TELEGRAM КАНАЛЫНДА ЖАҢЫ ФУНКЦИЯ ПАЙДА БОЛДУ

Telegram каналында комментарий, ой-пикир калтыра турган функция пайда болду. Бул тууралуу аталган мессенжердин негиздөөчүсү Павел Дуров өзүнүн Telegram каналына жазды. “Бүгүн биз каналдарга комментарий функциясын кошобуз. Telegram жаңылангандан кийин кээ бирине, анын ичинен бул каналга да ой-пикир калтыра аласыздар. Мындан мага жакканы – бул тайпалык чаттан айырмаланбайт. Ар бир публикацияга жазылган комментарийлер каналга байланган тайпада жайгашкан”,- деген ал. Комментарийге үн билдирүүлөрдү, GIF-сүрөттөрдү да жиберүүгө болот. Эгерде каналга талкуулоочу тайпа байланган болсо, андагы ар бир публикациянын алдына комментарийлерге өтүү үчүн функция пайда болот. Ар бир публикацияга калтырылган комментарийлерди өз-өзүнчө да, каналга байланган тайпадан да окууга болот.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 932, 15-21-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан