ҮҢКҮРГӨ КАТЫЛГАН АЛТЫН (Байлык кумары, сүйүү, алтынга жетүү үчүн өмүрүнөн ажырап кала жаздаган жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Берцаны, жынсыны кийип, футболкам, чолок шымым менен башымды, моюнумду көзүм эле ачык кала турган кылып ороп, сыртынан күрмөмдү кийдим. Келемиштер кол салса аз да болсо сактайт, көбүнчө моюнга, тамакка асылышат имиш. Бычакты бутума байлап алдым.

Ичимден бир аятты окуп, бата кылдым да, аппаратты, фонарикти алып жип менен түшө баштадым. Алтын теңгелер жайылып жатат, элүү-алтымыш даана бар го. Тектирге үч метр калганда бутум менен бош таштарды түшүрүп, күтүп турдум. Каягынан чыгышар экен деп карап турсам шаркыратманын ичинен чыгышты. Көп күттүрүшкөн жок, тектирченин шаркыратмага кирип кеткен жагынан, чөп, карагандардын арасынан жолу бар экен, ошол жактан чыгышты. Биринчи бирөөсү чуркап чыгып, дароо эле алтындарды жыттагылады. Анан тектирченин бүтүшүнө чейин чуркап барып келди да, эки арткы бутуна туруп алып абаны жыттагылай баштады. Бир аздан кийин келемиштер жайнап чыгып келишти. Эми көрсөң итиркейиң келет, жүндөрү жылтырап, тектирченин бети капкара болуп калды. Тумшугун созуп, эки арткы буттарына турушуп абаны жытташып, эки жакты издей башташты. Мурдулары кызыл, шиш, муруттарычы, колдору адамдыкындай болуп бармактарга бөлүнүп турат экен, чыйылдашкандарычы, ээ, эң жаман көргөнүм ушул эле. Эмнегедир ушул чычкан, келемиш атпайлардан корко берем, өзүм да түшүнбөйм. Ортосундагылары жайып койгон алтындарын ичкери ташып киришип ызы-чуу эле түшүп калышты. Дагы бир метр түшүп келемиштерди кууй турган аппаратты алып жактым, лампочкалары күйүп, иштей баштады, ичимден санап күтүп турдум. Эки-үч мүнөттөн кийин таасир бере башташ керек.

Окуганыма караганда, бул аппараттан адамга угулбаган ультра үн чыгып, келемиштердин нервдик системине таасир берип, аларды алыс качырышы керек. Таасири элүү метр экен.

Бир аздан кийин келемиштер ызы-чуу түшүп эле чыйылдашып ары-бери чуркай башташты. Бири-бирин түртүшүп, тиштешип, бир тобу аскадан чыйылдаган боюнча түшүп кетишти. Акыры баары чыйылдашкан боюнча бир нерседен куру калгансып чуркап шаркыратманын ичине кирип кетишти. Тектирчеге түшүп, жипти чечип, аппаратты алдыма кармап алып, бир колума бычакты кармап акырын басып бара бердим. Шаркыратманын жанындагы чөптөрдү акырын ачып карасам адам сойлоп кирсе кенен эле баткыдай тешик бар экен. Аппаратты алдыма алып сойлоп кирип ичине баш багып көрсөм ичи карангыраак экен. Келемиштер көрүнбөйт. "Бисмилла" деп ичине кирдим, суу тийбесе да, суунун майда учкундары чачырап, дем алыш да кыйын болуп кетти. Шаркыратма тосуп көрүнбөйт экен да, артында ичи кенен, чоң үңкүр бар экен. Бутума жумшак бир нерсе урунду, фонарикти жагып карасам кроссовка көрүндү. Фонарикти жогору көтөрүп эле чочуп артка кетенчиктеп кеттим, адамдын скелети жатат. Көңүлүм айнып, аскага таянып туруп калдым, окшуп жибердим. Келемиштер жеп салган окшойт, чолок шымы, жука күрмөсү, кроссовкасы скелетке кийилген бойдон сөөктөр эле жатат. Чачтары сары экен. Ээ, эми сүрөттөп айткың да келбейт. Беш мүнөттөй тура бердим эмне кылышты билбей. Акыры өзүмдү колго алдым. Шашыш керек, Акимыч келип калса мен да ушунун жанында калып кетишим мүмкүн эле.

Фонарик менен үңкүрдүн ичин карай баштадым. Ичи бир топ эле чоң экен, төбөсү үч-төрт метрдей. Кээ бир жерлери бийиктиги канча экени билинбейт. Ортосунда диаметри беш метрдей болгон көлмө бар экен. Үңкүрдүн ичинен, төбөсүнөн көп суу агып түшүп үңкүрдүн ортосундагы көлгө түшүп, андан агып чыгып, сыртка шаркыратмага кошулуп агып кетет экен. Бирок негедир үңкүрдүн үстүнөн түшкөн суу көп да, агып чыкканы өтө эле аз. Демек, көлдүн түбү тешик, суунун көпчүлүгү асканын ичиндеги тешик аркылуу агып кетип, азыраагы, ашып калганы бул жактан агат окшойт. Скелеттен акырын аттап өтөйүн деп фонарик менен бутумду коёрго жер карап жатсам, көзүмө тартылган жип урунду. Акырын кармалап көрсөм катуу тартылган ичке тросс экен. Аябай майлаган окшойт, колум май болуп калды. Фонарикти жарык кылып троссту кууп барсам, дубалга, байкалбай турган кылып автомат катырылыптыр. Дароо скелетти карадым, баш сөөгүндө үч жеринде тешик бар экен. Автоматты акырын чыгарып алдым. Немистердин европага, жер жүзүнүн жарымына тополоң салган, кадимки атактуу "шмайссери", клеёнкага аябай кабаттап оролгон экен, ок чыга турган учу эле ачык. Клеёнканы чечсем майы кургап калбасын, сыз жерде чирибесин деп аябай калың болуп майланыптыр. Алтынды бекиткен адам аскер адамы болгон окшойт. Бөтөн адам кирсе атылсын деп койгон да автоматты. Башка дагы автомат же граната жокпу деп аябай эле тыттым үңкүрдүн ичин, башка жок окшойт. Болсо да жыландар, келемиштер урунуп атылып жок болгон окшойт. Жерде тросстун үзүндүлөрү, жарылган жердин ордулары турат чуңкур болуп.

Үңкүрдүн төрүндө эни бир метрдей болгон тешик бар экен, ошол жерде бийиктиги элүү сантиметр, узундугу колумду салып көрсөм бир метрдей темир ящик турат. Тешиктен шамал келип жатты, тешиктин учу сыртка чыгат окшойт. Шамал өтүп чирибей турсун деп ушул жерге койгон да. Ящиктин жанында калың темирден жасалган куту жатыптыр, ачып карасам ичинде бир журнал жатат, сыртында орусча "борт журнал самолёта бомбардировщика Ил-4" деп, дагы бир сандар турат, учкучтардын борт журналы экен. Журналды бүктөп күрмөмдүн ички чөнтөгүнө салып алдым.

Келемиштерди кууй турган аппаратты ящикке жакыныраак алып келип койдум. Ящикке дагы атыла турган, жарыла турган бир нерсе койбосун деп, кармагычына жип байлап, алысыраак туруп тартсам, чирип калган окшойт, кармагычы үзүлүп түштү. Кармагычтын орду тешилип, алтын теңгелер шагырап түшө баштады.

Фонарикти жарык кылып оозум ачылып эле туруп калдым. Өзүмдү ар кандай абалда кармай алам деп ойлочумун, алтындан бир адамды арбап, акылын иштетпей коё турган энергия чыгып турабы билбейм, арбалып калдым окшойт, дем жетпей, шилекейим агып, тамшанып алдым, кантип жанына басып барганым эсимде жок. Эки колума алтындарды чеңгээлдеп алып карап отурам, салааларымдан агып түшүп жатат. Дагы кочуштап алам, салааларымдан шыңгырап агып түшөт...

“Эч ким менен бөлүшпөйм, баары меники, бирөө талашып көрсүн” деп ойлондум. Адам кокусунан көп байлыкка жетсе көзүнө эч нерсе көрүнбөй, өзүн башкара албай калат окшойт. Эгер азыр бирөө келип бөлүшөсүң десе, бөлүшпөш үчүн эч нерседен кайтпасам керек эле.

Далым тыз дей түштү, артынан эле удаа үч-төрт жерим тызылдады. Ордумдан ыргып турдум, фонарик да ары жакта калган экен. Дароо аппаратты карадым, лампочкалары өчүп калыптыр, батарейкалары начар болсо түгөнүп калган окшойт. Келемиштер каптап калыптыр айланамды, көздөрү фонариктин жарыгына чагылышып, тим эле быкпырдай кайнашат, бир көңүл айланткан ысык жыты бар экен, эми чыдап болбойт. Канчоосу секирди билбедим, бардык жагымдан эле каптап калышты. Үңкүрдүн ортосундагы көл оюма келиптир, келемиштер жыш болуп калышыптыр сүрүп, тебелеп барып эптеп көлгө секирдим. Калың кийинбесем жеп коюшмак экен оңой эле. Суу дароо эле тартып кетти, эч нерсе көрүнбөйт. Көзүмдү жумуп алдым, таштарга урунуп-беринип жатып көлгө түштүм окшойт. Көзүмдү ачсам, асканын ичиндеги үңкүр сыяктуу караңгыраак жер экен. Бирок даана эле көрүнөт ичи, сырттан күн сууга чагылышып жарык болуп турат экен. Узундугу үч, туурасы беш метрдей болгон үңкүр сыяктуу жер экен. Төбөсү эки метрдей бийик, ортосунан эни адам оңой эле баткыдай болгон тешиктен суу күүлдөп түшүп турат. Колума кочуштап кармаган алтын теңгелер менен ыргыган экенмин, колум карышып калыптыр, кочушум толо алтын теңгелер. Айланамда менин артымдан кошо секиришкен, аябай көп келемиштер агып жүрөт. Өзүлөрү өлө албай жатып, мага кол салганы жатышат. Баары жан талашып мага карай сүзүшүп айлантып курчап алышты…

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Altyn-kyzym
2020-10-19 14:33:39
Эми кармалып калат окшойт.
+1
zheenbaev95
2020-10-19 18:03:34
Султан чай менен чаппайсынбы
+2
№ 932, 15-21-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан