БЫЧАК МИЗИНДЕГИ ЖАШОО (Тынч жашоосу күтүүсүз бузулуп, Казакстанда оор күндөрдү баштан кечирген жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Чочулаба, бул жерде эч ким жок. Балдар карап турушат.

– Каякка баратабыз, эмне болду?

– Юлай күтүп жатат, барганда өзүң түшүнөсүң.

Он мүнөттөй басып, токойдун калың жерине жетип токтодук. Колу-буту байланып, көздөрү таңылган 3 адам жерде жатат. Баарынын кийгени кара костюм-шым, ак көйнөк. Юлай тамеки тартып ары жакта аларды тиктеп отурат. Бизди көрүп бери басты:

– Келдиңерби? Булар…- Бирөөсүнүн бутуна бир тээп: – Ерхандын баш кесерлери. Силерди чакырган себебим, орусча сүйлөй алышпайт экен, силер сурагыла. Калганын анан сүйлөшөбүз. Экөөңөр жакшылап жарга такагыла, анан мага айтып бересиңер. 12-02, сен камерага тартып тур,- деп мага кичинекей видеокамера карматты. Анан Албанга карап баш ийкеди эле, ал тигилердин бирин жакадан тартып:

– Ерхан каякта?- деди жини келе. Тиги унчуккан жок. Албан муштум менен тумшукка бир урду да, кайра жакадан алды.

– Дагы бир жолу сурайм, Ерхан каякта?

– Ерханбек жибек материал чыгуучу эски комбинатта.

– Канча адам кайтарат комбинатты?

– Органдардан он адам. Алардан башка өзүбүздүн жыйырма бала бар.

– Кандай куралданышкан?

– Баарында автомат, үч снайпер... Гранатамёт да бар.

– Бир жакка кеткени жатканын билебиз. Чыныңды айт, каякка кеткени жатат?

– Ерханбек өткөнкү ресторанда болгон кол салуудан кийин кетем деп жатат. Эки күндөн кийин Монголияга учат.

– Саат канчада?

– Түнкү экиде.

– Жаныңды жебе! Монголияга бизден самолёт учпайт.

– Өзүнүн менчик самолёту бар. Ошол күнү чет өлкөдөн учуп келет. Келери менен Ерханбек учат.

Албан тигини ары түрттү да тамеки күйгүздү. Көздөрү кызарып, чекеси тырышып кыжырданганы көрүнүп турат. Колдору да титиреп жаткандай сезилди. Көпкө уктабай, чарчаган адамдын колдору ушинтип билинер-билинбес майда калтырап калат. Булар тыным жок иш үстүндө окшойт деп ойлонуп калдым.

Албан дагы эмнени сурасам дегендей бир саамга ойлоно түшүп, Юлайга тиктеди эле, ал:

– Бизге майда-чүйдөсүнө чейин маалымат керек, сурай бер. Биз 12-02 экөөбүз сүйлөшүп алалы,- деп калды. Камераны Албанга карматып, Юлай экөөбүз ары көздөй бастык.

– 12-02, уктуң да баарын? Мага кыскача түшүндүрүп бер,- деп көзүмө тике карады. Баарын айтып бердим. Юлай жаңы тамеки күйгүзүп, бир топко үнсүз отурду. Оюна эмнелер келип жатты экен? Мен да унчукпадым, оюн бөлгүм келген жок. Бир маалда Албан жаныбызга басып келди.

– Болдубу, сурап бүттүңбү?- деди Юлай.

– Ооба, бизге керектүү маалыматтарды бүт алдым.

– Анда балдарга айт, тигилерди шаарга алып барып мен айткан жерге таштап коюшсун.

Албан баш ийкеп, кайра тиги жаткан үчөөнү көздөй кетип, 10 мүнөттөн кийин келди. Юлай калган маалыматты андан сурады:

– Айт, эмне маалымат беришти?

Албан тигинин берген маалыматын төкпөй-чачпай айтып берди. Менин оюма келбеген суроолорду бериптир, кыйын экен. Юлай унчукпай, сөзүн бөлбөй угуп отурду. Айтып бүткөндө "жарайт" деди да, ойлоно түштү. Бир маалда ордунан акырын турду:

– Анда сөз мындай, биз комбинатка кол сала албайбыз. Эгер Ерхан самолётто уча турган болсо бир жолун тапсак болот. Мисалы, байланышты өчүрсөк... Макул, дагы ойлонолу. 12-03, сен барып эс ал, чарчадың. Эртең саат бирде баягы жерде бол.

Сүйлөшүү ушинтип бүтүп, Албан бир тарапка, биз башка тарапка жөнөп кеттик. Юлай токойдун ичиндеги жолду каяктан билет? Күндө каттаган жолундай шыпылдайт, келген жолубуздан башка жол менен токойдун четине чыктык.

– Колго түшкөндөрдү неге коё берди деп таң калып жаткандырсың. Аларга атайын укол сайылган. Сураган нерсеңди бүт айтып беришет, азыр өздөрүн билишпейт, түшүнүшпөйт дагы эмне болуп жатканын. Аларга шаардын бир четине алып барып, дагы бир укол сайышат. Бүттү, бул жердеги окуянын бирин да эстей албай калышат,- деп күлүп койду.

Экөөбүз коштошуп, үйгө барып жаттым. Оюма ар нерселер келет. Менин түшүнүшүмчө, иштин баарын башка балдар бүтүрүп жатышат. Алар күнү-түнү иштеп жатышканы байкалып турат. Мени эмнеге аралаштырбай жатат? Ушул түшүнүксүз болуп жатты. Мага ишеним артпай жатабы дейин десем, булар шектенгидей эч нерсе кылган эмесмин. Адыл ага болсо эң ишенимдүү кишим деп Юлайга өзү жөнөткөн. Менден шек санашы мүмкүн эмес. Бул жерде башка сыр бар, бирок эмне сыр экенине акылым жеткен жок.

Макул эми, Юлайдын да бир билгени бардыр.

Юлайга таң калдым, өзү жалгыз, өмүрү көрбөгөн жерге келип ушундай иштерди коркпой уюштуруп жүргөнүнө. Шаарда өзүн эркин алып жүргөнү да кызык. Рацияларды бекиттирген жерлерди таап алганычы. Бир жолу рацияны Юлайдын тапшырмасы менен Киров деген чоң көчөдөгү №7 үйдүн үчүнчү терезесинин түбүндөгү тешикке бекиттим. Ал жерге буюм бекитүү эч кимдин оюна келмек эмес. Юлай башынан далайды өткөрүп, ысык-суукту бирдей көтөргөн адам экени көрүнүп турат.

Уктап калыптырмын, түшүмө Асел кириптир. Негедир мага таарынып жатыптыр, мен болсо анын таарынычын жаза албай убарамын. Сезимимди жаап-жашырбай эле эркелете сооротуп жатыпмын. Рациядан келген сигналдан улам ойгонуп кеттим. Юлай экен:

– 12-02, машинаң менен шаардын түштүк трассасындагы парктын башталган жерине тез келип кал. Сага жыйырма мүнөт убакыт, кандай түшүндүң?

– 12-01, түшүндүм. Айтылган дарекке жыйырма мүнөттө барып калам,- дедим да, шашылыш машинаны от алдырып жөнөп кеттим. Паркка 18 мүнөт дегенде жетип бардым. Шаардын чекеси, ээн, кароосуз калган, илгери заводдор жайгашкан аймак.

Юлайдын машинасы көрүнбөйт. Парктын ичине кирип рациядан сүйлөйүн деп жатсам жакын жерден:

– 12-02, түз басып келе бер, биз сени көрдүк,- деген үн чыкты.

Эки адамдын карааны көрүндү алды жактан. Жакын барсам Юлай менен бир бейтааныш бала турат.

– Келдиңби? Макул, сөздү көбөйтпөйлү. 12-06ны кармап кетишти. Он мүнөттөн кийин ушул жол менен алып өтүшөт. Кандай жол менен болсо да куткарып калышыбыз керек,- деп мага тапанча сунду. "ПМ" толук магазини менен экен. Учуна ок атылганда үн чыгарбас тагылыптыр.

Юлай чөнтөгүнөн тамекинин кутусундай, монитору бар аппарат алып чыгып кнопкаларын баскылап калды.

– Келе жатышат, 5 мүнөттөн кийин өтөт. Кандай машинада экенин билбейбиз. Азыр жакын келгенде билинет. 12-02, сен машинаңа барып күтүп тур. Жаныңдан өткөндө мен сага рациядан сигнал берем, көрүп кал кандай машина экенин. Номерин көрүшкө аракет кыл да мага дароо айт. Болду, сөз бүттү!- деди.

Машинага жетип күтүп калдым. Бул маалда кыймыл азайып калат, анда-санда эле машиналар өтөт. Саатты карап, тапанчамды даярдап отурам. Үч мүнөттөн кийин, шаар тараптан бир машинанын жарыгы көрүндү. Башымды ылдый кылып көз салып отурдум, ал машина мен турган жерге жүз метрдей калганда рациядан чыйылдаган үн чыкты. Бул Юлайдын сигналы эле, машина жанымдан өтүп кеткенде карасам жол тандабас экен. Ниссандай көрүндү, кара же көк түстө. Номерин жазып алдым. Булар баягы эски комбинатка баратышат, дагы жыйырма мүнөттө жетишет.

Дароо Юлайга кабар бердим.

– Түшүндүм, 12-02, сен тиги машинага байкатпай артынан айдай бер. Жакын жерде болушуң керек, өзүм кабар берем. Булар комбинатка эле баратышат. Эгер башка жакка бурулуп кетишсе айтам,- деп өчүрүп койду.

Жол паркты айланып өтөт. Юлай машинасын парктын аркы тарабына койгон болушу мүмкүн. Азыр алар жанагы жол тандабастын алдында бараткан болушу да ыктымал. Жол тандабас бурулуштан өтөрү менен артына түштүм. Беш мүнөттөй жүргөндө рациядан:

– 12-02, тез келип кал!- деген Юлайдын үнү угулду...

(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ady-88
2020-06-29 09:23:42
Бутттубу
+1
Esma.kg
2020-06-29 17:23:14
"Жан дуйно"го кабарды кантип жонотобуз?
-1
№ 916, 25-июнь-1-июль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан