Кубик Калыков, ырчы: “БИР ЫРЫМДЫ ҮЧ ЖОЛУ ЫРДАП ПОПУЛЯРДУУ БОЛГОМ”

Кыйын музыкант, куудул, ырчы, аранжировщик, сүрөтчү, ошондой эле камкор күйөө, сонун ата. Ушу сапаттардын баары бир адамга таандык. Ал ким десеңиз, “Той, той” сыяктуу тамашалуу ырлары менен өз учурунун популярдуу ырчысы болгон Кубик Калыков. Кубанычбектен Кубикке өткөнү, рок ырчысынан эстрада ырчысы болуп калганы жана башка күлкүлүү, олуттуу окуялары сизге да жагымдуу маанай тартуулайт деп ойлойм.

“АТАМ 60 РУБЛГА ГАРМОШКА САТЫП БЕРГЕН”

– Адамдын өзүнө-өзү баа бериши өтө кыйын, ошентсе да аракет кылайын. Чыгармачылыктын пайдубалы кичинемде пайда болду. Атам 12 жашында мугалим болгон, манас айткан, комуз черткен, өз учурунун сабаттуу адамы эле. Апам уз болчу. Мага сүрөтчүлүк өнөр апамдан калган. Кичинемде чыгармачылык чөйрөгө мени эч ким жетелеген жок, мен да балдарымды жетелеген жокмун. Биз эки ападан туулган 14 бир тууганбыз. Атам кимибизди жетелеп жүрмөк эле? Атамдын комуз черткенин карап эле үйрөнүп алдым. Кийин бирөөнүн гармошкасын алып, үйрөнүп, атама аны алып берүүсүн сурангам. Айлыгын алганда атам музыкалык аспап саткан дүкөнгө ээрчитип барып, “кана, чертчи” деди. Өзбекче, орустардын “Катюшасын”, айтор, үйрөнүп алган көп обондорду чертип салдым. Өнөрүмдү далилдеп, анан 60 рублга баян алдырган элем. Үйгө мейман келгенде 15 республиканын элдик ырларын черттирип атам мактанып калчу. Шахмат жакшы ойночу элем. Мени менен мугалимдерди мелдештирип, козу утуп алган жайы бар атамдын.

8-классымда Жалал-Абаддагы Маданият техникумуна тапшырып, өтүп кеттим. Техникумду бүткөндөн кийин Бишкекке жолдомо менен Исмаил деген досум экөөбүз келдик. Экөөбүз тең музыкалык аспаптарды жакшы ойночубуз, бирок өтпөй калдык. Айылга кетип, мен Маданият үйүнүн директору болдум, ал көркөм жетекчиси болду. Ансамбль ачтык. Анан экөөбүз тең аскер кызматына кетип калдык. Аскер кызматынан келгенден кийин өзүм “Эпос” деген топ ачтым. Рок, джаз жанрында жандуу ырдачу элек. Топ катуу чыкты, 1990-жылы борборго келип, республика боюнча биринчи орунду алганбыз. Аскерден келгенден кийин жашоону башкача көз карашта карап калдым. Үй-жайды оңдоп, тиричиликти алдыга сүрөш керек, акча табыш керек деген маселе келип чыкты. Үч жерде иштеп, андан сырткары дыйканчылык кылчумун. Кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетин сырттан бүтүрдүм.

“КАССЕТА ЧАЙНАЛЫП КАЛЫП УЯЛГАМ”

– “Эпос” тобу катуу чыгып, түштүк аймагын багындырып алганбыз. Топто кыздарыбыз да бар эле, тез эле ала качып же бирдеме болуп жок болуп кетишчү. Шагыраган балдар укмуш ырдап жатсак деле элге кызыксыз, анткени ырчы кыздарга кызыгуу күчтүү эле. Ошол учурда борбордо Рахман Разыков уюштурган “Кыргыз эстрадасынын ырчылары” долбоору чыккан. Динара Акулова, Алина Жетигенова, Айчүрөк Иманалиева, Расул Маматкулов, Бек Борбиев болуп концерт коюп, түшкөн акчага үй ала турган долбоор эле. Ошолор Жалал-Абадга келип калышты. Музыкалык аппараттары деле жок, өздөрү эле келе беришиптир. Фонограмма жаңы чыгып жаткан, кассетага жаздырып алып ырдашат экен. Кассетасы кээде магнитофонго чайналып калат, аны калем сап менен түрөсүң, кимдин ыры өтүп кеткенин да билбейсиң. Иши кылып азап. Бизге фонограмма келе элек болчу, жандуу үн менен ырдачубуз, фонограмма дегенди ошондо билдим.

Мен Рахман Разыков менен тааныш элем, музыкалык аппаратураларымды коюп берүүмдү суранды. Биринчи күнкү концертте мени Ямахага тургузуп коюшту. Калп эле ойномуш болуп турам. Анан ырдап жатса эле баягы кассета чайналып кетсе болобу?! Элге калп эле ойноп жатканым билинип калды. Уялганымды айтпа. Бек Борбиев анда аккордеон менен ырдачу, аны “чык эле, чык” деп сахнага түртүп чыгарып жиберишти. Кассетаны калем сап менен түрүп кайра чыгарышты. Эптеп концерт бүттү. Анан айттым, “урматтуу артисттер, силерди жакшы көрөбүз, сыйлайбыз, бирок элди ушунча алдаган болбойт. Мен силердин ырларыңарды Ямаха менен ойноп бере алам. Эртең бир саатка келгиле, даярданалы” дедим. Эртеси музыкасын ойноп берип, жандуу үн менен укмуш сонун концерт болду. Баарынын үнү сонун экен. Эмне азап дейм да, жандуу үндөрү менен эле ырдай бербейби десең. Ойноп бергениме ыраазы болуп мени чакырышты. Менин тобум бар, кетип калсам алар ачка калбайбы. Бирок акчамды жакшы төлөп бермей болушту, эмгек өргүүсүн алып, алар менен кеттим. Ырчыларга ошентип аралашып калгам.

“КУБИК ДЕГЕН АТЫМ БАЗАРДА УГУЛА БАШТАДЫ”

– Кийин тобум чачырап, кыздар турмушка чыгып, балдар да туш-тарапка тарап кетишти. Ошол учурда мени Бек борборго чакырып калды. Ысык-Көлгө гастролго бармай болдук. Айпери анда 2 жашта. Жубайым, кызым болуп биротоло эс алып келебиз деп музыкалык аппаратураларымды жүктөп алып борборго келдим. Бара тургандар – мен, Борончу (ред.: Кудайбергенов), Бек. “Үчөөбүз кантип гастролго чыгабыз, жанагы “тахти-тахти-тах-тах” деп кол чатыр көтөрүп ырдап жүргөн кыз бар го, ошону кошуп алалы” дедим. Ал Асел Турдалиева экен. Ташкенттен окууну жаңы бүтүп, Куурчак театрында иштеп жатыптыр. Издеп барсак, фонтан жакта клип тартып жүрүптүр, дагы деле кол чатыры колунда (күлүп). Айлыгы 25 сом экен, “бир айга жүз сом төлөйбүз. Кеттик биз менен” десек макул болду. “Эмне ырдайм?” деди эле, “ырдап жүргөн ырыңа эки ыр кошобуз, ошону ырдайсың” дедик. Үй-бүлөбүздү да алып алганбыз. Пансионатка “акча жок, жатып туралы. Концерт берип, анан төлөйбүз” деп сүйлөштүк. Бара калып концерт уюштуруп, акчасын бердик. Ошентип төртөөбүз Ысык-Көлдү айланып жүрөбүз. Эл укмуш кабыл алып жатат. Бек ырдайт, жанында экинчи үндү алыш үчүн мен гитара менен туруп ырдайм. Экөөбүз узун кыска болуп туруп алып “алоо, алоо” деп баштаганда эле эл сүрөп жатып калат. Борончу интермедия аткарайын десе, жанында адам жок, ага да мен өнөктөш болушка туура келди. Ойлосом, ошондо Көлдү тегеренип келгиче бир альбом ыр жазып коюптурмун. Түнү менен студияда жаздырып, эртеси Жалал-Абадга кеттим. Он күн өтпөй эле базарда баягы мен жаздырган ырлар жаңыра баштады. Аялым “бир кассетадан Куби-ик деп атың чыгып жатат, Бек Борбиевдин ырлары эстрадалык болуп жатат” деди. Ага чейин Бек аккордеон менен ырдачу эле. Ошентип кыргыз эстрадасында Кубик деген ысым пайда болду.

“КЫЗЫМА ЫРЧЫЛЫК – БУЛ ООРУ, ӨМҮР БОЮ ООРУГАНГА ДАЯРСЫҢБЫ ДЕДИМ”

– “Бек” эстрада тобу ошентип түптөлдү. Мен борборго келдим. Биринчи Борончуга, анан Аселге, акырында мага үй алдык. Аты чыкканда Асел өзүнчө топ ачып кетти, Борончу өзүнчө кетти. Бек экөөбүз эле калдык. Бул эми жашоонун мыйзамы да. “Башка түшсө байтал жорго” дегендей, менин куудул болушум деле муктаждыктан чыкты. Бек экөөбүз чыгып элди күлдүрчү элек. Бир күнү Бек “сен да бир ыр жаздырып койчу” деди. Ырдап чыгам дебей эле, жөн эле жазып койдум. Сатира айтып бүтсөм эле эл “ырда” деп суранып калышты. Спорт сарайы толо. “Айдиги-диги-диги” деген ырды ырдап бүтүп кирип кеттим. Зал кайра кол чаап туруп алды. Чыгып ошол ырды кайра ырдадым. Анткени башка ырым жок да (күлүп). Дагы токтобой коюшканда айла жок дагы ырдадым. Эми токтобойт эл. “Кечирип койгула, менин башка ырым жок эле” десем эл дуу күлүп калышты. Ошентип Бектин күйөрмандарынын аркасынан жылдызым жанып кеткен. Азыр ырчылар анча элди чогултуш үчүн эмне гана кылбайт десең. Биз афишага Бек же Кубик деп жазып койсок эле эл батпай калчу.

Кубик аталганымдын тарыхы бар. “Эпос” тобун түзүп, ырдап жүргөндө Анатолий деген операторубуз бар эле. Жандуу ырдап жатканда ал эскертүү берип пультта отурат. Анан Кубанычбекке тили келбей Кубик деп койчу. Топтогу балдар да Кубик деп калышты. Кийин атыбыз чыгып калганда афиша жасатканда дизайнер жалдабайбызбы. Ал Асел, Борончу, Бек деп жазып келе жатып менин чыныгы атымды таппай коёт. Ал кезде чөнтөк телефон жок. Афишалар басууга эрте берилиши керек. “Өлүп кетсин, Кубик деп жазам” деп туруп афишаны кетирип жиберет. Элге Кубик деп таанылганым ушундан.

Бек экөөбүз 7-8 жылдай чогуу жүрдүк. Менин атым таанылып калганда “Жүзүңдү ач, Гүлчөтай” деген бет ачар концертимди бердим. 5 күн аншлаг менен өттү. Бир доор болот экен дүңгүрөгөн. Негизи “Той, той” ырым менен таанымал болдум. Өзүм билем, үнүм укмуш эмес. Ырдаш үчүн үнүң баритон же сопрано болуш керек. Карап көрсөм, ал кезде тамашалуу, бийлегенге ылайыктуу ырлар жок эле. Мен биринчи ушул жанрда ырдадым, ошону менен элге алындым деп ойлойм. Ырчы болобу, башка болобу, адам өзүн-өзү издеш керек. Бир кылка эле туурай берген болбойт. Азыркы ырчыларда “взрыв” жоктой сезилет. Мен Майкл Жексондун күйөрманы элем. Башкача жанрдагы ырларды жазгым келчү. Рок, джаз жанрында жазган ырларымды эл анча кабыл албай койгон. Азыр ырчыларга берсем, аябай сүйүнүп ырдап жатышат.

Кызым Айперини ырчы кылам деп такыр ойлогон эмесмин. 15 жашында ырдап чыкты. Апасы “жөндөмүн бир көрчү” деп эле болбойт. “Ырчылык – бул оору, өмүр бою ушу менен ооруганга макулсуңбу?” дедим. Айпери “бир ыр жаздырып бериңиз, менден эч нерсе чыкпаса экинчи суранбайм” деди. “Ак куу болуп учкум келет” деген ыры бар го, ошону жазып берсем эле, алынып кетти. Эл кызыгып “башка ыры барбы?” дей баштады. Экинчи ырын жаздырып берсем, ал да алынды. Ошентип ата кесибин аркалап кетти.

Исмаил Ибраимов, досу: “КУБИКТИ КӨТӨРҮП СҮРӨТКӨ ТҮШЧҮМҮН”

– Кубик менен 1980-жылдары 8-класстын базасы менен Маданият техникумуна тапшырып, ошол жерден тааныш болуп калганбыз. Экөөбүз жердеш да болобуз. Азыр деле бою кичинекей эмеспи, ал кезде чүкөдөй бала болчу. Мен чоңураак элем, сүрөткө түшкөндө аны дайым көтөрүп алчумун. Көрүнбөй калбасын дечүмүн го. Болбосо жашыбыз тең (күлүп). Тааныгандар ошого көп күлүп калышат. Өзү муштумдай болгону менен, Кубик аябай өжөр. Музыка жаатында эле өжөр эмес, башка нерсени да өжөрлөнүп отуруп майын чыгара жасайт. Анан жаңычыл, тапкыч эле. Турмушунда күчтүү инсан болду. Бардык сабактан экөөбүз тең “5ке” окучубуз. Бир жолу кол эмгек сабагынан кызыл чүпүрөккө лозунг жазмак болдук. “КПССке даңк!” же башка деген нерселерди жазчу элек. Биз “5” алабыз деп техникумдун алдына матага ошол сөздү боёк менен жазмай болдук. Чүпүрөгүбүз жука болгонгобу, көтөрсөк асфальтка жазылып калыптыр. Аны өчүрө албай убара болгонбуз. Кум менен жышып жатып араң кетирген элек.

Жатаканада чогуу жашайбыз, текшерип келишкенде Кубиктин керебети үтүктөлгөндөй түптүз боло турган. Мен канча аракет кылсам деле андай болбойт. Кичинекей да, төшөгүнө чегирткедей болуп кирип кетет тура (күлүп).

Бишкек шаарына техникумдан жолдомо алып экөөбүз келдик. Бирок сынактан орус тили, тарых сабактарынан кулап калганбыз. Кайра айылга барып иштеп жүрдүк. Мен аскерге кеттим, ошо менен жолдор ажырады.

Кубиктин музыкага жөндөмү күчтүү. Оркестрде чогуу эле ойнойбуз, өзү да ойноп жатып баарыбызды байкап турчу. “Сен бузуп ойноп кеттиң, калтырып ойноп койдуң” деп көбүбүздүкүн байкап, эскертүү берип турчу. Ушинтип дирижёрлук кылчу. Нотаны да биринчи түшүрчү. Экөөбүз тең ырчы эмес, музыкант элек. Кубик кийин эле ырдап чыкты. Мен учурда аккордеончумун, мектепте мугалим болуп иштейм.

Борончу Кудайбергенов, куудул: “БЕКТИН ЭСТРАДА ЫРЧЫСЫ БОЛУШУНА КУБИКТИН САЛЫМЫ ЧОҢ”

– Мен Чубак Сатаев менен ырдап жүргөн учурда Бек Борбиев келип калды. “Сахнага чыксам болобу?” дегенинен мен Чубакка айтып, ошентип чоң сахнага чыккан. Бек Борбиев, андан кийин Кубик менен тааныштым. Бек “аке, мен эстрадалык топ түзгөнү жатам, кошулбайсызбы” деп калды. Анда мени “аке” дейт эле, эми “үкө” деп калбадыбы (күлүп). Мен, Асел, Кубик, Бек болуп төрт жыл иштедик. Бектин эстрада ырчысы болуп калганына Кубиктин салымы чоң. Анда ал аккордеон менен ырдачу эле, кийинки ырларынын аранжировкасын жасаган Кубик болгон. Ырларын бийге ылайыктап заманбап жасап берчү. Биринчи жылдары үй-бүлөсү менен менин үйүмдө жашап жүрдү. Ошондон ушуга чейин доспуз, үй-бүлөлүк мамилебиз бар, катташып турабыз.

Интермедия аткарганда экөөбүздүн боюбуз тең, өңүбүз да окшоп жакшы өнөктөш болуп жүрдүк. Экөөбүз окшош көйнөк, окшош костюм кийип чыгып алсак эле, элдин боору эзилип калчу. Кубик өзү мыкты музыкант. Калганы кошумча өнөрлөр. Жашоосунда куудул, боорду эзген нерселерди айтып эле басып жүрөт. Азыркылар вайн деп чыгарып жүргөн нерсени Кубик экөөбүз 30 жыл мурун эле чыгарып койгонбуз. “Ак чүч” деген көрсөтүүбүз бар эле. Жакында Кубикке “мурунку кезибизди эстеп вайн тарталыбы?” десем, макул болгон. Азыр деле экөөбүз тамашалашып, мамилебиз бекем бойдон келе жатат.

Нышан Мурзакматов, режиссёр: “МЕНИ КУБИКТИН НААМ АЛА ЭЛЕКТИГИ ӨКҮНДҮРӨТ”

– Кубик менен 1982-жылы 2-курста окуп жатканда таанышкам. Тыкан, бутуна платформа өтүк, клёш шым кийген, чачы желкесине түшкөн саркеч бала болчу. Музыкалык аспаптарда укмуш ойночу, аябай сүймөнчүк болчу. 2015-жылы 50 жылдык юбилейин берип жатканда Бек Борбиев “мени Бек кылган ушу Кубик деп айтсам жарашат” деген. Атактуулукту өзүнө эмес, башкага да жасап берген адам деп айта алам. Эң өкүнгөнүм – Кубиктин өнөрүн мамлекет баалабай келе жаткандыгы. Өнөрү, таланты бааланбай келе жатат. Кубик өнөрдүн бардык тепкичин басып атактуулукка жетти. Бирок наам бериле элек. Кубик жасап чыгарган сахна адамдарынын баары эбак “Эмгек сиңирген артист” наамын алышкан. Бирок өзүнө бериле элек. Гезитиңерден Маданият министрлиги тараптан бирөө-жарым окуп калса, муну эске алабы деп атайын айтып жатам. Кубикке эбак эле наам берилиши керек эле.

Асел Турдалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “МЕН КУБИКТИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ КАРАМДУУ САПАТЫН ЖАКТЫРАМ”

– Кубик Калыков менен 1993-жылы жай айларында таанышкам. Эмен сейил багында “Боз бала” деген ырыма клип тарттырып жатканда келип таанышкан элек. Бек Борбиевдин, азыркы тил менен айтканда, менеджери болгон Толик деген байке бар эле. Ошол келип “гастролго чыгып келбейлиби?” деп сунуштап калды. Сүйүнүп кеттим. Ырларым аябай эле аз болчу. “Баары бир ырдаймын, апа, сага” деген ырымды, дагы бир топ ырларды Кубик жазып берген. Дуэттерди да жаздырдык. Ал жакта иштеп жүрүп, кийин өзүмчө кеттим. 2000-жылы Кубик экөөбүздүн долбоорубуз чыкты. “Келиндер козголоңу” деген театрлаштырылган концертим бар эле. Кубик кайнимдин ролун аткарчу. Экөөбүз “Жеңе” деген дуэт жаздырдык. Ал элге алынып кетти. Кийин да көп дуэттерди ырдадык. Жеңе-кайни болгон долбоорубуз ийгиликтүү болуп, экөөбүз үч жылдай тынбай иштедик.

Кубиктин өзгөчөлүгү – профессионалдуу музыкант. Ырларды жакшы аранжировкалайт, көп ырларыбызды Кубик жасаган. Азыр кайрылсак көп жасабайт. Мелодиялары өзгөчө чыгат. Актёрдук чеберчилиги Кудайдан берилген талант деп ойлойм. Эң баалаганым, ал мыкты күйөө, сонун ата. Үй-бүлөсү үчүн жанын берет. Эркектин үйүнө ташып турганы аябай жакшы сапат эмеспи, Кубик ошондой. Адамгерчиликтүү, боорукер, кечиримдүү, дүйнөгө башкача көз салган адам.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
suban78
2020-09-14 16:03:52
Ийгилик Кубик аке
+3
Gulzina1993
2020-09-18 22:51:34
Маек деген ушундай болсо, рахмат сонун болуптур, эс алгандай эле болдум окуп
0
Muslim_KGstana.
2020-09-20 22:58:08
Азр жашым 24то болгон болсо,эс тартып калгандан баштап мектепти окуп буткучо Кубик байкенин ырларын ырдап,угуп чонойдум.Блокнотума чейин жазып ошол убактагы болгону бир магнитафонубуз бар эле ошону бузгам акыры.
Сонун ырлары бар.
Эл артисти наамын берсе жарашат сопсонун.
0
№ 927, 10-16-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан