"КАРА КӨЗ" - Жаңы сериал

Кара көздөр бажырая аны карап турду. Ушунчалык сулуу көздөр. Мындай сулуулукту Тилек өмүрүндө көрбөгөн.

– Сени менен качып кетсем го, сержант...- деди кыялдангандай кара көздөрдүн ээси. Өзүндөй ипичке тамекиси анын көрктүү манжаларында түтөп турду. Узун буттарын учкаштыра отурган бул кыздын жүзү периштеники болгону менен, жүрөгү шайтандыкы болчу. Тилек аны байкаган жок... Периштени гана көрдү. Аны менен качып кетүүгө даяр болуп турду. Мына ушул өлкөдөн, тажаткан жумушунан, окшош күндөрүнөн качып кетмек. Кайда? Периште менен кайда качмак? Албетте, бейишке. Маңдайында отурган неме уурулукка шектелип кармалган кыз эмей эле, аны ушул бузуку дүйнөдөн алып кетүүчү периштедей туюла берди... Бирок аны шайтандын анык өзү арбап жаткан. Саналуу мүнөттөн кийин кылмышкер кууп жүргөн опер тескерисинче өзү кылмышкер аталып, кара көздүү сулуу шайтанды ээрчип, бүт дүйнөгө каршы чыгып баштайт... Кана? Бир... Эки... Үч!

Урматтуу окурман, кийинки сандан тарта "Коктейль", "Мамалак", "Джи" сериалдарынын автору Марат Жанбараковдун кезектеги "Кара көз" сериалын окуй аласыз. Кызыктуу чыгарма сизди кайдыгер калтырбайт деп ишенебиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Luna15
2020-11-23 12:01:07
Баягы сериалдар эмне болду?чыгарбай койдунарго
+2
Akzholtoi_Zhamashbekova
2020-11-23 14:06:41
"Сенден кийин" сериалы акырына чыкпайбы?
0
Akaibekova
2020-11-23 16:24:08
Akzholtoi_Zhamashbekova,аягына чейин чыкты
0
№ 937, 19-25-ноябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан