“СЕН ЖОК МЕН ЭЧ КИМ ЭМЕСМИН...”

Негизи биз, эркектер, аял-эркек мамилесинде өтө өзүмчүл келет экенбиз. Албетте, баары дебейм. Бирок өзүмдөн улам айтып жатам. Мен эле дейин десем, көпчүлүгүңөр аялзатынын сезимдери менен эсептешпейсиңер. Мага окшоп жөн эле “аял алыш керек” деп үйлөнүп алгандар четтен чыгат.

Мен сүйбөй-күйбөй эле үйлөнүп алгам. Сүйгөн кызым мени менен сүйлөшүп жүрүп турмушка чыгып кеткенде жер муштап ыйлап, ушунчалык ызаландым. Ага өчөшүп мен дагы үйлөнөм дедим. Ата-энемди досунун кызына куда түшүрүп, шашып үйлөнүп алдым. Ушул күнгө чейин үй-бүлөнүн жоопкерчилиги жөнүндө ойлонгон да эмесмин. “Иштеп, акча таап, азык-түлүк, керек-жарагын камсыздасам болду да” деп иштегенимди милдет кылып эртең менен жумушка кетип, кечинде келип уктап калчумун. Балдар менен анда-санда ойноп койбосом, жубайыма көңүл буруп жылуу сөз айтып, ага убакыт бөлүү дегенди билчү эмесмин. Андайларды аялына баш ийип калган күйөөлөр деп кабыл алчумун. Бирок мага “эсиңе кел” дей турган киши жок.

– Чарчадыңбы? Кел, тамак ич.

– Чарчайм да, силерди багам деп кечке иштеп жүрсөм.

Убагында үйгө келбесем сарсанаа болуп телефон чалып жатат деп жакшы жооп берип коюу да оор болчу. “Эмне, мени жыргап жүрөт деп ойлоп жатасыңбы, барам да. Улам-улам чала бербей, тынч эле отура турбайсыңбы!?” деп бурк этип, анын маанайын түшүрүп коюудан эч пайда деле тапчу эмесмин. Чынында ички дүйнөгө кулак төшөбөй эле күнүмдүк турмуш менен жашай берет экенбиз.

Жакында катуу ооруп калдым. Буга чейин эч качан бирөөнүн көмөгүнө муктаж болгон эмесмин. Байкушум, мен үчүн буту-бутуна тийбей чуркап жүрдү. Тамактын түрүн жасап, кийимдеримди күндө которуп, чарк айланып ооруканада жүрдү. Ойлондум, буга чейин кылган жоруктарым үчүн ушунчалык уялып кеттим. Дайымкы муздак мамилеме кек сактабай, менин ден соолугума кам уруп жүргөн адамга кантип ыраазы болбойсуң? Бир туугандардын өз үй-бүлөсү, өз арабасы бар. Эркек үчүн жубайыңдай күйгөн адам болбойт экен. Сараңбыз, жылуу сөзгө, жакшы мамилеге дагы сараңдык кылабыз. Жубайыбызга көңүл буруп, аны менен чогуу сайрандасак жарашпайбы? Аны үйгө отургузуп коюп өзүбүз эркин басып-туруп, башка кыздар менен майрамдап, аларга каражат сарптаганыбызчы... Үй-бүлөдөн аяган убакытты эмнеге такыр чоочун бирөөгө жумшашыбыз керек? Кудай мага ооруну ойлонсун деп бергенби, ким билсин?

Жашоомо жарык берген берметим, мен эми сенин карегиң менен тең айланууга даярмын. Жылуу сөз, жакшы мамилемди сенден аяп, акмак болуп жүрүптүрмүн. Ким мага сендей күйүп, ким жылуулук бере алат? Сен бар үчүн мен дердеңдеп кутуруп жүрөм да. Сен жок мен эч ким эмесмин...

Турат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Balam_bakytym
2020-09-16 13:19:19
Chynynda jyluu sozgo saran kelesiner, bir nersener kemip kalchuudai bolosunar. Men bashynda shirin sozun kutup, oroi suiloso kapa bolchumun, yilachumun. Azyr uironupda kaldym kutpoim.
+2
nurhan2702
2020-09-19 19:12:46
Эхх эркектин баары сага окшоп тушунсо экен. Же созсуз ооруганда билеби?
+2
Mahombi
2020-11-01 12:50:47
Эркектин баары эле тушунуп калса гана, биз да суйушуп-куйушпой эле уйлонгонбуз, эркектер неге мындай колдоп, алдап соолап конул буруп койсонор аял заты очогунарды тутантып чыдап жашайт да,мага да куйоом тескери мамиле кылган, акыры ажырашканбыз, жакында торойм, бир да жолу келип сурап койгон жок, азыр эркектин баары ушундай желмогуз корунот,куйоомо болгон сыйым жоголгон, боюнда бар кой деп ойлогондун ордуна келесоодой ойлонгон эркектер коп экен, журот башка кызды аламдеп аман эле болушсун ушулар
0
№ 927, 10-16-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан