"КЕЛ, САГА КҮЙӨӨ ТАБАБЫЗ"

– Дагы баштадыңарбы?

– Мен сага жакшылык эле каалап жатам. Азыр, балким, сен үчүн жаман нерсе катары кулагыңа жат угулушу мүмкүн, бирок ар бир аял турмушка чыгып бактылуу болууну каалайт.

– Демек, мен башкачамын. Мага чындап жалгыз болгон жагат. Жанымды коёсуңарбы деги?

– Жалгыздык бир Аллага жарашат деген сөз бар. Кайсы тарапты алып караба, дин болобу, жашоонун мыйзамы болобу, физиологиялык жактан болобу, психологиялык жактан болобу, жалгыз болгондон көрө жуп болуп жашаган жакшыраак. Дүйнө ушундай мыйзамы менен жаралган. Адамдар эле эмес, жан-жаныбарлардын баары жубу менен жаралган. Сен ал мыйзамга каршы келип жатасың. Адамдарды бири-бирине муктаж кылып жараткан.

– Ишим бар, машинем бар, көңүл ача турган досторум бар.

– Бүтпөгөн нерсе жок да. Ишиңден чыгып калышың мүмкүн. Машинеңди сатып жибересиң, башыңа иш түшкөндө досторуңдун бири кабар албай калуу ыктымалы бар. Ошондо сен жакын адамга муктаж болосуң. Бул бир деп тур. Экинчиден, ойноп, оюндан да тажап калган курак келет. Ошондо айланаңды карасаң эч ким жок болуп калган учур болот. Өзү мурункулар бекер айткан эмес да. “Кыздын базары бир келет” дейт.

– Эми бул эмне деген сөз?

– Бул, алтыным, сенин артыңдан дайым эле жигиттер ээрчип тура бербейт деген сөз. Болгон 4-5 жылдык убактың бар. Аз гана убакыт.

– А карьерачы?

– Карьераны турмушка чыгып алып деле жасаса болот. Сен турмушка чыксам эле бир капаста камалып калам деп ойлоп жатасың. Ай, жок, кээде азыркыдан да эркин болушуң мүмкүн. Каалаган нерсеңди жасай аласың.

– Макул, андай эле күйөөгө тийүү бакыттын туу чокусу болсо, эмнеге кыргыздын аялдарынын баары бактысыз?

– Мен сага турмушка чыгып эле бактылуу болуп кетесиң деп кепилдик берген жокмун. Мындай кепилдикти эч ким бере албайт. Өтө оор күндөр болот. Оордугун көтөрүп басып жүрө албаган күндөр болот. Бирок сен ошону менен турмуштун даамын татасың. Урунасың, беринесиң, анан чындап бактылуу болосуң. Баалуу таштардан кантип асем буюмду жасайт билесиңби? Талкалайт, ысытат, чоёт, кырат, сүрөт, анан бир формага куюп сонун бир буюмга айлантат. Бакытты дагы ошондой деп элестет. Ошонун баарын өткөндөн кийин гана чындап бакыттын даамын сезесиң. Эркин болосуң. Корко турган эч нерсең калбайт. Анткени сен бардык нерседен өттүң.

– Мен ага жетпей эле сынып калсамчы?

– Апам сындыбы? Мен сындымбы? Миллион аялдар бактысы үчүн күрөшүштү, аягында бактылуу болушту. Сен бактылуумун деген аялдардан бакытка жетүүчү жолдо кандай гана азап-тозоктордон өтүшкөнүн сурап көр. Сенин жалгыз жашагым келет дегениңдин баары шылтоо. Болгону коркоксуң.

– Менби?

– Сен. Бирөө жүрөгүмдү оорутуп койсо эмне болот, мени таштап кетсе эмне болот, ишенимимди талкалап кетсе эмне болот деп коркуп жатып, өзүң билесиң, канча жашка келип калдың. Сенин баатырсынган, өзүңө ишенимдүү бет кабыңдын артыңда жүрөгү үшүп калган бир кыз турганын билем. Муну жеңишиң керек. Коркууңдун аркасына жашынып алып “мага жалгыздык жагат, эмнеге жалгыз болуу ырахат эмес? Мага эч ким жакпайт” жана башка шылтоолорду айтасың. Жалгыз болуу тагдыр деп ойлобойм. Бул бир чечим. Сенин мисалыңда жөн эле коркуу.

– Уф, мен чындап корком. Атам бизден кетип калган убактан тартып...

– Чүш, жаным, мен билем баарын. Апамды таштап кеткендей сени да бирөө таштап кетет деп коркосуң. Андай эмес. Эч кимдин тагдыры бири-бирине окшобойт. Андан да, эмнеге атам бул окуяга жалгыз күнөөлүү деп ойлойсуң? Апамдын да күнөөсү бардыр. Ал алардын тагдыры. Бүгүн сүйүп эле, эртең таштап кетип калбайт эркектер. Алардын да жүрөгү бар, сезимдери бар, биздей эле жандар. Болгону жашоону бизден бир аз башкача кабыл алышат. Кана, жашыңды сүрт, кел, күйөө табабыз сага! Аскатпы же Кайратпы? Балким, Нурбектир... Четинен айта бер, азыр тандайбыз.

– Эже, жинди элесиң сен.

Ушундай окурман, ары айтып, бери айтып отуруп сиңдимди күйөөгө бергениме эки ай болду. Өх, дагы эки сиңдим бар. Сизде да сиңди көппү, окурман?

Нургиза

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
akmanai
2020-09-01 21:39:56
Соонун го. Мени да качан тийесин деп кулагымды жешет эле. Эми башка суроону коп угуп атам)))
+4
nur090909
2020-09-14 21:15:33
Өтө соонун жазылган. Жазган адамга рахмат! Мааниси терең.
+2
№ 925, 27-август-2-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан