ҮҢКҮРГӨ КАТЫЛГАН АЛТЫН (Байлык кумары, сүйүү, алтынга жетүү үчүн өмүрүнөн ажырап кала жаздаган жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

Жипке асылып аскадан ылдый түшүп бараттым. Шаркыратма тосуп, бир караганда аска көрүнбөйт экен. Асканын түбүндө үңкүр бар эле. Жипке асылып түшүп, ичкери кирдим. Ичи кенен, бирок караңгы. Бир-эки кадам таштаганымда бутума жумшак бирдеме урунуп, тык токтодум. Фонариктин жарыгынан карасам, адамдын скелети жатат. Көңүлүм айланып, окшуп жибердим да, ташка таянып туруп калдым. Тиги адам эмне болуп өлдү экен, келемиштер тытып жеп салган окшойт. Бут кийими чечилбеген бойдон калыптыр. Өзүмдү колго алып, андан ары бастым. Ортосунда диаметри беш метрдей болгон көл бар экен. Үңкүрдүн үстүнөн түшкөн суу көп да, агып чыкканы өтө эле аз. Демек, көлдүн түбү тешик, суунун көбү асканын ичиндеги тешик аркылуу агып башка жактан чыгат окшойт...

Байлык кумары, сүйүү, кол жеткис жайга катылган алтынга жетүү үчүн алданып, өмүрүнөн ажырап кала жаздаган жигиттин кызыктуу жашоосу баяндалган чыгарманы күтүңүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 923, 13-19 август, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан