруп алып, башын бир жагына ийип, оор дем алып, деңизди карап унчукпай көпкө отурду.

Бир нерсе сүйлөйүн деп баратып токтоп калдым. Арсенге төбөдөн күн тийип калган экен, зонтту алып көлөкө болсун деп жанына сайып койсом:

– Күн жейинчи, Самат, ысыгы жагып жатат, алып эле кой,- деди.

Ушунчалык таң калдым, аяп, көзүмө жаш тегерене түштү. Жанына отуруп далысынан кучактап:

– Арсен досум, эмне болду? Ким жеткизди сени мынчалыкка?- дедим чындап боор ооруй.

– Арак барбы, Самат?

– Жүрү үйгө, эс ала тур. Мен алып келе калайын, жакын эле жерде.

– Макул, уктап алайынчы бир аз.

Ордунан тургузайын деп колтуктасам жаш баладай жеп-жеңил болуп калыптыр. Бөлмөмө алып кирип жаткырсам дароо уйкуга кетти. Каныш апа да уктап жаткан окшойт, көрүнбөйт. Асел адатынча Гериги менен кеткен, азырынча келбесе керек. Үйгө жакын жерде чоң дүкөн бар, туристтер үчүн бир бөлүгүндө ар элдин улуттук суусундуктары, ичимдиктери сатылат. Орусиядан чыккан арактын үч-төрт түрү бар экен, ар түрүнөн бирден кылып үч бөтөлкө алып келсем Арсен үч бүктөлүп, кичинекей баладай болуп уктап жатыптыр. Ойготподум.

Аңгыча Каныш апанын дабышы угулуп, бөлмөсүнөн чыга келди.

"Жакын досум эле, ооруп калган экен, Адыл ага дарыланып кел деп мага жөнөтүптүр, азыр уктап жатат” деп койдум.

Каныш апа Арсенди көрүп эле түшүндү:

– Ойгонсо, мага айт,- деди, башка эч нерсе деген жок. Ошол бойдон кечке чейин бөлмөсүнөн чыкпады.

Арсен кышылдап оор дем ала уктап жатты, анын ойгонушун күтүп жатып менин да көзүм илинип кетиптир. Эшик катуу жабылган добуштан чочуп ойгондум, кире бериште Асел туруптур. Анын арт жагынан Гериктин башы көрүндү. Арсен да чочуп ойгонуп, катуу коркуп кетти окшойт, башын жаздыкка катып:

– Самат, Адыл агадан киши келдиби?- деди калтырап.

– Асел, эшикти акырын эле жаппайсыңбы,- дедим жактырбай.

Муну уккан Арсен өйдө болуп, Асел менен ыңгайсыз боло учурашып:

– Жакшысыңбы, Асел? Коркпо, мени Адыл ага өзү жөнөттү,- деди жер тиктей. Асел Арсендин түрүн көрүп оозу ачылып, турган жеринде катты. Аңгыча Каныш апа да кирип келип, Арсендин жанына отуруп анын колун кармады:

– Жакшы келип алдыңбы, балам? Бул жердин абасы, суусу таза экен. Саматты көрдүңбү, кандай толо түшкөнүн. Баары жакшы болот, балам. Азыр болсо жүргүлө ашканага, тамак ичели,- деп ордунан турду. Ортодон Асел сөзгө аралашып калды:

– Кыймылдайын деген аракет болбосо, үйдөн чыкпай эртеден кечке жатса, толо түшөт да,- деп жылмая мени карады. Каныш апа анын какшыгын түшүнбөй зекип калды:

– Асел, кой, кызым. Жатпаганда эмне кылмакпыз? Экөөбүз эле эмне кылып кыйраттык?- деди мага болуша. Жаңы келген күндөрү эле Каныш апа уста жалдап, короого айылдагыдай топчан жасатып алган. Ошол жерге дасторкон даярдап коюптур. Баарыбыз унчукпай отуруп тамактанып жаттык. Асел менен Каныш апа көп нерсе сурагысы келип, бирок Арсендин түрүн көрүп эле сурай алышпай жатканын байкап отурдум. Тамак үстүндө Герик Арсенди карап алып Аселдин кулагына бир нерселерди айтып шыбырап жатты. Ал эми менин оюм Арсендин кейиштүү абалы менен Аселдин жанагы какшык аралашкан «намёгунда» болуп жатты…
 

(Уландысы кийинки сандарда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Aibek_88
2020-04-16 10:43:18
Эки жуманыкын Бир жазат го десе....
+3
LunaSun
2020-04-16 12:03:43
калганы качан?
+3
jama9210
2020-04-16 17:31:10
Повод бербейт дэээ
-1
fak
2020-04-22 19:33:09
Калганы уландысы качан чыгат, бутуруп таштагыла козубузду торт кылбай
-1
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан