ҮҢКҮРГӨ КАТЫЛГАН АЛТЫН (Байлык кумары, сүйүү, алтынга жетүү үчүн өмүрүнөн ажырап кала жаздаган жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Рюкзактагы алтындардын жарымын бир капка салып оозун бууп, эки капты ошол жерге суунун түбүнө бекитип, чоң таштар менен үстүн бастырып салдым. Эки дүйнөдө да эч ким таба албайт эми. Рюкзакты алганга оңой кылып, үңкүрдөн алып чыгып, асканын түбүнө сууга чөктүрүп, агып кетпесин деп жиптеринен тамырларга байладым.

Суу тоонун суусу болгон үчүн өтө эле муздак, көп жүрүп койдум. Бир жагынан үңкүрдүн ичи өтө эле сыз экен.

Пляждан кеткениме бир жарым сааттан ашып калыптыр. Сырткы кийимдеримди чечип, кыска шым, футболкачан болуп сыртка сүзүп чыгып асканын түбүнө бекинип он мүнөттөй эки жакты карап жаттым, тынч, эч кимдин шеги билинбейт. Ким келмек эле, Акимыч эле болсо эч кимге айтпайт да. Бирок азыр эч кимге ишенич жок, жүзүңө карап күлүп туруп ары буруларың менен далыңа бычак сайчулар четтен чыгат. Ошондой адамдардын бири Акимыч эле, канчалык ишеним артайын десем да негедир дайыма андан шектене берем. Ортодо бирдеме ойлоп таап, мени курмандыкка чалуудан кайра тартпай турган адам ал. Муну мен эмес, аны менен көптөгөн жыл чогуу иштеп, анын мүнөзүн жакшы билгендер айтышат.

Ойлондум, эми кайра пляжга барып бир жумадай жүрүп турат окшойм, Акимыч, Муслим жоголсо, ошол эле күнү мен да дайынсыз жоголсом милиция дароо эле түшүнөт да, издей башташат. Тез пляжга жетиш керек. Башка жолум жок эле азыр. Баары басты-басты болгондо, бир жумадан кийин кете берсем, артымдан эч ким издебесе, эртең качан милиция келип кармап кетет деп коркпой-үркпөй жашасам... Мени ким көрдү, ким эмне деп күнөө коё алат эле?

Рюкзактагы алтынды алып Бишкекке жетип алсам, калганын көрө жатарбыз.

Андан ары Ошко кетем, ал жакта тиричилик, адамдардын мүнөзү жакшы, Бишкектегидей жан талашмай жок, эли бейгам жашайт. Оштой берекелүү жер жок болуш керек. Бир жерди билем, беш гектардай бар, тоонун арасында. Сатып алып короолоп, бак тигем, суу алып келип балык өстүрөм. Гулини алып кетем.

Кой, кыялданып отура берсем бирөө мага даярдап бермек беле? Кудай деле аракет кылсаң берем дейт экен го. Кыймылдаш керек, ансыз максаттарга жетүү мүмкүн эмес.

Рюкзакты алып тоого чыктым, биринчи жеңил эле сезилген рюкзак чокуга чыкканча аябай эле оор болуп кетти. Кырк килодон ашат го дейм. Кырк кило салмакты аябай жакшы билем. Бир убактарда Екатеринбургга барып жумуш таппай, айла жок кышында үч ай картошка сорттоп иштегем. Чоң талаада кытайлар картошка эгишет экен. Картошкасын аябай чоң жер төлөдө сакташып, кардар келгенде биз сорттоп, кырк килолук сетка мүшөктөргө салып, фураларга жүктөп берчүбүз. Кырк кило канча болорун ошондо көтөрө берип жакшы билип калгам.

Эптеп чокуга чыгып, үстү тегиз, жайык жер эле, эч нерсеге алым келбей коюу карагандын арасына бекинип жатып калдым. Эки жакты байкап алып, анан жолумду улашым керек. Негедир мени бирөө аңдып тургандай эле сезим боло берди. Бирок канчалык айлананы карасам да шектүү бирдеме көзүмө урунбады.

Эми кичине бассам дүрбүдөн пляж даана эле көрүнөт, тоонун жарымына чейин ылдый түшсөм телефон да тартып калат. Азатка чалып жөнөтүп жиберишим керек, менин айымдан ал да бир нерсеге илешип калбасын. Ал байкуш да Гулинин көңүлүн кыя албай эле макул болду болуш керек.

Жарым сааттай жаттым дем алып, эми жөнөш керек. Анан калганын ойлоном эмне кылышты.

Ордумдан туруп эле кайра бирөө көтөрүп чапкандай жерге кулап түштүм, ашказанымдын оорусу кармаптыр да. Ашказаным муздап, түйүлүп калат, эч нерсе кыла албай ичимди басып үч бүктөлүп жатып калам, отура да албай калам мындайда. Тике тура албайсың, ичегилериң байланып калгансыйт, дароо же арак, же коньяк ичиш керек, же ысык нерсе бассам да басылып калат.

Ээ, бул ооруну да Орусиядан арттырып келгем. Екатеринбургда ошол кытайлардын картошкасын сорттоп иштеген жердин ичи суук эле. Картошканын чиригендери болот, алып чекеге ыргытышың керек, ошолорду кармай берип колдоруң суу, чыла болуп, таштай тоңуп калат. Картошка алып кеткени жыйырма беш тонналык фуралар келгенде мүшөктөрдү жүктөп беребиз. Жүктөгөндөргө акчасы көбүрөөк төлөнөт, машинаны көп кармабай тезирээк жүктөп бериш керек. Ошого дем алганга убакыт болбойт, жыйырма беш тонна картошка өтө эле көп болот экен, аны алты-жети бала жүктөйбүз. Жүктөп жатканда тердеп кийимиң көл-шал суу болот, ошол бойдон дагы отуруп алып суук жерде картошка сорттойсуң. Терден суу болгон кийимдериң отурганыңда муздап, кечке чейин үшүп жатып кыймылдай албай каласың. Кечинде денеңе арак сыйпап, кичине ичип жатып алсаң кыйла эле сезилбей калат. Ар күнү шаарга барып келе берсең жол кире кетет деп ошол жерде бир канасына эле жатып алчумун, душ жок, ызылдаган суук болсо да арга жок, муздак сууга эле далдоо жерге жуунуп аласың. Ошол жерде үч ай жатып иштеп ашказаным ооруп калган. Азыр да суукта көбүрөөк жүрүп койсом ооруп калат. Убагында акча болбой дарылана да албай калган элем. Кечинде жатарда жарым саат машыгып жүргөнүм үчүн гана сактап калдым окшойт ден соолугумду. Ошол оорум кармаптыр да дагы. Бир жылдан бери оорубай, эстен чыгып кеткен экен. Ичимди кармап эле жатып калдым, чыдатпай ооруп жатты. Көбүрөөк жүрүп койдум окшойт тоонун муздак суусунда. Айлам кете түштү, мындай абалда пляжга кантип жетем? Өзүм болсо бир жөн эле, жонумдагы алтынды кантип көтөрүп басам?

Ээх, атаны, кичине арак болгондо, дароо басмак. Жата берсем бирөө-жарым көрүп калса эмне болот? Түйүлүп ооруганына чыдап, ичиме массаж жасай баштадым, акырындан катуулай бердим, бир топтон кийин бир аз коё бергендей болду. Эптеп көмкөрөмдөн оодарылып эки колум менен белимдин терисин бекем чымчып күчүмдүн барынча тарттым. Белге жел туруп калат окшойт, ичим бир аз коё берди, түйүлгөнү да басылгансып калды. Пляж көрүнө турган жерге чейин эптепжөрмөлөп бардым.

Пляжда туристтер эле жүрөт, Азат көрүнбөйт, бир дарактын түбүндө жатса керек да көлөкөлөп. Азатка чалыш үчүн кеминде жыйырма метр ылдыйга түшүш керек. Пансионат көрүнбөйт бул жактан, пляжга келген жол эле жарымына чейин көрүнбөсө.

Алтындарды алып келип, көрүнө турган жерге бекитип коюп ылдыйраак түшүп Азатка чалып коюп, кайра чыгып кечке чейин бекинип жатам деп ойлондум. Андан кийин эмне кылам, бир Кудай билет.

Бир ой кетет, алтынды ушул жерге бекитип, өзүм эптеп Көлдөн чыгып кетсем. Ремендеги алтындарды сатып көрсөм, рюкзакты кийин деле алып кетем да. Абал баары бир тынчыйт да, жайбаракат күндөрдө бир келип алып кетем, ага чейин керт башымдын камын көрсөмбү?

Бирок ушунча алтынды кантип таштайм, бирөөлөр кокусунан келип көрүп калсачы? Кыскасы, кайсы жерге бекитсем да бирөөлөр таап ала тургансый берди. Ушундай маалда оорумдун да кармап калганын, Бишкекке жетип алганда кармаса да мейли эле. Эми маал-маалы менен күчөп ооруп, кайра коё берип көпкө чейин оорута берет.

Кайра жөрмөлөп жогору чыгайын деп жатып пляжга келген жолду карасам милициянын машинеси келатат. Беш мүнөттө жетишет пляжга. Жүрөгүм шуу дей түштү, Акимычты издеп жүрүшөт, чамасы. Рамис таз келген окшойт, мени эле издеп келатышат да. Эмесе, пляжга эмнеге келишмек эле? Жан талашып жөрмөлөп ылдыйга жөнөдүм, Азатты тез жөнөтүшүм керек пляждан. Бир-эки жерден томолонуп, шагылдуу жерлеринен агып эле кеттим. Телефон колумда, антенна пайда болбодубу деп улам карап коём. Акыры антеннанын эки сызыгы пайда болгон жерде Азатка чалдым…

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 937, 19-25-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан