Смартфондордун кубаттагычтары жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө. 35 ваттык проводдук түзүлүштөгү кубаттагычтар артта калып, анын орду 100 ваттык толук кубаттанган зымсыз кубаттоочу смартфондор менен толукталат. Азыркы учурда Кытайдын “Oppo” компаниясы 65 ваттык зымсыз кубаттагычтарды чыгарууда.
Эксперттердин айтымында, кийинки жылы Snapdragon 875 процессорлорунун негизиндеги оюн смартфондору чыгат жана алар менен зымсыз кубаттагычтарды сыноо башталат.
Жибек Мурсакматова