“ӨГӨЙ АТАМДЫН ЖОРУГУН АПАМА КАНТИП АЙТАМ?”

– 7-класста окуп жүргөн кезим. Атам оорудан каза болуп, апам жесир, иним, сиңдим, мен үчөөбүз жетим калдык. Ыйладык, жоктодук, боздодук, бирок кайтара алган жокпуз. Атам боз топурактын алдына жатып калды, томсоргон бейитинин үстүн шыбак каптап калганына 1 жылдан ашты. Атамдын бир туугандары башынан эле бири-бирине карамдуу эмес болчу. Чоң ата, чоң энебиздин көзү өткөндөн кийин ого бетер аралары сууп кеткен. Атамдын бейитине сиңдимди ээрчитип күнүгө барам. Туугандары жыл айланса да көрүстөнүнүн үстүнө 1 таш коюп атын жазып, айланасын тосуп белгилеп коюу жөнүндө ойлонушкан жок. Апам болсо бизди багам деген түйшүк менен жүрүп кайдан эстелик оюна келсин? Ошол көр тириликтин айынан соода кылганга ылайыктуу деп башка районго көчүп кеттик. Ошону менен атамдын бейитине да каттай албай калдык.

Жаңы жер, жаңы жашоо, жаңы мектеп, классташтар... Мен 9-класска келип кирдим. Өткөөл курагым экен. Бат эле күйүтүм унутулуп, атамды көп эстебей калганым эсимде. Бир күнү апам кеч келди, саат түнкү 11ге чейин калчу эмес. Үчөөбүз күтүп отурганбыз. Эшиктен кирип эле колундагы таттууларын дасторконго койду. Жатарда “чай ичели” дегенинен таң кала чай койдум. Сиңдим менен иним өз бөлмөсүндө жүргөндөн пайдаланып апам мени кепке тартты.

– Татуш, кызым. Эми сен чоңоюп калбадыңбы. Бөбөктөрүңө айтардан мурун сени менен кеңешейин дедим. Өзүң көргөндөй, жалгыздык азабын тартып жүрүп кыйналып кеттим. Атаңар бизди таштап кеткени экинчи жылга баратат. Мен да турмуштан жаш калдым. Бирок жашоо деген улана берет экен. Канчалык кара жаныңды карч урба, жалгыздын иши жалгыз тура. Силерге ата ордуна ата болом, жүгүңөрдү моюнума алам деп мага жуучу түшкөн бирөө бар...

Апам андан ары сөзүн улай албай мукактанып калды. Менин оюма атам түштү. Көптөн бери эстей элек экенимди туюп, ыңгайсыз болуп кеттим. Денем чымырай түштү, бирок апама билдирбегенге аракет кылып суроо узаттым:

– Ал ким, апа?

– Базардагы кесиптешим. Сен деле көргөнсүң. Сезондо картошка, кышкысын мандарин, анан Кытайдын алмасын таратат. Кумар байкеңчи, чоң машина айдаган. Өткөндө сени азык-түлүк менен үйгө ала келип таштабады беле?..

Андан ары апам биз кезигишип калган учурларды санап айтып берип жатты. Андан аркысын уккан да жокмун. Көз алдыма бою узун, кареги жашыл тарткан, адамды башкача караган байке тартылды. Ооба, эсимде. Апам бир ирет ал кишинин өмүрү үйлөнө элек экенин айтып, 43тө деп негедир жашын да белгилеп өткөн. Апам 39да. Эмнеге болбосун? Экөө тең эле жаш. Ошентип, жеткен акылым менен экөөнө тон бычып көрдүм.

– Мен эмне дейин, апа? Сиздин көңүлүңүз болсо, жардам берем деп жатса, мен макулмун. Баку менен Эрмекке кантип айтабыз?

Ошол күнкү дасторкон үстүндөгү сүйлөшүүдөн кийин Кумар байке биздин үйгө келе баштады. Андан кийин туугандарын чогултуп, ырымдап түлөө өткөрүп, батирибизден Кумар байкенин үйүнө көчүп бардык. Апамдын көңүлү ачылып, маанайы жарык экенине сүйүнүп мен жүрөм. Кумар байкени болсо ата дей алган жокпуз, ата ордуна да көрө алган жокпуз. Бирок мамилебиз жакшы.

Бир күнү базарга апамдын ордуна чыгып калдым. Мага “картошка алып кой” деп айтып кеткен. Кумар байке кампага картошка түшүрүп жатканын угуп, дароо чуркап бардым да, көргөн көзүмө ишенбей калдым. Ошол жактагы кампаларды ижарага берген аялдын этегине асылып, санын кармап, айтор, жосунсуз аракет кылып жатыптыр. Тигил аял деле буга каршы эмес, шаңкылдап каткырып, кайра киши укпасын деп оозун баса коюп Кумар байкени далыга чаап ойсоктоп жатты. Мени байкашкан да жок. Коюнума муз салып ийгендей ичиркене түштүм.

Ошондон кийин анын артынан түшүүгө өттүм. Жайында базардагы соодагерлер тоого эс алууга чыкмак болуп, биз үй-бүлөбүз менен жөнөдүк. Жайык жерге жайгашып, суунун жээгинен орун алып, дасторкон жайылды. Мен чай ичкенден кийин бирөөнүн дүрбүсүн сурап алып тоо жакка чыгып кеттим. Бийик тоонун бир аз жерине чыгып эле чарчап, эс алууга отурдум. Бирок биз жайгашкан жер алаканга салгандай көрүнөт экен. Дүрбүнү алып тоонун баштарын, карагай-черге көз салып, өзүбүз жайгашкан жерди карадым. Андан ары дүрбү салып отуруп, Кумар байкени баягы аял менен дагы көрсөм болобу? Уялганымдан дүрбүнү көзүмдөн ала койдум. Кайра карайын деп карайлап баягы бактын түбүн таппайм. Экөө эзилип сүйлөшүп, улам бири-бирин эркелете кубалашып, жаңы үйлөнгөн жаштардай ойноп жүрүштү. Апам болсо андан кабары жок, күйпөлөктөп казандын жанында тамак жасоо менен алек. Кумар байкеге жиним келип, ойноктогон көздөрүн кайра-кайра элестетип жек көрүп отурдум. Ошондон бери оюм бир жерде эмес. Эми муну апама кантип айтам? Айтуу керекпи же аралашпаш керекпи? Мындан ары эмне болот? Мен да быйыл мектепти аяктап, шаарга кетем. Апам жалгыз эмне болот? Башым маң...

Таттыгүл

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
asefsa
2020-09-28 10:25:46
Айтыш керекго деп ойлойм, андай женил ойлуу адамдардан ар нерсени кутууго болот
+3
Dikowka93
2020-09-28 15:02:35
Айтыш керек ущундайында...болбосо кийин апана кыйын болот...эчнерсе бербей уйунон жыланач чыгарып коюшу мумкун...бирок сен акылдуу Кыз экенсин
+3
Snejana
2020-09-28 21:58:37
Главный сага тийишпесе болду.
+5
Cyldyzka
2020-09-28 23:16:26
Коркуп атып окудум,качан мага тийишти дейт экен деп.Озунду этият кыл,андай адамдардан.
+11
asdef
2020-09-29 07:47:22
Сага да асыла электе кетип кал тезиреек
+7
vikarus
2020-10-03 22:57:28
Айтыш керекпи же жокпу билбедим, бирок, сиңдиң экөөңөр этият болгула. Ал киши менен такыр жалгыз калбагыла.
0
№ 929, 24-30-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан