СЕНДЕН КИЙИН...(Эки аялдын таң калычтуу тагдырын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Экөө тең кайчылашкан тагдырларына кейип, ыйлап жатышты. Эки жүрөк тең бирдей күйүп, бирдей жоктоп жатты. Аяна көздөрүнөн жашын сүрттү.

– Мен эми кантип жашайм билбейм. Мындан аркы жашоомдун себеби да сен болчусуң. Бутума туруп, сенден өч алам деген ой менен жашоого тырмышып жаткам. Бирок өч ала турган адам сен эмес экенсиң. Турмушта максаты жок жашаган кандай жаман. Жалгыздык кандай жаман. Мобу коляскага байланып жашаган кандай жаман.

– Сиз айыгасыз!

Айтурган башын чайкады.

– Мен Кытайдан эң мыкты дарыгер таптым. Сиздин медициналык карточкаңызды алып көрсөттүм. Бул жакта дарылап жаткан врач менен да сүйлөштүм. Үмүт бар дешти. Аз пайыз болсо да үмүт бар дешти.

– Жок! Сенден жардам албайм.

– Искендер үчүн аласыз. Жол кырсыгына кабылганыңарга менин да күнөөм бар. Бирок мен күнөөлүү болуп жашагым келбейт. Искендерди сактай албадым. Бирок сизди бутка тургузбасам, өмүр бою өзүмдү актай албай жүрүп өтөм.

– Мага эч нерсенин кереги жок,- деди Айтурган башын чайкап.

– Сиз керексиз! Адамдарга керексиз. Мыкты адис катары, жашоосу эки бөлүнгөн адамдар бар. Аларга жардам беришиңиз керек. Уулуңузга дагы...

– Ал мени атасы үчүн кечирбейт.

– Кечирет. Менимче, ал өзүн издеп жүрөт. Бала тамырынан ажыраганда гана чабалактап өзүн издей баштайт. Ал дагы биринчи оордук башына түшкөндө өзүн издөө үчүн жол алды. Бирок келет.

Айтурган Аянаны тиктеп калды. Көздөрү ушунчалык тунук экен. Деле бир колунан жамандык келчүдөй эмес. Жакын арада эле бул адамга өлүм каалап, оюнда анын өлүп калышын же кыйналганын миң түрдүү сценарий кылып ойлонуп жаткан эле. Бирок бул көздөргө карап туруп жамандык тилей албайт экенсиң. Бул эки аял ушинтип жолугуп, ушинтип ажырашты.

Жашоо өз нугу менен өтүп жатты. Айтурган жашоого кайтты. Мурун баарынан үмүт үзгөн, ызасы кайнаган аял эми жумшак, муңайым жылмайган аялга айланды. Бирок күлгөндө эки көзүнөн от чачыраган шаңдуу Айтурган эч качан боло албайт эле. Кардарлары көбөйө баштады. Иштеп, изденип, суроолорго жооп таап жатты. Апасы дайым жанында.

– Бактыгүл эже, эмнеге сиз неберелериңиз менен такыр менин көзүмчө сүйлөшпөйсүз? Дайым башка бөлмөгө барып сүйлөшөсүз. Эркин боло бериңиз,- деди бир күнү.

Бактыгүл эмне дээрин билбей калды.

– Эгиз неберелерим бар дедиңиз, ээ?

– Ооба.

– Сүрөттөрү болсо мага да көрсөтсөңүз? Эгиз балдарга аябай кызыгам. Экөө бири-бирине окшошпу?

– Ооба, окшош. Жүзү айрып алгыс окшош болгону менен, мүнөздөрү башкача. Бири токсондогу чалдай олуттуу. Бири токтоно албагандай тентек. Бирок экөө тең куулук-шумдук менен иши жок балдар. Мага телефон колдонгонду, социалдык тармакты ошолор үйрөтүштү.

Бактыгүл неберелерин эстегенде жүзү жаркып кетти. Улам бир кылык-жоругун эстеп айтып жатты.

– Бирөө аябай таттууну жакшы көрөт. Экинчиси тескерисинче. Кыскасы, өңдөрү окшош болгону менен, турган турушу менен карама-каршы.

– Балдар атасына окшошпу же апасынабы?

– Атасына.

– Берсеңиз, мен сүрөттөрүн көрүп берейин?

– Менде сүрөттөрү жок эле. Мен телефонду жакшы билбегендиктен...

Бактыгүл эмне деп айтарын билбей, карбаластап калды. Бул жолу ошентип кутулган эле. Экинчи жолу Бактыгүл ашканада телефонун унутуп калыптыр. Чалып жатканда телефонду колуна ала берип Айтурган экранда турган эгиз балдардын сүрөтүн көрдү. Бул балдарды бир жерден көргөндөй. Тааныш. Ошол убакта Бактыгүл кирип келди да, Айтургандын колундагы телефонун көрүп коркуп кетти.

– Бул сиздин неберелериңизби?

– Ооба.

– Мага сүрөттөрү жок дебедиңиз беле?

Бактыгүл эмне дээрин билбей калды. Шашкалактап сыртка чыкканча шашты.

ххх

– Мен мындан ары бул сырды сактап жашай албайм. Биз баарыбыз чогулуп Айтурганга болгонун болгондой айтышыбыз керек.

– Операция жакында болот. Ошого чейин сырды сакташыбыз керек.

– Операцияга киргенче айтсак жакшы эмеспи. Ал өзүн жалгыз сезбей, үй-бүлөсү бар экенин билгени жакшы го.

– Аны таштап баса берген апасы, күйөөсүн тартып алып өлүмүнө себепчи болгон сиңдиси бар экенин билесиңби? Бул ага эч кандай кубаныч алып келбейт, апа.

Бактыгүлдүн шагы сына түштү. Аянанын муздак мамилеси, өзүн обочо кармашы ага баарынан оор тиер эле. Томсоруп туруп калды. Ушу учурда кубалашып кирген эки небереси аны кучактап калышты.

– Таене-е!

– Ура-а, таенем келди. Сиз кайда эле жүрөсүз?

Бактыгүлдүн да кабагы жазыла берди. Ушу экөөнү көргөндө дүйнөдөгү бардык жаман нерсени унутуп, жаны магдырай түшөт. Экөөнү тең кучактай кулактарына шыбырады.

– Паркка баралыбы?

– Баралы.

Бактыгүл кызынан уруксат сурагандай мокок карады. Тиги башын ийкеп койду. Үчөө топурап чыгып кетишти.

ххх

Балдар ойноп жатышты. Скамейкада отурган эле. Кимдир бирөө аябай тиктеп турганын көрдү. Жакшылап карап, турган жеринде катып калды. Бул өзүн азапка салып, сүйөм деп алдап күйөөсүнөн ажыратып келип, кийин артын карабай качып кеткен Артык деген адам эле. Бойлуу адам тез-тез басып жанына келди.

– Бактыгүл? Сенби?- деди тиги адам да апкаарып. Тез басып жанына келип көргөн көзүнө ишенбей турду.

– Сен... Амансың. Кудайга шүгүр. Мен сени бир нерсе болдубу деп...

– Эмне-е?

– Тиги мурунку жериңден эки жылдан бери таппай калып...

– Акмак, менин жеримди да билчү белең? Билип туруп мени ошол жерде таштадыңбы?

– Сыртыңдан акмалатып койгон адамым бар эле...

– Демек, сен баарын билген экенсиң да. Менин селсаяк болуп темселеп жүргөнүмдү көрүп... Анан? Табаң кандыбы? Ала албай калган өчүңдү алдыңбы?

– Баку, сен...- тиги киши жалтактай берди.

– Сен коркоксуң!

– Мен кийин издеттим сени. Тапканда сен болбой калыптырсың. Кадимки турмушка алып келе албайм дедим. Сыртыңдан карап жүрдүм. Миң өлүп, миң тирилгенимди бир билсең.

– А мени турмушка кайтарган кыздарым болду. Сен эмес! Сен үчүн курмандыкка чалып таштап кеткен кыздарым мени бул турмушка кайтарды. А сен? Сыртымдан карап жүргөн имиш. Экинчи көзүмө көрүнбө! Жогол!

Тез-тез арыштай берди. Неберелерин жетелеп ал жерден алыстаганга шашты. Убакыт дейбиз. Бирок жүрөк үчүн убакыт токтоп калгандай болот тура. Бактыгүл ак чачтуу, көздөрүнө кайгы толгон Артыктын элеси менен көп түндөр алышты. Оюнда маңдайына коюп алып сөктү. Тилдеди. Кайрадан жарасын ачканына жаны кашайды. Бирок эсинен өчүрө албады. Кийинки сеанста Бактыгүлдүн бул абалын Айтурган байкап койду.

– Сиз жакын арада кимдир бирөөгө кезиктиңизби?

– Жок, ким менен кезигет элем?

– Эми дейм да. Сиз болгону 60 жаштасыз. Баары мүмкүн эмеспи.

– Мүмкүн эмес! Мен аны кечиришим мүмкүн эмес.

– Кимди?

– Мени алдап, турмушумду бузган адамды.

– Сиз ага жолуктуңузбу?

– Акмак, сыртымдан карап жүргөн имиш. Мен жер төлөдө түнөп жүргөндө ал мени сыртымдан карап жүрүптүр. Ал менин тагдырымдан кабардар болуп туруп сөзгө келбептир. Муну кантип кечирсе болот? Муну кантип көтөрүп жашаса болот?

Бактыгүл алдастап жатты. Азыр колуна тийсе өлтүрүп койгонго даяр эле. Купкуу жүзүнөн ыза менен жек көрүү төгүлүп турду. Айтурган дал өзүн көрүп тургандай болду. Бир ай мурун өзү да ушундай абалда эле. Үй-бүлөсүн жок кылган аялды өз колу менен өлтүрүп койгонго даяр эле. Эмнеге бул аялды караган сайын өзүнүн тагдырына окшоштуктарды таба берет? Бул эмне деген сыр? Жанына от салган, эч нерсени сездирбей ээлендирген махабаты да окшош. Ишеними кыйраганы да окшош. Ал тургай ыза бүрккөн жүзү да окшош. Айтурган муну өзүнө көп жолу берди. Бирок чече албаган түйүн эле...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
kurman911
2020-10-27 19:02:35
Мда......
0
Mira-toktosunova
2020-10-31 10:58:27
Ушул чыгарманы кобурактан жазып чыгарсаныздар жакшы болмок
+1
Isikkolumkeremet
2020-11-01 08:20:57
саламатсынбы СУпер.ушул жактагы олумдун уч тусу деген чыгарманын уландысын кутуп келем.качан жазасыздар.жооп кутом..
+2
№ 933, 22-28-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан