Куудул, алпаруучу Назира Жетигенова жакшы жаңылыгы менен бөлүштү. Ал жакында турмуш жолуна аттанганы турат. «Турмушка чыгам деген үмүтүмдү үзүп койгом. Бирок Кудайдын планы башкача экен» дейт куудул. Калганын маектен окуй аласыз.
– Назира айым, куттуктайбыз! Жакшы жаңылык менен келиптирсиз. Маекти ошондон баштасак...
– Рахмат. «Кыздын чырагы кырк» дегендей, жакында турмушка чыкканы жатам. Өзүм да ишенбей турам. «Жашым өтүп кетти, турмушка чыкпайм го» деп ойлочумун. Неберелерим, кыздарым менен жашай берем, эгер кызым бөлүнүп кетсе, анда улуу неберемди алып калам деп ойлоп жүргөм. Бирок Кудай жашоомду башка нукка буруп койду. Маектерде «мага үйлөнө турган жигит төрөлө элек же мен таппай жүрөм» деп айтып калчу элем. Төрөлүптүр, таптым. Мен кандай жигит издегем? Мен үчүн анын менден улуу же кичүү экени, байлыгы, жерлиги маанилүү эмес болчу. Негизгиси ден соолугу чың, акыл-эси ордунда болсо, мени сыйлап, чындап сүйсө, менден күчтүү болсо деп тилечүмүн. Буюрса, тилегиме жетейин деп турам.
– Кайдан таанышып калдыңыздар?
– 5 жыл мурун лыжа тебем деп бутумду сындырып албадым беле. Ошондо ал дагы жол кырсыгына кабылып, буту сынып ооруканага түшкөн экен. Мага операция жасап жатышканда аны операцияга даярдашыптыр. Экөөбүз катар жатып калыптырбыз. Мени ошондо көрүптүр. Өзүнүн айтымында, бетимден нур чачырагандай көрүнүптүрмүн, ошол жерден эле жакшы көрүп калыптыр. Ал ага чейин мени таанычу эмес экен, белгилүү адам экенимди билбечү экен. Кийин гана ооруканадагылардан билип, мен жөнүндө интернеттен издеп, маектеримди окуп чыгыптыр. Ошентип, 5 жылдан бери чалып, тааныша албай жүргөн экен. Чалса таанышпай койчу экенмин. Таанышабыз деп чалгандар көп. Ар бири менен телефондон тааныша бербейм да. Анан карантин маалында чалып калды. Зериктим окшойт, таанышып койдум. Карантин бүткөндөн кийин жолуктук. Алгач мүнөзү, келбети жакты. Бара-бара жакшы көрүп калдым.
– Кандай сапаттары жакшы көрдүртүп алды?
– Менден күчтүү, мени башкара алат, чечкиндүү, өзүнө ишенген адам. Кыздар атасына окшош эркекти издейт дешет. Атама окшош сапаттары бар. Андан тышкары айткан сөзүн аткарат, жоопкерчиликтүү, ичпейт, чекпейт, иштейт.
– Кайсы жакта иштейт?
– Кесиби юрист, бирок юрист болуп 1 жыл гана иштептир. Азыр спорт чөйрөсүндө. Кикбоксчу, көк бөрүчү, асыл тукум жылкыларды багат.
– Сүрөтүн көрсөтпөй жатасыз...
– Ооба, аты-жөнүн, жашын, жерлигин айта албайм, сүрөтүн элге жарыялабайм. Ал «мени чыгармачылыгыңа аралаштырба, жылдыз кылба» деп суранды.
– Баракчаңызга жүзүн жашырып сүрөт жүктөдүңүз эле, күйөрмандарыңыз «сизден кичүү окшойт» деп божомолдоп жатышат...
– Ооба, менден бир топ эле кичүү. Ортодогу жаш айырма мени ойлондурган жок. Бирок апама, кыздарыма, бир туугандарыма, куда-сөөккө сөз тийишин каалабайм. Ошол себептүү да сүрөтүн жарыялабай жатам.
– Үйлөнүү сунушун кантип киргизди?
– Кинодогудай. Экөөбүз чогуу Ысык-Көлгө барып эс алдык. Ошол жакта жүргөндө бир күнү Чолпон-Атадагы ипподромдун алдына алып барды. Өзү сыртка чыгып кетти да, мага «унаадан чыкпай тур» деди. Сыртта жаш балдар унаалары менен дрифт жасап ойноп жатышыптыр. Бир маалда эле күлүп кайра келди. Көрсө, ал сыртта стакандарды жүрөкчө формасында тизип, ичине шам күйгүзүп жаткан экен. Мага ошол жерден романтикалуу түрдө үйлөнүү сунушун киргизмек экен. Анан эле жанагы балдардын бири унаасын катуу айдап өткөндө шамдар өчүп калыптыр. Ал жактан ою ишке ашпай калып, үйгө кеттик. Дегеним, көлдүн жээгинен батир ижарага алганбыз. Кечке маал ашканада тамак жасап жүрсөм, көзүмдү колу менен жаап, бөлмөгө алып кирди. Шамдарды жагып, жерге тизип коюптур. Тизелеп отуруп музыканын коштоосунда «мага турмушка чыгасыңбы?» деп шакегин сунду. Жагымдуу болду, толкундандым. Ага чейин эле «үйлөнөбүз» деп айтып жүргөн. Бирок минтип сунуш киргизет деп күткөн эмесмин. Макулдугумду бердим. Көлдөн келип апама айтсам, «жашоо өзүңдүкү, өзүң билесиң. Экинчи жолу жаңылбасаң болду» деди.
– Бул жаңылыкты кыздарыңыз кандай кабыл алышты?
– Улуу кызым жакшы кабыл алды. Ал экөөбүз чогуу жашагандыктан көп сырдашабыз, кеңешебиз. Ошондуктан мени түшүндү окшойт. Кичүү кызым бир аз кыялын көрсөттү. Менин бактым үчүн макул болушса керек. Бул жаңылыкты уккандан кийин кичүү кызым «апам эмне эле жашарып, сулуу болуп баратат десе, маселе бул жакта турбайбы» деп тамашалап жүрөт.
– Кайын журтуңуз тууралуу айтсаңыз...
– Ата-энеси, иниси, карындашы бар. Алар менен телефон аркылуу тааныштым, азырынча көрүшө элекмин.
– Той качан болот?
– Буюрса, декабрь айында же эмдиги жылы баш кошобуз. Чоң той өткөрүүгө ал макул. Бирок мен элге жарыя кылып чоң той өткөргүм келген жок. Элдин сөзү, көзү бар. Жакындарыбызды гана чогултуп, чакан той менен эле үйлөнүп алсакпы деп ойлонуп жатабыз.
– Үйлөнгөндөн кийин өзүнчө жашайсыздарбы?
– Ооба, анын үйү бар. Ошол жакта жашайбыз. Эң негизгиси болочок жолдошум альфонс эмес. Мен март айынан бери жумушу жок үйдө жатам. Майда-чүйдө керектөөлөрүмө суратпай эле тыйын-тыпыр берип, абалды колго алып жатат.
– Жаш өткөн сайын эч кимди жактырбай каласың дешет. Жакпай калган сапаттарына, адаттарына кандай мамиле кылып жатасыз?
– Ар адамдын кемчилиги бар. Экөөбүздө тең кемчилик бар. Анын үстүнө сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет эмеспи. Мен кыздарымдын атасына эрте турмушка чыктым. Турмушка чыккандан 2 айдан кийин 17ге толгом. Бала кезде турмушту жакшы түшүнбөйт экенсиң, сеники гана туура деп ойлой берет экенсиң. Жаш кезде жүрөк курч болсо, жыл өткөн сайын акыл курч боло баштайт экен. Мен мурда баарына кыздарымдын атасы күнөөлүү деп ойлочумун. Кийин таразаласам, менден деле көп ката кетиптир. Азыр сабырдуу болгонго үйрөндүм. Мурда бир адамдын кылык-жоругу жакпай калса, бетке айтып салып, ал кылыгымды туура деп ойлочумун. Адамдын жүрөгү ооруп калат деп ойлончу эмес экенмин. Азыр акылга салып, адамдын жүрөгүн оорутпай, жай айтканды үйрөнүп жатам. Жигитим экөөбүз үйлөнгөнгө чейин сүйлөшүп, мамилебизге эрежелерди киргизип алдык. Мен «эшиктен маанайың түшүп, жиниң келип келсең да, аны үйдөн мага көрсөтпө. Мага кыйкырба, урушпа, акырын түшүндүрсөң, катамды оңдойм. Мен да сенин катаңды көрсөм, шылдыңдабай, жүрөгүңдү оорутпагандай айтам» дедим. Жигитим болсо «кандай абал болсо да бири-бирибизди сатпайлы, эч кимди укпай, бактыбыз үчүн баарын жасайлы» деген шарт койду. Экөөбүз бири-бирибизди алдабайбыз деп сөз бердик. Куулук сапатты жаман көрчү элем. Бирок аял киши куу болушу керек экен. Мен үй-бүлөмдү, андагы ынтымакты сакташ үчүн куу болушум керек. Куулукту жакшы жакка да колдонсо болот.
– Болочоктогу жолдошуңуз чыгармачылыгыңызга кандай мамиле кылат?
– «Чыгармачылыгыңа тоскоол болбойм. 1-2 күндүк концерт, тойлорго чыксаң болот. Бирок 1-2 айлап гастролго барбайсың» деди. Алдыда кандай жашоо болот, билбейм. Азырынча бир чечимге келе элекпиз. Бирок чет өлкөдө жашап калышыбыз мүмкүн. Азыр аны Москвага чакырып жатышат. Америка же Испанияга кетип калышыбыз ыктымал. Жигитимдин кенен ойлонгону, менталитетке байланбаганы жагат. «Жаш кезде колубуздан келип жатканда дүйнө кыдырып, дүйнө таанымыбызды өстүрүп алалы. Мал багып, дыйканчылык кылганга картайганда деле жетишебиз» дейт.
– Жакшы. Бактылуу болуңуздар! Маегиңизге рахмат!
Перизат Музуратбекова