СЕНДЕН КИЙИН... (Эки аялдын таң калычтуу тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Чыкпайм мен!- деп бакырып жатты. Ал өзүн ушул бөлмөлөргө камап салганына көп болгон. Өтмүшүн, келечегин да ушул бөлмөлөргө камап салган. Салима жоошута кучактай берди. Айтурган бул колдор бир тууганынын колдору экенин билбеди. Болгону бул колдор болуп көрбөгөндөй жылуу эле. Кучагы да ысык болчу. Салима акырындап анын ишеничине кирип алды. Айтурган өзү бала кыял, ишенчээк, жан дүйнөсү назик, бирде баланыкындай таза жан болчу. Өмүр бою мамлекеттик кызматкердин жалгыз кызы болуп эч кыйынчылык көрбөй чоңойсо, кийин Искендердин ишенимдүү колдоруна түшүп, эч түйшүк билбеди. Ал Аяна сыяктуу эч качан ачка, жалгыз калбады, балдары үчүн кара жанын карч уруп иштеген жок. Турмушта жалгыз калуу, кимдир бирөөгө жооп берүү эмне экенин билбей, жомоктогудай гана жашаган эле. Искендердин өлүмүнө чейин...

– Салима, менин жолдошум ким экенин билесиңби?

– Ооба, укканым бар. Кыргызстанга белгилүү хирург экен.

– Искендер менин бардыгым болчу. Ал менин айымдан каза болду.

– Ооба, мен уктум. Жол кырсыгы болуптур.

– Мен эч кимди жек көрбөйм негизи. Бул сезим кандай болорун билген эмесмин. Бирок биринчи жолу жек көрдүм. Мен Искендерди менден тартып алган, ага бала төрөп берген кызды жек көрдүм. Сен бирөөнү жек көрдүң беле?

– Эсимде жок, жаман көрсөм керек. Баарыбыз адамбыз. Адамдар жек көрүшөт, сүйүшөт, кайра кечиришет.

– Мен аны эч качан кечирбейм!

Аялдын көздөрүндө болуп көрбөгөндөй жалын турду.

ххх

– Эже, ал аял башкача адам. Мен эми гана Искендер ага эмнеге айта албаганын түшүнүп жатам.

– Кандай?

– Периштелер болушат дешет. Ичинде бир да карасы жок, ушунчалык таза, жан дүйнөсү баланыкындай. Дал ошондой. 40 жаштан өтүп да ушул баёолукту сактап калганына таң калдым. Мисалы, ар бир сөзүмө ишенет. Кайдан келдиң деп деле сураган жок. Жанында пайда болуп калганыма эч шектенбеди деле. Агенттиктен дедим. Кайсы бир мүнөздөрү апама окшош экен. Сүйгөн адамын көзүн жумуп, ал кандай адам деп деле ойлонбой ээрчип кеткен апабыздын мүнөзү.

Аяна сиңдисин тиктеп калды.

– Мен тууралуу эмне деди?

– Жек көрөм деди.

– Ооба, анын ордунда болсом мен да жек көрмөкмүн. Салима, мен Кытайдан бир дарыгерди таптым. Ага жылдап кезек күтүп тургандар бар экен. Жазылдым. Бирок бир жылдай керек болот. Ага чейин эмне кылабыз? Сенин да үй-бүлөң бар. Нарынга кетишиң керек. Апама да кантип айтышты билбейм. Балким, ал киши карайт беле? Ишенген бир адам жанында болуусу шарт.

– Баары бир апама айтышыбыз керек.

Чындык оор. Кабыл алуу андан да оор. Кыздары Айтурган тууралуу айтып бергенде катуу ыйлады. Айтурганга ыйладыбы, Аянага ыйладыбы, алардын чиеленген тагдырына ыйладыбы, ким билсин? Бир күн кечке бөлмөсүнөн чыкпай ыйлап жатты. Бактыгүл улуу кызы тууралуу ойлонгондон коркчу. Бир билгени, аны өтө жакшы көргөн ата-энеси бар экенин билчү. Андан ашыктын ага кереги жок эле. Бирок тагдыр ал кызды маңдайынан кезиктирет деп эч ойлочу эмес. 17 жашында төрөдү. Эмизсе энелик сезими ойгонуп кетет дештиби, колуна да беришкен жок. Уузуна тойгузуп, эмизген да жок. Жаш экен, бир көрүп алайын деп да сураганга батына алган эмес. Кийин кызынын жашоосу жакшы экенин билди. Ошого шүгүр кылган эле. Минтип жылдар өткөндөн кийин жолугат деп эч ойлогон эмес.

– Апа, жай бүткөнчө мен жанында болом. Бирок андан кийин сиз карашыңыз керек болуп калат. Мен сизди акырындап алып барып көндүрө берейин. Маяна төлөп жаткан кызматчы катары эле барыңыз. Азыр ал чындыкты билбей турсун. Бутуна туруп алгандан кийин айталы,- деди Салима.

– Бутуна турабы, үмүт барбы? “Омурткасы сынып кетиптир” деп жатасыңар го?

– Белинен ылдый жыла албайт. Бирок азыр медицина өнүгүп жатпайбы. Биз бардык аракетти кылабыз,- деди Аяна.

Айтурганды апасы биринчи жолу көрдү. Чачын кыска кыркып салыптыр. Үлбүрөгөн жүзү купкуу эле. Жүрөгү тез-тез сого баштады.

– Кандайсыз, Айтурган эже? Бул менин апам. Мен кеткенде сизге жардам берет. Ага чейин көндүрө берейин деп ээрчитип келдим.

– Саламатсызбы?

Бактыгүлдүн көздөрүнө жаш толду. Майыптардын арабасында отурган кызына колдору сунула берди. Тиги таң кала түштү.

– Жакшы, өзүң кандайсың, кызым?

“Кызым” деди. Жүрөгү өрттөнүп жатты.

Айтурган эмнегедир бул инсандардан жылуулук сезип жатты. Салима шайыр, тарсылдаган шайдоот кыз. Бактыгүл болсо абдан мээримдүү. Тамагын мүнөздөп берет. Массажын үзбөй жасайт. Бирок таптакыр сүйлөбөйт. Бир жолу тамак ичип жатып таң калды.

– Сиз такыр кызыңызга окшобойсуз. Көп сүйлөгүңүз келбейт.

– Ии, мен бир мүнөзмүн. Тагдыр адамдарды өзгөртөт окшобойбу, бир кезде мен да күлкүм тыйылбаган, шайдоот, ишенчээк адам элем. Кызым ушундай болгонуна шүгүр.

– Канча кызыңыз бар?

– Үч.

– Үчөө тең сизге окшобойбу?

– Окшош. Бирок ар бири менин жашоомдогу кайсы бир мүнөзүмдү алып калгандай. Улуу кызым менин жаш кезим. Так эле ошондой ишенчээк, бала мүнөз мүнөзүм бар эле. Мен ал мүнөздү жоготтум, бирок кызымда калыптыр. Андан кийинки кызым – менин азыркы мүнөзүмдөй. Сүйлөбөйт, баары ичинде. Бирок менден айырмаланып күчтүү инсан. Бул жагы атасын тарткан окшойт. Мендей болуп дарактан үзүлгөн жалбырактай ар кайсы жерге учпай, бекем. Салмактуу. Кээде сүрдүү. Ал эми Салимаш болсо мендеги эң бактылуу учурду алып калгандай. Дайым шайыр, бактылуу, жылуулук берген кыз. Менден айырмасы – башында акылы бар.

Кыздары тууралуу улам токтоп сүйлөп жатты Бактыгүл. Үнүндө сыймык да, өкүнүч да бар болчу.

– Сиз жакшы эне болушуңуз керек? Ушундай кыздарыңыз бар болсо.

– Жок, мен дүйнөдөгү эң жаман энемин,- деди кесе.

Айтурган таң кала түштү. Бактыгүлдүн ыйлап жатканын көрдү да, көрмөксөнгө сала берди. Бирок бул аялдын ичиндеги бугун, кайгысын көрүп турду. Бакырып жибере тургандай ыза толуп турганын байкады. Экинчи күнү Салимага кеп баштады.

– Менин кесибим психолог, билесиң. Сенин апаң мага жардам берип жатпайбы. Мен да ага жардам бергим келет. Байкуш аялдын жашоосу оор болгону көрүнүп турат. Макул болсо, күнүнө эки сеанстан иштейли. Кандай дейсиң?

– Апам макул болбойт го...

Бирок Бактыгүл макул болду. Балким, кызынын кесибин улантышына себепкер болгусу келдиби, балким, чындап ичиндегисин айтып, кимдир бирөө менен бөлүшкүсү келдиби, ким билсин? Энеси экенин билбеген кызы, кызы экенин билип, бирок жашырган эне күңүрт бөлмөдө отурушту.

– Сиз канча жылдан бери ичкиликке көз каранды болдуңуз?- деди Айтурган. Бактыгүл өзүн кимдир бирөө жаакка чапкандай сезди. Колдору титиреп кетти.

– Кайдан билдиң?

– Билдим.

– Эсимде жок. Көп жыл болду.

– Эмнеден улам ичкиликке берилип кеттиңиз?

Бактыгүл үн катпай калды. Бул суроонун жообу өтө көп болчу. Кудум ичиндегини окуп койгондой Айтурган суроосун улай берди.

– Билем, көп себеп бар. Бирок эң биринчи эмнеден улам башталды?

– Мен түрмөдөн чыктым. Бирок ал мени кайра таап алды. Баары башынан башталды. Баткакка батарымды билип турдум. Бирок ал адамдын мага гипноз сыяктуу эле күчү бар болчу. Кечирдим. Баары кайрадан башталды. Аны менен эң бактылуу да, эң бактысыз да аял болчумун. Сүйүүдөн жинди болуп кете жаздачумун. Ошол күндөрдө боюмда болду. Ал билсе алдырып салат деп жашырып жүрдүм. Баланын алдыруу убагынан өтүп кетсе, балким, мени менен калат, мени тандайт деп ойлодум. Анткени ал да мени сүйчү эле. Бирок...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Leilona
2020-10-05 10:36:36
Мен биринчи
+1
nurhan2702
2020-10-07 22:10:03
Апасы эмне болуп камалган эле?
0
№ 930, 1-7-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан