“HONOR” КОМПАНИЯСЫ "АКЫЛДУУ СААТТАРДЫ" СУНУШТАЙТ

“Honor” компаниясы IFA`нын көргөзмөсүндө жаңы үлгүдөгү планшеттерди, ноутбуктарды жана “Honor Watch GS Pro” аталышындагы "акылдуу сааттарын" көрсөттү.

"Акылдуу сааттар" жогорку жана төмөнкү температурага, жаан-чачынга, нымдуулукка чыдамдуу келет. Гаджет машыгуулардын жүздөгөн түрлөрүн, мисалы, лыжа тебүү, сууда сүзүү, альпинизм жана велоспортту көзөмөлдөй алат. Ошондой эле сатурацияны, уйкунун сапатын жана стресстин деңгээлин текшерет.

Смарт-сааттар 454 пикселдик 1,39-дюймдук OLED-дисплейине ээ. Ичинде Kirin A1 чипсети жайгашкан. Аккумуляторунун кубаты 25 күнгө жетет жана GPS-модулу күйгүзүлгөндө дагы 48 саатка созулат. Сааттар ак, кара жана көк түстө Улуу Британия, Германия, Франция, Италия жана Испанияда чыгарылган. Баасы орточо 250 евро деп бааланууда.

Жибек Мурсакматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 927, 10-16-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан