"СЕНИ ТААЖЫ ВИРУСТАН ДА САКТАП КАЛАМ”

– Эркекке жагуунун 10 жолу же 15 жолу, жубайларды кризистен чыгаруунун 71 жолу жана башкалар... Көрдүңбү, сенин эмне окуганыңдан бери билем. Пайдасы барбы?

– Анан эмне кылайын?

– Сен мага эле ишен. Болот го, жөн эле сокур ишеним. Мына ошол, так өзү... Жөн эле көзүңдү жумуп туруп ишенип сал.

– Кантип?

– Ботом, эч качан көрбөгөн, билбеген бир адам жазган акылдуу китептерге ишенип, жантыгыңдан жата калып окуп жатасың. Алар эч кандай ачылыш жасашкан жок. Ага караганда мен тирүү адаммын. Менин айткандарымды угуп, “макул” деп койсоң эле болот. Ооба, эркектер кээде акылсыз жоруктарды жасайт, кээде түптүз бараткан жеринен он жолу мүдүрүлөт, жүз жолу какшап айтып жатсаң да абайлабай, банкрот болуп отуруп беришет. Кээде сөзүнөн жаңылат. Анан да жөн эле кумга башын салып алган төө куштай жатып бермейибиз да бар. Бирок ошол жатып алган абалында да ал сенден жардам күтүп турат. Ишеним күтүп жаткан болот. Сен ишенип кой, ал эртең туруп эле ишин жөнгө салып кетет.

– Бардык нерсеге акылың жетет, бирок иш жүзүндө колдонбогон акылды эмне кылыш керек? Аны да билесиңби?

– Акылым, жөндөмүм, максатым бүт бардыгы сага байланыштуу. Эх, сен аны кантип түшүнмөк элең? Кээде сен мени айнектин сыртынан көрүп туруп эле күйөөгө тийип алгандай сезилесиң. Мен айнектин сыртынан канчалык келишимдүү экенимди билем. Бирок сен ага алданбай, ички ресурстарымды да байкаштырсаң болмок. Акылдуу аялдар ошентет да.

– Күлдүрбөчү, келишимдүүмүн деп...

– Мындай да, сен менден такыр жардам сурабайсың. Мен биринчи жардам береримди билип турасың, бирок сурабайсың. Ошонун эмне кереги бар эми? Сен канчалык алсыз экениңди көрсөтсөң, мен ошончолук күчтүү экенимди сезем.

– Менин алсыз экенимди сезбей эле күчтүү боло берсең болбойбу (күлүп)?

– Бул дагы акылдуу китебиңде жазылбаптырбы? Чынын айтканда, талашып-тартышууну токтотуунун бир эле жолу бар. Ал – чын дилиң менен күйөөңө ишенүү. Бирок бул өмүр бою ошентип жатып алат, же катасын түздөбөйт дегендик эмес. Эгерде ага чексиз ишенип жаткан аялзаты бар болсо, эркек ордунан обдулуп туруп бир иш жасаганга аракет кылат. Болгону аялдардын эркектерге болгон ишеними жана колдоосу керек. Түпкүргө түшүп бараткандай сезим экенин билем. Бирок ошол түшүп баратканда да сени куткарып кала турган бир эркек бар экенине ишенсең, ал сөзсүз куткарып алат. Ишеним – бул чоң нерсе. Ар кимдин энчисине жазыла бербейт. “Көп жолу ишендим, кана жыйынтык, кана оңолгону? Андан көрө өзүм жашоомду түздөп кетем”. Көп аялдар ушинтип айтышат. Ооба, аялдар табиятынан көп нерсеге шыктуу, эркекке караганда көп нерсе колунан келет. Эгерде колунда наристеси болсо, ого бетер турмушун түздөп кете алат. Үй-жайын суктанып карап тургандай оңдоп алат. Бирок жеңишке жете алабы? Менин турмуштан көргөн мисалымда жалгыз күрөшкөнгө караганда эркегин кошуп алып күрөшкөн аялдар аягында жеңишке жетишти.

Ооба, кээде такыр кечирүүгө мүмкүн эмес иштерди кылышат. Эч күтпөгөн чыккынчылык кылышат. Бирок аны таштап кетүү эң оңой жол. Ал кандай нерсе кылса да, күйөөңдүн жанында болсоң кайсы бир күнү баары бир жемишин берет. Эркек аялды алаканына салып багып алат. Эмне кылсаң да кечирет. Оттон да, суудан да чыккан түгөйлөрдү эмне сактап калды деп ойлойсуң? Аялдын ишеними. Аялдын ишеними түгөнгөн күнү дүйнө өз огунда айланбай калышы мүмкүн.

– Мен сага ишенем. Азыр кучактап туруп “баары жакшы болот” деп кой, паника болбой калам.

– Чындаппы? Анда таажычан вирус деген неме да эч качан биздин үйгө келбей турганына ишен. Аны казып окуп жатып түйтөйүп бүттүң. Мен сени таажы вирустан да сактап калам.

– Жаным десе!

Гүлиза

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nuraiym_kenzhebaeva
2020-07-06 09:31:22
Ммм да.
0
Shef87
2020-07-10 21:08:35
Коойчу ай
0
№ 917, 2-8-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан