Чыгармачыл инсандар чын эле сезимтал келет. Ырчы Самара Каримова көптөн бери маек төрүбүзгө келе элек эле. Бул убакытта ал кандай өзгөрдү? Билгиңиз келсе, макалага көз жүгүртүңүз.
– Салам, Самара, кийинки учурда көп көрүнбөй кеттиң?
– Салам. Менин жашоомдо бурулуш болду десем болот. Ойлорум, дүйнөгө болгон көз карашым өзгөрдү. Өзүм менен өзүм болгум келген, жан дүйнөм тынчтыкты каалаган учур болду. Көп убакта айылда болуп жаткандыктан ал жерде интернет бирде тартса, бирде тартпай, социалдык тармактардагы баракчаларыма да сейрек кирип жаттым. Өтүп кеткен жарым жылдай убакыт баарыбызды ушул ойго түрттү окшойт, атак-даңкың, байлыгың, бийлигиң, баары жалган дүйнөнүн убарасы экен. Бир гана Жараткан, ден соолук, жакындарыңдын амандыгы маанилүү болуп калат экен. Элдин арасында биз дагы коронавирус илдети менен оорудук. Обсервацияда жаттык, кийин үйдө болдук. Бул оорудан соң калыпка келүү оор болот экен, анткени иммунитет аябай түшүп кетет экен. Азыр жакшыбыз. Акыркы жылдары чыгармачылыкта өтө активдүү иштегендиктен, жолдошум экөөбүз тең үйдө сейрек болчубуз. Карантинде биринчи жолу узун убакытка үйдө болдук.
– «Айылда болдук» дедиң, кайын журтуңа кызмат кылып келипсиң да?
– Жолдошумдун айылы табияты кооз жерде жайгашкан. Ооба, кайын журтка барып, курулуш иштери менен алек болдук. Уста бактым дегендей. Мен өзүм бир иштин майын чыгара жасаганды жакшы көрөм. Кээде башкаларга ишенбей, киришип кеткен жагым бар. Мурун кайын журтка барганда деле иштерибиз көп болуп, ашып кетсе үч күн турчубуз, шашып барып, шашып келчүбүз. Ошон үчүн мени көп билишпейт эле. Кайын журтумдагы айрымдар «азамат, сен эмне иш болсо да аралашып кетет экенсиң, биз сени бул иштерди кыла албаса керек деп ойлочубуз. Бир карасак суу ташып, бир карасак казандын башында, бир карасак тандырдын жанында жүрөсүң» деп айтышты. Эми айылда эле чоңойгон кызмын, бардык иштерди кыла алам.– Депутаттыкка ат салышат деген сөздөр болду эле, бирок эч бир тизмеде көрүнбөйсүң?
– Өзүмдү ар тараптан сынап көргүм келет. Сынап көргөндөн эч качан коркпойм. Мен «отур» десе отуруп, «тур» десе тура калган аял эмесмин. Өзүмдүн көз карашым, дүйнө таанымым, максатым бар. Ош шаардык кеңешине бир партиянын атынан талапкерлигимди койгом. Ал чындык. Бирок үгүт иштери баштала турган учурда шаарга карантин кирип, бул шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Амандык болсо, бул максатымды ишке ашырып талапкерлигимди коём. Ал эми Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигин коюп жатат деген сөз имиштер болчу. Эл арасында мен тууралуу түрдүү сөздөр чыга берет. Буга чейин деле «ажырашып кетти, кайра жарашып алды» деген таң каларлык ушактар айтылып жүргөн.
– Ырчылардын саясатка баруусуна кандай карайсың?
– Туура көз караштамын. Алар эл аралап жүрөт, элдин көйгөйүн жакындан билишет. Эл оор абалда калганда да көп демилге көтөрүп чыккан да ырчылар болду. Өнөр адамдарынын жүрөгү таза болот, жаман ойлой албайт, кичине нерсени деле жүрөгү аркылуу өткөрөт. Өзүм тууралуу айтсам, мен бир жерде тынч отура албайм. Идеяларды ойлоп, ишке ашырып турам. Башка ырчылар бар, жалаң эле ыр менен алек болгон. Ошондуктан колунан келсе эмнеге саясатка барбашы керек?
– Оор учурда жардамга кол сунгандардын катарында болдуң окшойт?
– Биздин үй-бүлө мурунтан эле кайрымдуулук иштерин такай жасап келгенбиз. Көп учурда элге жарыялабай койгонду туура көрөбүз. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, балдар үйүнө, карылар үйүнө концерт уюштуруп, Курман айттарда союш союп алып барып берип турабыз. Пандемияда да селден жабыркагандарга жардам бердик. Лейлекте көп балалуу үй-бүлөгө үй куруп берип жатабыз, жакында бүтүп калат. Динде деле тапканыңдын канча бир пайызын бөлүшүү керек деген нерсе бар го. Мындай иштерди биз жасап эле жүрөбүз.
– Китеп жазам дегендей болдуң эле, демилге күчүндөбү?
– Мектепте окуп жүргөндө сүрөттү мыкты тартчумун. Кара сөз түрүндө да чыгарма жазам, ыр жазып калам. Убагы келгенде китептерди жазам. Албетте, анын ичинде өзүм тууралуу да китеп болот. Чыгармачыл адамдардын жашоосу элге аябай оңой, жеңил көрүнөт. Бирок андай эмес, аркасында толтура эмгек, көз жаш, курмандык бар. Кээде сахнанын аркасында көз жашың төгүлүп туруп, сахнага күлүп чыккан учурлар болот. Оңой акча эч кимге келбейт. Ким байыса, жакшы жашаса, ал нерселер ага сөзсүз бир курмандык менен келип жаткан болот. Кээде кыңылдап обондун кайрыктары да келип калат, өзүмдүн обонум, сөзүм менен автордук ырларымды ырдап каларым да алыс эмес.
– Кайсы бир убакта ырчылыкты ташташың мүмкүнбү?
– Атам мыкты музыкант. Бул кандан өткөн нерсе болуш керек. Мен чыгармачылык менен алек болбой калган учурда жүрөгүм бош болуп калат. Турмушта эми алдын ала эч нерсе деп айтканга болбойт эмеспи. Ырчылыгымды жолдошум, кайын журтум, элим колдоп турганда ырдап турганга эмне жетсин? Менде андай ой жок. Амандык болуп турса, дагы далай чоң максаттарды коюп, аларга жетем деген ойлорум бар.
– Маектешип жатып чындап эле ойлоруңдун өзгөргөнүн байкадым...
– Ооба, өзгөрдү. Мен кээ бир нерселерди туура эмес ойлончу экемин, жашырганда эмне, моюнга алыш керек. Мындай учурда кесиптештерим ырдап чыккандай «адамга адам керек» болуп калат экен. Бийлигиң, атак-даңкың болсо да, ал тургай аалым болсоң да, Жараткан кааласа бир секундда жүрөгүңдү токтотуп коёт экен. Мен ооруп калганда балдарым учүн корктум. Алар 6, 7, 8 жашта, удаа төрөлүшкөн. «Ден соолугумду бер, мен ушуларга керекмин, мен буларды чоңойтушум керек» деп Жаратканга жалындым. Эне деген башкача экен, балаңа керек болсо, ойлонбой туруп жүрөгүңдү чыгарып бере турган башкача сезим болорун дагы бир жолу терең аңдадым. Мындан ары эч кимдин көңүлүн оорутпай жашашым керек экенин түшүндүм. Бакыт деген нерсенин ондон тогуз бөлүгү ден соолук экенине көзүм жетти.
– Ооба, эч ким оорубасын, маегиңе рахмат!
Нуржамал Жийдебаева