“МЕН ГО МЕЙЛИ, БАЛДАРЫМ БАКТЫЛУУ БОЛСО БОЛДУ...”

Манжаларым эч нерсе сезбей жатабы же ооруп жатабы? Тызылдагансыйт. Тызылдаса, демек, кан жүгүрүүдө. Демимди чыгарбай жатып ушуларды ойлодум. Колумду кыймылдатып көрсөмбү, жок, сынып түшүп калса да жата берейин. Сени ойготуп алып тозоктун баары башынан башталбасын. Үйдүн ичи муздак, балдар тоңду го. Атасын ойготуп албайын деп алар деле дымы чыкпай жатышат да. Эртең кандай маанайда ойгонор экенсиң?

Интернеттен ырчылардын жакшы кийимдерди кийип алып, күйөөлөрү менен жетелешип түшкөн сүрөттөрүн көрүп суктанам. Жаңы төрөлгөн балдарына атайын фотосессия кылып, сонун сүрөттөрдү чыгарышат го. Ошондой жыргал жашоо чынында эле барбы? Же калп эле бактылуу болумуш болушабы?

Балдарымды аяйм, апам да убагында бизди аяган чыгар? Атам ичип келгенде жырткычтан качкан коёндой эле тыпырап баарыбыз кирерге тешик таппай калчубуз. Баарыбыз туш-тушка качып кетип, атамдын колунда жалгыз апам калар эле. Апама болушсак бизди кошо сабайт, коркуп, бекинген жерлерибизден чыкчу эмеспиз. Бир топтон кийин жоолугу шыпырылып чачы саксайган, бети-башы көк ала болгон апамдын жанына барчубуз. Азыр ойлосом, биз апабыздын ыйлаганын көрчү эмеспиз. Бир жолу эле бир иним катуу ооруп калганда апам түнү менен чекесин сылап, ар кандай дары берип отуруп анын дене табы түшкөндө оор үшкүрүнүп алып көпкө ыйлаган. Ошондо “апама эмне болду, атам урган деле жок го” деп таң калган элем. Азыр өзүм анын ордунда. Бакыт мени токмоктосо да мейли, 4 баласына колу тийбесе экен деп тиленем. Бакыт, хмм... Атын эмнеге Бакыт коюшкан? Бакыт эмей эле Тозок коюшса жарашмак.

Мектепте орто окудум, апамдын биздин окуубузга көңүл бурганга чамасы деле жок болчу. Мугалимдер эптеп “3” коюп, аттестат алып беришкен. Бир күнү эле үйгө аяш атам келип, мени баласына алып берерин айтып, достор ошол күнү дагы кечке ичип отурушту. Азыр жанымда жаткан Бакыт ошол аяш атамдын баласы. Бир айылдын балдарынын “атаманы” эле. Балдар ошол айылдагы кыздар менен сүйлөшүш үчүн андан уруксат алып, “тамагын майлап” кетишчү. Анын токмогунан канча баланын көзү көгөрдү. Өзүм ошол көк муштум жигитке аял болуп, бир арык кой, бир жашик аракка “соодаланып” кеттим.

10 жыл ичинде 4 балалуу болдук. Күйөөмдүн мени сөккөнү жаңылык деле эмес, аялдардын тагдыры ушундай экен дечүмүн. Анан эле Инстаграмда эмне болгон жетелешүү, сүйүү, түшүнбөйм.

Бакыт мени биринчи жолу кабыргамды сындыра сабаганда ызаланып милиция кызматкерлерин чакырттым. Денемдин ооруганынан өлүп каламбы деп ойлогом. Милиция келип жолдошумду кармап кеткенде, "ии, ырас эле кылыптырмын" деп өзүмө ыраазы болуп калгам. Бирок үч күндөн кийин бошонуп үйгө келип, кабырга эмес, бутумду кошо сындыра сабап салды. Көзүмдү жалдыраткан бойдон кала бердим. Азырынча балдарыма кол көтөрө элек, ылайым көтөрбөй эле койсун. Экөөбүздүн эзилише сырдашып, каткырып сүйлөшүп отурганыбыз деле эсимде жок. Теңтуштар менен Бакыт укмуш тамашалашат. Отуруштарда менин бар-жогум деле билинбейт, анткени көбүрөөк сүйлөсөм үйгө барганда “сен тигиге эмне айтасың? Ашыкча сүйлөдүң!” деп жинденет.

Маанайы жакшы учурда чай үстүндө балдардын окуусун сурап калат, анда жөжөлөрүм сүйүнөт. Үйдү жаңырта каткырып, чаң салып ойношпосо да жүздөрүн жылмаюу аралап, “аталап” калышат. Мага ошол эле жетиштүү. Мени сүйбөсө койсун, балдарына күйсө болду.

Башым ооруйт. Ии, бул дартты да күйөөм тартуулаган. Дубалды сүздүрө берип эстен танганда ооруканага алып барган, врачтарга “жыгылып кетип, башы тепкичтин кырына тийди” дептир. Эсиме келсем палатада милиция кызматкерлери, врачтар, анан күйөөм бар экен. Мээм чайкалганын айтып жатты врач. Мага үңүлгөн милиция кызматкерин карап көзүмдөн жаш сызылды. Баарын түшүндү, көздөрүнөн окудум, бирок унчуккан жок. Жардам бере албайм дегенсип көзүн ала качып, “жолдошуңуздун айтканы чынбы? Тепкичтен кулап кеттиңизби?” деди. Бакытты карагандан да корктум, айласыз гана баш ийкедим. Жок деп чыксам баягыдай эле 3 күнгө камалат, кайра келип менин шорумду кайнатат да.

Бир айылда болгондон кийин менин кандай азапта жашап жатканымды ата-энемдер билбейт дейсиңерби? Билишет, бирок жардамга чуркашканы жок. Ал үйдө да жолдошума окшогон атам бар. Теңтуштардын аялдары мени аяп “кетип кал” дешет. Кетип кайда барам? Кара жумуш жасап кыйрата турган ден соолугум болбосо, кеңседе ручка кармап койкоюп отургандай билимим жок болсо. Кыйналсам да балдарымдын кашында болоюн.

Ох, колум. Кечинде жасаган тамагым казандын түбүнө тартып кеткен үчүн күйөөм эки колумду жерге койдуруп, талпайган батинкеси менен үстүнөн тебелеп таштады. Ооруну сезбей көнүп калды деген менен жаным колумдун манжаларынан чыгып бараткандай тыпырай түштүм. “Кечирип кой, экинчи тамакты күйгүзбөйм. Бакыт, кечирип койчу...” Менден каалаган сөзүн уккандан кийин ошол эле тамакты жеп курсагын тойгузду да, жатып алды. Анын уйкусун бузбашыбыз керек, бузсак жаңжал. Кудайдын курутун уурдадым беле, ырыскым болсо дагы жашаармын, колум айыгар. Негизгиси, балдарым Инстаграмдагы мен үчүн жомок болгон бактылуу жашоонун, сүйүүгө толгон сүрөттөрдүн ээси болсо экен. Кой, уктайын, эртең Бакыт жакшы маанайда ойгонсо бир күн болсо да тынч жашайбыз...

Назира

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
jama9210
2020-05-05 05:20:36
Каяктан гана окуй калдым эле журогум ооруп чыкты. Сизге Сабыр,Ден соолук тилейм автор.
+6
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-05-05 06:03:49
Мындай аялдарды түшүнбөйм, түшүнгүм да келбейт.Адам өзүнө тың болуш керек да!Балага да ден соолугу чың АПА КЕРЕК!!! Инстаграмдагы жашоону да өзүңүз жарата аласыз!!!Башка эч ким! Эмнеге бир келген жашоодо бирөөгө кор болуп, жакшылык көрбөй өтүш керек.Балам үчүн деген менен,бала чоңойсо ал да өз жашоосу менен кетет.Аны да билген бала болсочу!Балага да да жаркын келечек, бактылуу балалык түзүп берүү керек.Же калп эле адам нервин сынаган жөө жомокпу!?
+7
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-05-05 06:05:16
Диндин жоктугу!
+8
Mirlan27011987
2020-05-05 08:18:12
Baktyluu_bolgum_kelet,
Диний фанатизм менен эч нерсеге жетпейбиз. Диндин жоктугу эмес. Адам бир эле динге байланбаш керек. Турмушта ушундай ачуу чындык окуялар адамдын козун ачат.
-2
katerina.li
2020-05-05 17:01:10
Baktyluu_bolgum_kelet,диндемин деп деле аялын токмоктон,кок ала койдой сабагандар толтура. Диндемин дегендерден ичинен келесоолор толтура
+4
PeRa
2020-05-05 09:28:40
Менин таэжемди да күйөөсү аябай сабачу, милицияга бер десек болбой берчү эмес. Азыр көп жерлери ооруйт. Бирок балдары чоңоюп калганда, апасына болушуп, атасынын колун кайрып калышты. Бирок ден-соолугун жоготту. 5 баласы бар.
+2
Alpen.gold
2020-05-05 12:36:59
Менин жашоом да ушундай эле болуп жатат.Эч нерсеге карабай өлүп алгым келет балдарымды аям
+1
Baktyluumun98
2020-05-05 18:31:38
Alpen.gold,балдарды аябай каматып салыныз.
+1
mela
2020-05-05 13:24:12
Чын эле ушундай уй-булоолор бар.Бензин чачып,орттоп жиберсе да ,кайра кечирип жашап атышппйбы?!Коркконунан.А милицияга баарыбир.
Менин эжемди куйоосу мас болуп,бычак сайган.Колу менен тосуп,колуна кирип кеткен.Каматып жибергенбиз,15кундон кийин озу барып,тосмо арыз жазып,чыгарып алган.Чогуу жашашат (((балдарым атасы менен чонойсун деп адырашпайт.Балдарын кичине урушсан,ызырынып,нерв болуп кетишет.Корком кандай адам болушат деп(((
+1
SalihaQueen
2020-05-05 14:16:52
Кудай сактасын сизди, акыры кудай бар го, сизди кандай кордосо, Аллахым жазасын берсин,сиз жыргалчылыкты балдарыныздан корунуз, ага чейин болушунча озунузду аяныз, жакшы адамдарга сыноо коп болот
+2
Asel69
2020-05-05 14:52:13
Тенирим тынчылык гана берсин.
-1
katerina.li
2020-05-05 17:00:09
Бакытын менен куруп кал ай. Жкрокту ооруттунго таза эле. Бирок турмушта бар мындай эркектер. Майдаланып кеткен. Сыртта жакшы киши,Эл макташат,уйго келсе зоокур
+1
baku24
2020-05-05 23:36:18
Ыйлагым келип кетти. Акырында балдарым ушундай бактылуу жашаса экен деген жеринде.Бирок озунорчу омур бою бир зоокурго тебеленип отосунорбу, эмнеге укугунду билбейсин.
+1
Tyty1990
2020-05-06 09:25:13
Лично мен мындай адамдар бар өз көзүм менен көрүп келгем. Балдары чоңоюп күчү жетпей калганда токтоду. Кышында сарайды аралап жылгаяк музда бутунда эч нерсе жок качып келишчү. Сарайынарда бүгүн жата туралы күйөөм мас жүрөт деп алдын ала сурап коюшчу. Эх
+2
Gulya78
2020-05-06 23:24:45
Мындай ХХХХХкарыганда ошол аял бала чакасынын көзүн карап жалдырап калышат өмүр кыска экенине акылдары жетпейтта байкуштар.
0
Guliza85
2020-05-09 00:16:52
Куйоосу зоокур экенин билип туруп торт баланы торогон кандай немесин,тушунбойм ушундай аялдарга.Таба эмес тобоо кылдым дагы тороп,токмок жеп,куйоондун колуган олгончо жашай бер.Адам озун сыйлап,бактылуу жашоого умтулбаса тилекке каршы четтеги адам жардам бере албайт!!!
+1
Aliya2015
2020-05-10 00:25:53
Тряпка. Мындай аялдарды тряпкага тенейм. Каяктагы бир гелесо эркекке тряпка болгон. Балдарындын психикасын олтурдун. Кетип калсан, Москвага кет, кыйналасын, за то тынч жашайсын, балдарын кулкунду корушот, кыйынчылык отот. Андай лох эркекке кор болуп, тамак учун кечирим сурап, токмоктон олуп калгыча, кыйналсан да кет.
+3
Aliya2015
2020-05-10 00:31:18
Жертва болгонду жакшы коргон аялдардан экенсинер. Азыр 21 кылым го, тушунбойм, тушунгум да келбейт кууйосунон токмок жегендерди. А кууйон болсо пусть колу, буту шал болуп турбай калсын
+2
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан