Кинорежиссёр, актёр Тынчтык Абылкасымовдун "Чек арада" тасмасы Москвада өткөн "АРТкино" фестивалында байгелүү орунга илинди. Аталган тасма "20 мүнөткө чейинки кыска метраждуу эң мыкты тасма" наамын жеңип алды. Кинофестивалга 15 фильм катышкан. Буга чейин “Чек арада” тасмасы эл аралык "Link" ("Link International Film Festival") кинофестивалында жеңүүчү болгон.