"ҮЙ-БҮЛӨЛҮҮ АДАМДАН КЫЗДУУ БОЛДУМ...”

Кызым адаттагыдай үйдүн алдында достору менен ойноп жаткан. Терезеден улам карап коюп үй иштери менен алек элем. Сыртты карап, дендароо болуп туруп калдым. Кызым менен божурашып сүйлөшүп, эзиле карап турган адамды көрүп акылымдан айнып кала жаздадым. Бир учурда дайын-оту менен жоголуп кеткен кишини мен жашаган үйдүн алдынан, болгондо да кызымдын жанынан көрөм деп эч качан ойлогон эмесмин. Денемди калтырак басып, башыма миң түркүн ой келди. Эшикке чуркап чыктым, алактап турган мени көрө коюп, ордунан тура калып кызды курбуларына кошту. Алардын көзүнчө кыйкырып, чаң салып жибербесин десе керек.

Отургучта бир топко чейин унчукпай, жер тиктеп отура бердик. Колдорун кырсылдатып, муштумун алмак-салмак мыкчып сөздү эмнеден баштаарын билбей турганын сезип турдум. Бирок менин деле сөз сүйлөөгө дарманым жетпейт эле. Качанкы өткөн күндөр көз алдымдан чууруп жатты.

Биз Москвадан таанышып калганбыз. Жаңы барып, жакшы жумуш таба албай кыйналып жүргөм. Бир күнү метродо баратып, жаныма отурган кыргыз жигитин көрүп аябай кубанып кеттим. Учурашып, сүйлөшүп калдык. Мен түшкөн станциядан ал дагы түшүп калды.

– Эми шашпай таанышалы. Менин атым Адилет. Жакын жерде жакшы ресторан бар. Жүрү, мен сени коноктойм.

– Жок, рахмат,- деп кетенчиктедим.

– Коркпо, үйүңө чейин жеткирип кетем,- дегенинен макул болуп бардым. Анын үстүнө бөтөн жерге жаңы барганым үчүн жакынымдай эле туюлган. Ошентип тамактангыча Чүйдөн болорун, Москвада жүргөнүнө 5 жылдай болуп калганын, мага жакшы жумуш таап берерин айтып телефон номерлерибизди жазып алдык. Ал дагы ушул аймакта жашайт го деп ойлогом, бирок мага карап түшүп калган экен. Эки күндөн кийин телефон чалып, “айтып дайындап койдум, барып иштей берсең болот” деп бир дарек берди. Чынында жакшы кабыл алышты. Ичимден аябай ыраазы болуп, кудуңдап калдым.

Анда-санда жолугуп калчубуз. Бара-бара бат-баттан себептүү деле, себепсиз деле жолуга берчү болдук. Ал адамды качан, кайсы күнү акылымдан адашып сүйүп калганымды билбейм. Айтор, көзүмө андан башка эч ким көрүнбөй калды. Уктасам-турсам Адилет. Оюмдун да, акылымдын да кожоюнуна айланды. Мен өзүмдү сүйүү үчүн жаралган адам эмесмин деп билчүмүн. Бирок сүйүү келсе, сени менен эсептешип отурбайт экен.

Жакшынакай жүрүп эле капысынан номерин өзгөртүп, ошону менен байланыш үзүлгөн. Туталанып жүрүп, акыры көндүм. Жаман ойлуу адамдай деле көрүнчү эмес. Балким, ортобузда болуп кеткен нерсени ал деле мага окшоп түшүнбөй калгандыр, өзүн башкарууга күчү жетпей калгандыр. Эч кимге доом жок эле. Боюмда бар экенин кубануу менен кабыл алдым. Анткени ал адамды болуп көрбөгөндөй сүйгөм. Сүйүүм ушунчалык күчтүү беле, айтор, менде ал адамга карата эч кандай жек көрүү сезими болгон жок. Дал ушул адам кайрадан жашоомдо пайда болуп отурат.

Ортодогу тынчтыкты жаныбызга жүгүрүп келген Аделя бузуп жиберди.

– Апа, сок ичем, жүрү, дүкөнгө баралы,- деп мурчуңдап жаткан кыз чынында атасынын көчүрмөсү эле. Мага тырмагынын учу да окшошпойт. Элжирей карап дүкөнгө ээрчитип жөнөдүң. Ээрчишип бара жаткан ата менен кызды көрүп ичимден бир улутунуп алдым.

Үй-бүлөсү бар туруп сезимдерди башкара албай калганын, акыркы жолугушуудан кийин өзүн жемелеп жатып, байланышты үзүүнү туура көргөнүн айтып кечирим сурады. Эки уулу бар экен, үй-бүлөсүн да Москвага көчүрүп кетиптир.

– Унутту дедиңби, жок, мүмкүн эмес эле. Бир топ убакыт өзүмдү алаксытканым менен, кийин сени издөө менен алектендим. Акыры таптым. Жаныңдагы жөжөнү көрүп дал өзүмдү көрдүм. Сенин алдыңда күнөөлүүмүн, кечире алсаң кечир мени. Бирок ортобузда кызыбыз бар экенине чындап кубандым,- деп көп нерселерди айтты. Кыйкырат белем, урушат белем? Өзүмдү же аны күнөөлөөрүмдү билбей, көз жашымды кылгыртып жанында отурдум.

“Кереги жок” дегениме карабай атасы кызым экөөбүзгө батир алып берди. Бир чети ыраазы болдум. Өмүр бою издебей, ошол бойдон унуткарып койсо деле мен эч нерсе демек эмесмин. Кызы бар экенин билбейт деген ой менен эле калмакмын. Чынында ал кезде жубайы бар экенин билчү эмесмин. Үй-бүлөлүү адамдан кыздуу болдум. Бул үчүн өзүмдү жемелейм. Бирок кызымды көргөндө баарын унутам. Элжиреп кетем, атасына окшошуп калганы үчүн да кубанам. Кызым мага эки эсе сүйүү берди.

Мунара

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
nuraiym_kenzhebaeva
2020-07-20 09:20:06
Кызыңыз аман болсун. Бактылуу болсоңуз болгону...
+6
Margo82
2020-07-20 12:20:31
Кыйраттын,эмнеге таанышканда эч нерсесин сурабай жатып жүрө беришеби, көп убакыт жүрсө билинет да бир нерсеси.
+3
Nestana95
2020-07-24 16:28:13
Margo82,андайлар билгизбейт экен го,,,же биз жагтык кылып анысын билбейбизби,,,,айтоор менин тагдырым да уйлонобуз мен барам КГ.га дегенде узулгон((ортодо сый-мамиледен багка эч нерсе болбоду)))Мен аны коргон эмесмин,видеодон эле суйлошчубуз.Бирок чекит коюлган уйлонобуз деген,мен уйго,ал уйуно айтып.....пока уйлонгон,уулу бар дегенди укмайынча..ким билет азыр мен да сыздап журмокмун.. балким деп калам..эч окунбойм жакшы корсом да,,болгону эч ишенбей калдым эч кимге,,
0
Nestana95
2020-07-24 16:28:20
Margo82,андайлар билгизбейт экен го,,,же биз жагтык кылып анысын билбейбизби,,,,айтоор менин тагдырым да уйлонобуз мен барам КГ.га дегенде узулгон((ортодо сый-мамиледен багка эч нерсе болбоду)))Мен аны коргон эмесмин,видеодон эле суйлошчубуз.Бирок чекит коюлган уйлонобуз деген,мен уйго,ал уйуно айтып.....пока уйлонгон,уулу бар дегенди укмайынча..ким билет азыр мен да сыздап журмокмун.. балким деп калам..эч окунбойм жакшы корсом да,,болгону эч ишенбей калдым эч кимге,,
0
Margo82
2020-07-20 12:22:35
Ушундайлардвн айынан кээде бир туугандар сүйүшүп калышат,өзүңөрдү ойлобосонор да балдарыңардын тагдырын ойлогула да,эркек көргөндө эле оозунарды ачып эсинер ооп өзүңөрдү жоготуп жатып бербей.
+4
temirov76
2020-07-20 18:58:55
Азыр силерге окшогон никесиз суйушуучулордун ааламга таасири тийип жаткан жокпу?
+2
№ 919, 16-22-июль 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан