ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

Асия түш көрдү. Жапжашыл болгон жерде туруптур, алыстан бир адам көрүндү. Жакшылап караса каза болгон күйөөсү Абдул экен. "Кел" деп кол булгагансыйт, сүйүнүп кетти күйөөсүн көрүп. Колдорун созуп аркасынан жөнөдү. "Артыңды караба" дегендей ишарат кылып күйөөсү алып баратты. Ойгонуп кетти, көзүн ачып эле тиктеп отурган Айдарды көрдү.

– Айдар, уулум...

– Бул эмне кылганың, апа?

– Кечир, сага дагы адилетсиздик кылдым. Бирок кантейин, сенден кете албай койдум. Сага оор болушун билсем да кете албай койдум. Аз күнүм калса да сени менен болгум келди. Күн сайын сени көрүп жашаган мага кандай бакыт болгонун билсең, уулум. Дагы өзүмчүлдүк кылдым, ээ?- деп бул жолу Асия араң сүйлөп жатты. Энтиге дем алган апасын көрүп чыдабай кетти, кучактай калды.

– Чүш-ш, сүйлөбө, алың кетип калат. Жөн эле колумду кармап жатып тур.

– Сен мени кечирдиңби?

– Апа, укта, күч топто.

– Сен кечирдиң мени, билем,- деп күбүрөнүп жатып уктап кетти. Ошол убакыттан кийин качан көзүн ачса уулу колун кармап отурат. Саамайын сылайт, ыйлагынын көрсөтпөйүн дейт. Бирок көздөрү кыпкызыл. Акыркы күнү деми оорлошуп калды, ички туюму менен аз убактысы калганын сезип турду. Эрнисти, Асманды, Айгеримди чакыртты.

– Ар бириңдин алдыңда күнөөм бар. Кечиргиле мени, бирок силер үй-бүлө болуп биримдикте турганыңарды көрдүм, буга да шүгүр. Арууке, сенин алдыңда да апаң үчүн кечирим сурайм. Апаңдын атынан да кечирим сурайм. Биз силерди дүйнөгө жаратканыбыз менен, жоопкерчилик ала албадык. Балалыгыңарды колуңардан жулуп алдык, бактысыз кылдык. Кечир, кызым, атаңды, апаңды, мени кечир.

– Кечирдим,- деди Асман көз жашын сүртүп.

– Айгерим, каталарыбызды кайталабагыла, бири-бириңден оной менен баш тартпагыла. Айдарым сени менен гана бактылуу экенин унутпа.

Айдар менен Эрнисти жалдырай тиктеди. Бул көз карашта бүт баары бар эле. Ошол түнү Айдар апасы менен түбөлүккө коштошту. Аттиң, апаңдын жөн эле жер үстүндө жүргөнүн билүү сонун тура. Ага ыза болсоң да, жек көрсөң да тирүү экенин билүү минтип топурак менен сүйлөшүп калгандан миң эсе өйдө экен.

– Апа, бизде баары жакшы, атам кыйналып жүрөт, бирок сыр билдирбейт. Арууке болсо, алтыным, чимирилип жанымда. Айгеримдин курсагы күндөн күнгө чоңоюп жатат. Баса, сен эсебиме которгон акчага чоң үй алдык, бизге Арууке да көчүп келди. Атам чарбакта сонун гүлдөрдү өстүрүп жатат. Ар күнү ал дагы сага келет. Апа, дагы да жаңылыгым бар. Мигранттардын балдары үчүн чакан фонд ачтым. Аларды каржылоо, билимин өстүрүү, кем-карчын толуктоо сыяктуу иштерди кылам. Сенин акчаң эми ал балдардын келечегин түзөт. Апа, сен акыркы жолу сурадың го, мени кечирдиңби деп. Мен ошондо жооп берген эмесмин. Азыр жооп бергенге даярмын. Мен сени менен сүйлөшкөнү мейманканага бардым го. Дал ошондо мага жаштуу көздөрүң менен тигилгениңде жүрөгүмдөгү бардык муз эрип кетти. Мен сени кечирим сурай элегиңде эле кечиргем. Менчелик апасын сүйүп күткөн бала болбосо экен. Ар бир адам жаңылат, жолун таппай калат, сен жолуңду таппай калдың. Мага келе турган жолуңду жоготуп алдың. Бирок мени эч качан жүрөгүңдөн чыгарбаганыңды билем. Жылдар бою муну сезип жүрдүм. Мен сени жакшы көрөм, тынч укта, а мен дагы келем. Эгерде келбей калган болсом да таарынба, анткени сен кайда болсом да жүрөгүмдөсүң...

ХХХ

Төрөткана. Гүл көтөргөн Айдар кубанычы коюнуна батпай турду. 3 күн мурун ал кыздуу болгон эле.

– Айдар байке-е!

Артына кылчайып Арууке менен атасы турганын көрдү. Экөөнү чогуу көрүү кандай сонун?! Арууке болгону атасын эч качан "ата" деп айта албады. Алгач үйгө көчүп келгенде ага ким деп кайрыларын билбей жатканда Эрнис өзү "аба" дей беришин айткан. "Сулайман атаңдын ордун мен эч качан толтура албайм. Мени ата деп айта албай жатканыңды да түшүнөм. Чындыгында ата ар дайым жанында болгон, колдогон, керек болсо чымындан да коруган адам болушу керек. Мен анте албадым, мени “аба” десең, жүзүңдү күндө көрсөм ошол жетиштүү болот",- деген эле.

Экөөнүн чогуу жүргөнүнө да шүгүр. Энтиге чогуу келишкен экөөнүн жүзүндө да толкундоо бар эле.

– Кана, чыгыштыбы?

– Жок, азыр чыгышат.

Айдар менен Айгерим бир аздан кийин колундагы кичинекейди көтөрүп чыгышты.

Эрнис менен Асман карбаластай наристеге умтула беришти.

– Мына небереңиз, ысымын да сиз коюңуз,- деди Айдар жылмайып.

Чоң ата чүрпөнүн жүзүн ача берди. Күн нурунан көздөрүн ача албай жатып араң ачкан наристе чоңдорду баам сала тиктеп калды.

– Асия! Сенин ысымың Асия болсун,- деди Эрнис каргылданып. Айдар менен Асман бири-бирин тиктеп калды. Көздөрү менен сүйлөшүп атасынын абалын түшүнүштү.

Дүйнөгө дагы бир периште келди. Ата-энесинин сүйүүсүнө толгон, үмүт алып келген бир наристе келди. Ылайым периштелер ыйлабасынчы!

(Аягы)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Naz0626
2020-04-30 10:41:53
Буттубу?Ушул элеби?
-1
Kanykei_95
2020-04-30 11:55:40
ооой буттууууу,башка чыгарма окубайм суперден,журок оорулу болгону калдым ар жаны чыккан сандарын куто берип
+6
Jaigz
2020-04-30 13:04:10
Баары жакшы болот деген создун, дагы бир мисалы, ушул кунго жетиш учун Айдар мн Асмандын жашоосу турмушта сабак болчу чыгарма экен, Автор сизге рахмат, дагы да калеминиз курчуй берсин...
+1
meri.kg
2020-04-30 18:06:50
Аягы жакшы эле бүттү Айдар Бактылуу болду аягында
+1
meri.kg
2020-04-30 18:08:10
Өлүмдүн үч түсү дегенди да окуп жаткан элем .
+1
eliza_eliza
2020-05-03 15:27:33
Буулугуп калган экенмин, козумо жаш толтуруу менен окудум...эх,кандай сонун чыгарма!
0
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан