БЫЧАК МИЗИНДЕГИ ЖАШОО (Тынч жашоосу күтүүсүз бузулуп, Казакстанда оор күндөрдү баштан кечирген жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Кадимки эле кумурскалардын. Сары кумурскалардын чоң уюгу болсо жакшы болот. Көп кумурска керек.

– Бар, баягыда сарайдын бурч жагынан көргөм. Азыр барып көрөйүн...

Аскат аганын артынан жөнөдүм. Дубалдын түбүндө чоң уюгу бар экен, азыраак эле кумурска жүрүптүр. Күн чыкканда көбөйүп чыгышат, күтө туруу керек.

– Болот, күн чыкканда Адыл аганы алып келип уюкка жаткызабыз.

– Ой, өзү араң жатканда кумурскалар биротоло талап өлтүрүшпөйбү?!

– Өлтүрүшпөйт. Бутунун шишиги ириңдеп кетиптир, өтүшүп кетпесин. Кумурскаларда организмди консервациялап коё турган уусу болот, тиштегенде чыгат. Кышкыга ар кандай чымын, чиркей, көпөлөк атпайларды ушинтип сакташат кумурскалар. Жеми кышы бою бузулбай тура берет. Кумурскалар тиштесе Адыл аганын бутунун ооруганы күчөбөй, шишик денесине тарабай, узагыраак кармалат. Шишик убактылуу чоңойгонун токтотот. Врачка алып баргыча кыйналбайт.

– Сен муну каяктан билесиң?

– Союздун шпиондорун ошентип даярдашкан экен, китептен окугам.

Эки сааттан кийин Аскат ага Адыл агага түшүндүрдү, аны жылаңачтап чечиндирип кумурскалардын уюгуна жаткызып, саатты карап турдум. Кумурскалар көп экен, денени заматта каптап калышты. Адыл ага да эрктүү экен, тиштенип, жаны көзүнө көрүнсө да унчукпай чыдап жатып берди. Бир нече мүнөттөн кийин кумурскаларды күбүп түшүрүп, Адыл аганы кийинтип, ордуна жаткыздык. Бир сааттай өттү окшойт, ооруга чыдабай тырыша берген Адыл аганын көңүлү ачылып, көздөрү кадимкидей жанданып, бетине кан жүгүрө түштү.

– Самат, кыйынсың негизи, бул ыкманы каяктан билесиң? Ооруганы басаңдап, бир топ жеңилдеп калдым,- деди энтиге.

– Китептен окуптур. Илгери Союз маалында шпиондорду ушундай нерселерге үйрөтүшчү экен,- деп менден мурун жооп берип калды Аскат ага.

Адыл ага акырындан өзүнө келип баратты. Тамакка табити да ачылды, алдына коюлган тамак-ашты шыпылдатып жеп кирди. Айрыкча нанды көп жеди. Биздин таң кала карап калганыбызды көрүп:

– Билбейм, негедир нан жегим келип калыптыр,- деп коюп бөтөлкөдөгү суудан жутту.

Адыл ага менен ачыгын сүйлөшүп алайын деп, бирок Аскат аганын көзүнчө кандай болот деп унчукпадым. Адыл ага да ушуну ойлоп отурганбы, тамактанып бүткөндөн кийин:

– Аскат ага, айлананы бир карап койсоңуз жакшы болот эле,- деп жөнөтүп жиберди.

– Самат, бул жакта болгон окуяларды Арсен айтып бергендир.

– Ооба айтып берди, уктум баарын.

– Мен сени аны кыл, муну кыл деп буйрук бере албайм. Дегеле моюнунан байлангандай болуп иштеп, жасаганын милдет кыла берген адамдар менен мамиле кылганды жактырбайм. Арты жаман болот андайдын. Билем, мага таза оюңда жардам бергени келдиң. Бирок азыр мурункудай күчүм жок, көрүп турасың, жалгыз калдым. Балдар жардам берейин дешкени менен, алар да кайырмакка илинип калышкан. Мага жакындашы кыйын болуп калды, мага да зыяны тиет. Ошого, Самат, мага жардам берем десең өзүңө да кыйын болот. Азыр мени бүт Казакстан боюнча издеп жүрүшөт. Жакшылап ойлон, эгер жардам берем десең, мени билесиң, жакшылыгыңды колумдан келишинче кайтарам.

– Адыл ага, сизге жардам бергим келбесе миңдеген шылтоо табылат эле. Сизди куткарыш үчүн келдим, колумдан келгенин кылам.

Адыл ага негедир башын ийкеп, жылмайып койду.

– Эмне кылайын деп жатасыз? Грецияга кете бербейлиби? Каныш апалар күтүп жатышат, мен жөнөп жатканда "Адылды алып кел" деп кайра-кайра табыштап калган. Айыгып, жакшы болуп калсаңыз, кийин келип деле иштерди бүтүрө берет элек.

Адыл ага жылмайып карап, далымдан таптап:

– Рахмат сага, Самат, жүрөктүүсүң. Бирок бир иш бар, ошону бүтүрүп анан кетпесем, кете албайм.

Унчукпай күтүп калдым, Адыл ага өч алып анан кетпесе, кол шилтеп басып кете тургандардан эмес. Ошону айта албай жатат. Жетиштүү акчасы бар, өлкөдөн чыгып кетсе деле болмок. Байлыгы өмүрү өткүчө жетет, укум-тукумуна жетерлик казынасы бар.

– Ерхандан өч алып, анан кетишим керек, Самат, антпесем өмүр бою арманда өтөм. Кийин келгенде аны каяктан табам? Ишканалардын документтери тигилерде, алардан алып, баарын сатыш керек, эми иштете албайбыз. Мени менен иштеген канча балдар курман болушту. Алардын бала-чакасы атасыз калды, ишканаларды сатып, ошол балдардын үй-бүлөсүнө жардам беришим керек. Балдар тиякта көңүлү тынч жатышсын,- деп үшкүрүнүп калды Адыл ага.

Макс, Русиктердин ата-энелерин эстеп кеттим, кана эми ал күн, жардам берип жакшы иш кылган болот элек.

– Колумдан келишинче айтканыңызды аткарам, кандай кылайын деп жатасыз? Азыр сизди кадам бастырышпайт да.

– Менде бир ой бар, Самат, сен жасай аласың. Сени азыр менттер, Ерхандын балдары тааныбайт. Тааныса деле калган балдардай көрүп, менден кеткен деп ойлошот. Азыр аларга сен маанилүү эмессиң, башкысы мен. Сага эч ким тийбейт. Издеген күндө да сенин кыргызстандык экениңди эч ким билбейт.

– Мен даярмын, Адыл ага.

– Ошол иштерди бүтүрүп бер, иним, куру койбойм, бүт нерсең болот.

Кызыктай болуп кеттим, мени акча үчүн келди деп ойлоп калганбы? Унчукпадым. Адыл ага да туура эмес сүйлөп алганын сезип калды окшойт, өзүнө ачуусу келгендей чекесин тырыштыра калды:

– Кыскасы, Самат, түшүндүң да мени?

– Түшүндүм, айта бериңиз.

– Кыскасы мындай,- деп чөнтөгүнөн бир блокнот алып чыгып, баракка бир даректи жазып мага сунду.

– Фамилиясы Ушаков, азыр Москвада конторада иштейт. Экөөбүз Рязанда аскерде чогуу болгонбуз. Ошого барасың, ага мага ишенгендей эле ишене бер. Бул жакта эмне болуп жатканынан толук кабардар. Мен кат жазып берем, бул жерде болгон окуянын баарын айтып берсең, калганын өзү билет. Ошол үйрөтөт Ерхандан кантип өч алуу жолун. Бирок ишти сен аткарышың керек болот.

– Түшүндүм, Адыл ага, аткарабыз. Ерхан ким экен, ал деле бизге окшогон адам да.

Көпкө чейин ар нерселерди айтып түшүндүрдү. Ошону менен маселе бир жактама чечилди.

– Адыл ага, Бишкектен учуп кеткениңиз жакшы го дейм. Орусиядан кыйыныраак болот.

– Бишкектен эле учам, башка кайсы мамлекет бар эле жаныбызда? Тааныш балдар көп, жеңил болот. Жашоо ушул экен, силерден качкандар бизге келет, бизден качкандар силерге барат.

Экөөбүз тең күлүп калдык.

– Аскат ага барып Бишкектен балдарды алып келет.

Бир сааттан кийин Аскат ага Бишкекке жөнөп кетти.

Ал кетери менен Адыл ага блокнотунун бир барагын айрып мага берди, бир жигиттин дареги, телефону бар экен.

– Балдар керек болот, Албан деген балага бар, ошол таап берет калганын. Макул, өзүң сүйлөшүп, байкап көр. Дагы бир сөз, Самат, Ерхан 70 килограммдык алтын куймасын да алып кеткен. Ошону да ойлонуп көргүлө, аны сатып жибербегендир.

Бул дегени “алтынды кайтарып келсең көңүлүм тынчыйт” дегени да.

Түнү менен адырга чыгып алып айлананы карап жаттым, тынч эле өттү.

Аскат ага эртеси саат үчтөрдө келди. Кыргызстандан келген адамдар Кызыл-Ордага жакын жерде калышыптыр. Дароо эле жолго чыктык. Мен Жигулиде Адыл агалардан беш чакырым алдыда, жанымда автомат, колтугумда тапанча, чөнтөгүмдө эки граната. Артта Нивада Аскат ага менен Адыл ага.

Трассага 10 чакырымдай калганда Бишкектен келген балдар эки машинада күтүп турушуптур, Адыл аганы бир машинага салышып алып кетишти. Мен алдыга түштүм, кимдер тосуп чыкса да алаксытып Адыл агаларды көздөн оолак кармашым керек. Менден эки чакырымдай артта Аскат ага келатат, кокус бир нерсе болсо мага жардамга келет. Чек арага тынч эле жеттик, Кыргызстандык балдар фурада келишкен экен. Фуранын жанында пресстелген чөп жатат, арыраакта ондон ашык бука байланып турат...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
ady-88
2020-05-25 10:00:33
Охооо ушул сериялды бир ай куттум окшойт
+9
Ayzada_asanakunova
2020-05-25 11:34:40
Үч жума дегенде араң чыгардыңар го!
+2
zheenbaev95
2020-05-25 12:50:16
Уххххийййй кичине муукумум канып калбадыбы
+3
Tentek1
2020-05-25 13:05:31
Дагы бир жума кутуш керек эми.
+3
KaGaH
2020-05-25 13:25:40
Уффф эс алып моокум канып калды,окуп чыгып бир жумага жетем эми ))
+3
Shef87
2020-05-25 17:59:22
Кайерге келди эле
+1
Nurislam-Nuraiym
2020-05-27 12:18:15
Ушундай эр журоктор китептерде эле бар. Эгерде чыныгы жашоодо да ушундай жигиттерден коп эмес, 10 даана болгондо Кыргызстандын сатылган жерлерин кайтарып коймок даааа. Баяман Эркинбаевтер неге торолбой жатышат.
+2
akmanai
2020-05-27 18:30:08
Рахмат Супер инфо!
+1
mahabat.
2020-05-29 16:34:17
Адыл аганын аялы балдары эмне болушту экен.кайда экен
+3
№ 911, 21-27-май 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан