YOUTUBE TIKTOK`ко АТААНДАШ КЫЗМАТТЫ ИШКЕ КИРГИЗДИ

YouTube видеохостинги YouTube Shorts деп аталган кыска видео тартып киргизүүгө ылайыктуу кызматын ишке киргизди. Бул тууралуу YouTube өзүнүн расмий блогунда жарыялады. “Биз мобилдик телефонду гана колдонуп кыска, унутулгус видеолорду тартууну каалаган колдонуучулар үчүн YouTube'га кыска видеолор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктү – YouTube Shorts`ту түзүп жаткандыгыбызды кубануу менен билдиребиз”,- деп жазылат маалыматта. YouTube`дун бул кызматы азырынча тестирлөө үчүн Индияда гана иштейт. Жакынкы айлардын ичинде колдонуучулардын пикирлерин эске алуу менен башка өлкөлөрдө да ишке киргизүү пландары бар.

TikTok`ко окшогон бул кызматта 15 секунддук видеолорду тартып, ага YouTube`дан музыка кошсо болот.

Тиркеме азырынча Android OС системиндеги колдонуучулар үчүн жеткиликтүү, кийинчерээк iOS операциондук системинин ээлери үчүн жеткиликтүү болору айтылат.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айынын аягында Индия бийлиги TikTok`ту жана бир нече Кытай тиркемелерин, ошондой эле WeChat социалдык тармагын, UC браузерин жана Clash of Kings оюнун колдонууга бөгөт койгон эле.

Жибек Мурсакматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 928, 17-23-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан