ҮҢКҮРГӨ КАТЫЛГАН АЛТЫН (Байлык кумары, сүйүү, алтынга жетүү үчүн өмүрүнөн ажырап кала жаздаган жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Акимычтын атынын бели бошоп кетти окшойт, "басмайылды тартып алайын, силер барып тургула" деп артта калды. Асканын башына чыгып, аттарды тушап коё бердик. Шаймандарымды алып, аркандын бир учун түбү бекем даракка байлап аскадан ылдый түшөйүн деп турсам Муслим мени токтотуп калды.

– Түшө аласыңбы, көзүң жетеби?- дейт.

– Көп болсо отуз-отуз беш метр да, оңой эле. Мындан беш эсе бийикте деле иштегем,- дедим жактырбай.

– Анда коё тур, мен ылдыйга түшүп карап турайын,- дейт.

Таң кала түштүм, бул эмне, куласам кармап калам деп жатабы?

– Ой, кулабайм, коркпо, куласам деле сууга түшөм.

Муслимдин негедир жини келип кетти:

– Сен айтканды кыл, уктуңбу? Акыңды төлөп жаткандан кийин биздин сөздү эки кылчу болбо. Күт дегенден кийин күт башты оорутпай!- деп сөгүнүп жиберди.

Жаным чыгып кетти, жалданма кулдай көрүп "акыңды төлөп" дейт... Асканын кырында отурган элем, ордумдан ыргып туруп жакадан алдым. Моюнунан муунта кармап:

– Биринчиден, мен бул жакка ачка калганымдан келген эмесмин. Экинчиден, сен төлөп жаткан жоксуң мага. Үчүнчүдөн, мени кекеткидей сен кимсиң? Эскертип коёюн, дагы бир жолу мага ушундай тон менен сүйлөчү болсоң, алдагы коңкойгон мурдуңду жара коём, уктуңбу?!

Жакасын коё берип, төшүнөн ары түртүп жиберсем темтеңдей түштү. Бирдеме дейин деп барып унчукпай калды, кийин сүйлөшөм деди окшойт ичинен. Унчукпай атына минип жөнөп кетти. Макул эми, күт десе күтө турайын деп арканды бир сыйра текшерип чыктым. Үзүлүп кетчү деле жери көрүнбөйт. Аңгыча жаныма Акимыч келди, төмөн жакты карап:

– Түшө аласыңбы? Этият бол,- деп калды.

Бир маалда ылдыйдан Муслим көрүндү, колун булгайт, "түшө бер" деп жатканын түшүндүм. Акырын аркан менен түшө баштадым. Имараттан көрө аскадан түшүү бир топ эле оңой да, урчук-бурчук жерлер көп. Арканың үзүлүп же чечилип кетсе, кармап кала турган нерсе бар дегендей. Акимыч да үстү жакта белинен жип байлап алып эңкейип мени карап турат. Булар эмне эле менден көзүн албай карап жатышат, түшүнбөдүм. Кулап кетсем деле булар кармап кала алышпайт.

Арканымда ар үч метр сайын 1 метр, 3 метр, 6 метр деп уланып кете берген жазуу бар, канчалык ылдый түшкөнүмдү ошодон билем. Карасам он эки метр түшүпмүн. Ылдыйда Муслим дүрбү менен ар бир кыймылымды карап турат. Дагы эки метр түшкөнүмдө бутум боштукту сезди. Асканын оюлгандай болгон жерине жетипмин. Түбүндө эни бир метрдей, узуну асканын боору менен капталды көздөй кеткен, экинчи жагы шаркыратманын түбүнө кирип кеткен жол сыяктуу тектирче бар экен. Тектирдин бир тарабына жамгыр тийгенге чөп басып кетиптир. Көнбөгөн адам түшө албайт мындай жерге. Эптеп тектирчеге түшүп, дем алып алайын деп отурдум бир аз. Чөп бийик өсүп, бийиктиги бир метрдей бар го, башым эле көрүнбөсө, көрүнбөй деле калдым окшойт. Жогору карасам Акимычка да көрүнбөй калыпмын, ылдыйда Муслим турат дүрбүдөн көзүн албай. Шаркыратма менден төрт-беш метр арыраакта күүлдөп агып жатат. 4-5 мүнөттөй дем алып отурдум. Эки жакты карап жатып көзүмө жылт этип бир нерсе урунду, көргөн көзүмө ишенбей турдум. Менден арыраакта, тектирченин чөп өспөгөн такыр жеринде алтын тыйындар жатат. Бирөө атайын чачып койгондой болуп ар жерде жатат. Алайын деп жүткүнүп баратып токтоп калдым. Сыр бербей, айланага суктанган адамдай болуп отура бердим. Муслим дүрбү менен менин ар бир кыймылымды даана көрүп турат. Ал турган жакка караган да жокмун, карасам эле шек санап калмак, алтынды көрүп калганымды түшүнмөк. Жүрөгүм дүкүлдөйт тим эле кабынан чыгып кетчүдөй болуп. Колдорум калтырай баштады. Алтындын бир күчү бар деген чын окшойт. Ичимден англисче 1-2-3 деп санай, баштадым. Бул менин атайын ыкмам, толкунданган учурларда дайым ушинтем. Англисче санасам көз алдыма ал сандар тамга менен кантип жазылары элестеп, оюм дароо калыбына келет. Ордумдан туруп, аркан менен ылдый түшө баштадым. Үч-төрт метр түшүп, өйдө жакты карасам, жана эле мен турган жерде чоңдугу мышыктай болгон көр келемиштер жүрүптүр. Ары-бери чуркап, мурдун өйдө көтөрүп жыт издеп жаткандары даана көрүндү. Суунун шарынан жакшы угулбады, бирок чыйылдап эле жатышты. Эң жаман көргөнүм чычкан, келемиш атпайлар эле. Отуз-кырктай бар го, баары тектирдин кырына тизилип туруп алышыптыр. Чөптүн арасында тургандыктан Муслимге көрүнбөсө деле керек.

Жерге түшкүчө өзүмдү толук колго алып, жүрөгүмдүн согушу да калыбына келип калды. Асканын түбү, мен түшкөн жер чакан көлмө эле.

Жибимдин бирөөсүн катыргычынан бошотуп катуу тартсам, асканын башындагы даракка байланган жери чыгып кетет. Тартып түшүрүп алып, жиптин бир учун кармап сүзүп жээкке чыктым. Көлмө терең экен. Үстүмдө футболка, чолок шым эле, күн ысык болгондуктан тез эле кургап калат.

Муслим күндөн калкалоочу көз айнек тагып алгандыктан көзүнөн эч нерсе байкай албадым. Бирок ал менден көзүн албайт, көзүмдөн сыр окугусу келип жатат.

– Түшө алат бекем?- дедим да кийимдеримди шашпай күнгө жайып, арканды түрө баштадым. Бир жогоруну карап, бир мени карап унчукпай жанымда отурат. Бир нерсени сурай албай жатканын байкап турдум. Эмне кылышты билбей калды да. Кайра-кайра тамеки чегет. Өзүмчө ойлондум, демек, булар асканын боорунда алтын бар экенинен кабары бар, бирок анын кайсы жеринде экенин так билишпейт. Бирдеменин четин угушкан үчүн мени ар шылтоону айтып алып келишти да. Эгер алтын каерде экенин так билишсе, мага мылтык такап болсо да аскадан түшүрүп алдырышмак. Ошондо оюма келди, эмне эле булар жайдын күнү мээ кайнаткан ысыкта күрмө кийишип алышканы. Күрмөнүн ичинде бычагы же тапанчасы бар болду бекен? Мен футболкада ысып жатам, булар бышып эле калышты да, ошентсе да чечпей жүрүшөт. Кантип билсе болот?

Кой дедим өзүмө өзүм. Азыр менин ой басып отурганымды байкашса шекшип калышы мүмкүн. Сыр алдырбаш керек.

Ой тынчтык бербей койду, буларды эптеп текшерип көрүш керек. Өздөрүнө байкатпай бирдеме кылайын деп ойлодум. Муслим болбойт, экөөбүз жана эле чыртылдашып кеткенбиз. Акимычты текшерип көрөйүн дедим. Күтө берип тажаган адам болуп, Муслимге "Акимычтан жолунан тосуп чыгайын" деп коюп асканын үстүн көздөй жөнөп кеттим. Тээ чокудан эми жөнөгөн окшойт, эки ат менен түшүш деле кыйын мындай жерде. Тез-тез басып жолунан тосуп чыктым, аттарды жетелеп, жөө түшүп келаткан экен. Жанына жетип аттын чылбырын андан алып жатып, ташка чалынган адам болуп Акимычка сүйөнүп калдым. Күрмөсүнүн ичинен тапанчаны колтук жакка илип алганда тагынуучу кур көрүндү. Демек, тапанчасы бар экен да.

Акимыч байкаган деле жок, "этият бол" деп кучактай калды. Ээрчишип түшүп келип, аттанып үйгө жөнөп кеттик.

Келери менен алар кеңсеге кирип кетишти. А мен тамактанып алып өзүмдүн бөлмөмө кирип кеттим.

Тапанчаларын мага каршы колдонуу үчүн алышты да. Эгер аскада алтын бар экенин буларга айтсам, ал алтындарды алдыртып туруп мени жок кылышмак окшойт. Демек, мен бул жерге эч кандай туристтерге кам көрүү үчүн келген эмесмин. Менин милдетим башкада. Кеч боло электе, желкеме тапанча такала электе эптеп бул жерден качыш керек...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
mr.ulan89
2020-09-21 10:23:13
Эхх даана кызыгана келди окшойт
+2
Afrodita1993
2020-09-21 13:45:44
Ушул китепти сатып алмакмын
+1
fak
2020-09-21 14:40:28
Ийгилик,аябай кызыктуу жазылып жатат!
+1
temirov76
2020-09-21 19:58:28
Ток этери башталды.Сериялга эми чындап илештик окшойт.
+2
Cherik.777
2020-09-21 22:09:46
Башталды
+1
№ 928, 17-23-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан