«Сенин колуңдан эмне келмек эле?» Уфф, тажадым. Апа, эс тартканы ушул сөздү укпаш үчүн, сиздин бир ооз алкооңузга татуу үчүн аракет кылдым. Эч эле көзүңүзгө көрүнбөй койдум. Мен 2 уулдун ортосундагы жалгыз кызмын. Адатта, үйдүн жалгыз кыздары эрке болуп чоңоюшат эмеспи. Мен бала чагымдан үйдүн жүгүн көтөргөн кыз болдум. Бирок апамдын 2 уулунун арасынан такыр көрүнбөйм. Буга кыз болуп төрөлгөнүм себеп окшойт. Мындан башка эч кандай себеп таба албай келем. Апам байкем менен инимди караган көздөрү менен мени да каратыш үчүн аракет кылбаган күнүм болгон жок.
3-класс болчумун. Апам биринчи жолу күндөлүгүмдү текшерди. Ал жакта жалаң 2 жана 3 деген баа. Жаман окуйт элем. Анткени үй жумуштарынан колум бошочу эмес. Бул баалар үчүн ошол күнү көк ала болгончо таяк жедим. Бир да жолу мени менен үй тапшырма даярдашып отурбаган, бир жолу калем карматып, «кызым, бул тамганы минтип жаз» деп айтпаган, бир да жолу ата-энелердин чогулушуна барбаган, «окууң кандай, кызым?» деп сурабаган эненин баланы мынчалык көк ала кылып сабаганга акысы бар беле? Ал учурда кимдин эмнеге укугу бар, канчалык укугу бар экенин ойлоно алчу эмесмин. Бирок менин денеме караганда жүрөгүм катуураак ооруганы эсимде. Анткени байкем менен инимдин сабактарына көңүл буруп, алардын ата-энелер чогулушуна барат элеңиз.
8-класс болдум. Апам дүкөн ачты. Ошол дүкөндү иштетүүгө жардам берем деп мектепке барбай калдым. Бул иш менин партада отуруп башка балдар сыяктуу билим алуу укугумдан ажыратууга, күндө дүкөндөн башымды чыгарып ак көйнөк кийген окуучуларга суктана тиктөөмө, мектептеги көз ирмемдерди өткөрүп жиберүүмө татыктуу беле? Жок, иш деген бирде бар, бирде жок, бирде жемишин берет, бирде банкрот кылат экен. Сиз банкрот болдуңуз. Менин болсо кайталангыс учурум, балалыгымдын маанилүү көз ирмеми убакыт менен кошо учуп кетти. Өкүнүчтүүсү, бул жүктү бир туугандарым менен биргеликте тарткан жокмун. Байкем менен иним мектептен тышкаркы убактарда гана бизге жардам беришчү. Банкрот болуп калганыңызга байланыштуу кайрадан бутубузга турууга чара издедик. Бул чара кайрадан эле менин балалыгымды уурдоого багытталды. Орусияга барып бала багып иштеп, сизге жардам бердим. Ал жакта көргөн кордугумдун бирин да сизге айткан жокмун. Айтсам бир нерсе өзгөрчүдөй арман кылып алганымды кантейин? Сиз менен сырдашып, кеңешип отурган учурду кыялдана да албайм. Сырдашуудан мен жемелөө, кемсинтүүдөн башка эч нерсе албаарымды билем. Баса, кийин жакшы бутубузга турдук.
20 жашка чыктым. Кошуна, тууган-урук «суйкайган сулуу, тыпылдап жаны тынбаган кыз» деп суктанышты. Сиз «түрүң суук, шалаакысың, колуңдан эч нерсе келбейт» дедиңиз. Эртеден кечке жумушта болуп, андан келип жаш келиндей үй жыйнап, тамак жасап, бардык жумуштарга жетишсем да, сиздин көзүңүзгө уктап жаткан уулдарыңызчалык боло албадым. Бир күнү жумуштан келсем, каарыңызды чачып мени күтүп отуруптурсуз. Кайдагы бир кошуна келиндин ушагынан улам ар кайсы сөздөрдү айтып, үйдөн кууп чыктыңыз. Анткени кошуна эже мени кайсы бир үй-бүлөлүү эркектин жанынан көргөнүн айтыптыр. Менден бир ооз сурап койсоңуз болбойт беле? Сиз айткан киши менин кесиптешим гана болчу. Фу! Ушакчыларга кошулуп өз кызыңызга ушундай күнөөнү кантип тактыңыз? Ушундан кийин өчөшүп сиз ишенип алган ушакты чындыкка айланттым. Үй-бүлөлүү, 3 баласы бар кишиге көңүлдөш болуп алдым. Жыргап кетти дейсиңерби? Азыр да ошол адамдын азабын тартып жүрөм.
25 жашка келгенде өз алдымча бутума туруу үчүн дүкөн ач деп мага имарат ижарага алып бердиңиз. Аныңызга рахмат, бирок байкеме көрсөткөн колдоону мага да көрсөтсөңүз тез эле көтөрүлмөкмүн. Байкеме кредит алып берип, карыз болуп калса өзүңүз төлөп чуркап жүрдүңүз. Мени болсо эмне кылар экен деп сынагандай сырттан карап турдуңуз. Карызга баттым, банкрот болдум, ишкердикти кайрадан тургуздум. Эми гана дүкөнүмдүн пайдасын көрөр күн келгенде дүкөндү менден алып, иниме өткөрүп бердиңиз. Мунун себебин кайра эле «колуңдан эмне келмек эле?» деп түшүндүрдүңүз. Алгачкы жолу мындай мамиле кылып жаткан жоксуз да, буга да чыдайм.
Азыр жашым 35ке келди. «Күйөөгө тийбей койдуң» деп жек көрүп карайсыз. Апа, мунун баарына сиз күнөөлүү экениңизди ойлонуп көрдүңүз беле? Сиз жараткан мендеги ишенимсиздик, коркоктук, корунчаактык кантип башканы жанына жолото алсын? Кантип бактылуу болоруна ишене алсын? Өзүнө тебелендиде калган жашоону ыраа көргөн кыздар үй-бүлөлүүлөргө, байларга көңүлдөш болушат. Анткени алар өзүнө сүйүүнү, нормалдуу жашоону татыксыз көрүшөт. Сүйүү издеп жүрүп ар кандай эркектерге алданышат экен. Ата-энелер, бала бойго жеткенде ушул сыяктуу маселеге кабылганда канчаңар «бала чагында мен эмнени туура эмес кылдым экен?» деп өзүңөргө суроо берип көрдүңөр эле? Бере элек болсоңор, берип көргүлө. Өзүнө ишенимсиз, турмушта өз ордун таба албаган, 40 жашка келсе да өз турмушун кура албаган адамдарды бала чагында көрсөткөн адилетсиз мамилеңер, жетиштүү сүйүү бербегениңер менен өзүңөр жаратасыңар. Мен апама жагынууга аракет кылбайм деп көп жолу өзүмө сөз бердим. Бирок эң жакын адамынын сүйүүсүнө тойбой калган адам башка жактан ишеним күтө албайт экен. Бир эле жолу алкап, кызыңыз сулуу, акылдуу, аракетчил экенин айтып, жылуу көздөрүңүз менен карап койсоңуз, жашоомдун көп жылдарына жете турган күч бермексиз. Балким, ошондо сонун жашоого татыктуу экениме ишенмекмин, үй-бүлө күтмөкмүн, кесиптеш, досторумдун арасында барктуу болууга үйрөнмөкмүн. Жок дегенде сиз жана уулдарыңыз үчүн кылган курмандыктарым текке кетпегенине кубанып калмакмын. Апа, мага кылган мамилеңиз менен жалгыз кызыңыздын тагдырын талкаладыңыз...
Айпери