Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында Ош облусунда 26 жаштагы К. уулу М. аттуу жаран милиция кызматкерлери тарабынан Ош ОИИБинин имаратына алып келингенден кийин эсин жоготуп, көп өтпөй жүрөгү кармап каза болгону маалымдалган. Бул окуяга ишенбеген маркумдун жакындары шектүүнүн каза болушунун себебин аныктоо максатында денени соттук-медициналык экспертизага беришкен. Биз иштин чоо-жайын иликтеп көрдүк.
ОКУЯНЫН ЧОО-ЖАЙЫ
Облустук милициянын билдиргенине караганда, 5-октябрь күнү Ош шаарынын 21 жаштагы тургуну А.Ш. милицияга арыз менен кайрылып, аны белгисиз бирөөлөр курал менен коркутуп, жанындагы
4 миллион 230 миң сом акчаны карактаган жарандарга чара көрүүнү суранган. Териштирүүдө А.Шга материалдык жактан ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталып, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Тергөө учурунда жогорудагы кылмышты жасаганга шектелип Ош шаарынын Он-Адыр кичи районунун 27 жаштагы И.Э. аттуу тургуну суракка алынып, Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Териштирүү иштеринде дагы бир шектүү катары Ноокат районунун Муркут айылынын 26 жаштагы тургуну К. уулу М. кармалган. 26 жаштагы жаран Ош ОИИБине алынып келген учурда эс-учун жоготуп, каза болгон. Маркумдун жакындары Ош облустук милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазышкан.
«6 КЫЗМАТКЕР ШЕКТҮҮ КАТАРЫ ТЕРГӨӨ АБАГЫНДА»
Бул окуя боюнча УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов төмөнкүдөй маалымат берди:
– УКМКнын тергөө органдары Ош ОИИБинин административдик мекемесинде каза болгон 1994-жылы туулган жарандын өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин тергеп жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин 143-беренесинин (кыйноолор) экинчи бөлүмүнүн бешинчи пунктунун (этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирүү) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ушул эле жылдын 19-ноябрында Кылмыш процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде Ош ОИИБинин Криминалдык милиция кызматкерлеринин алтоо жогорудагы кылмышка шектүү катары кармалышты. Алар Ош шаары боюнча УКМКнын тергөө абагына киргизилишти. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
«МАРКУМДУН ДЕНЕСИНДЕ СОО ЖЕРИ ЖОК»
Жабырлануучу тараптын жактоочусу Мамат Шаиев төмөнкүлөргө токтолду:
– Маркумду 15-октябрда кечки саат 20:00 чамасында Ош ОИИБинин кызматкерлери Кызыл-Кыя шаарындагы «Айбек» базарында иштеп жаткан жеринен кармап, Ош шаарындагы ОИИБинин имаратына алып баргандан кийин аны суракка алышкан. Кармалган жаран ошол жерден эсин жоготуп, белгисиз бир себептер менен каза болуп калган. Эртеси 16-октябрда анын жансыз денесин өлүкканага өткөрүшкөн. Мен өзүм кирип сөөктү көрүп чыктым. Маркумдун денесинде соо жери жок. Аны кыйнап, күч колдонушканы көрүнүп турат. Бирок облустук милиция «жигиттин жүрөк оорусу кармап калган» деген маалымат тараткан. Биз бул маалыматтарга ишенбей, соттук-медициналык экспертиза жасатканбыз. Экспертиза «маркумга карата кыйноо болгон» деген бүтүм чыгарып берди. «МЫНДАЙ МЫКААЧЫЛЫКТЫ АДАМ БАЛАСЫ ЖАСАБАЙТ»
Маркумдун апасы Толгонай Мамаюсупова уулунун өлүмү тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
– Балам жакында эле турмуш куруп, балалуу болушкан. Небереме жети ай болду. Беш маал намазын окуп, өз тиричилигин жасап жүрчү. Бирөөнү талап-тоногудай акчага деле муктаждыгыбыз жок. Базарда тиричилик товарларын сатабыз. Байлыкка деле кызыкчу эмес, «мага заңгыраган чоң үйдүн кереги жок, эки бөлмөлүү үй жетет» деп айтып калчу. Колунан келишинче муктаждарга жардам берчү.
Балам кандай балээге туш болуп калды билбейм. 15-октябрда үйгө келип, инилерине кезигип, «мен кечинде Бишкекке чыгам» деп айтып кеткен экен. Ошо күнү кечинде милиция кармап кетиптир. Ишемби күнү кайним базарда жүрсө, бир милиция кызматкери келип, «мени айтты дебеңиз, иниңиз Ошто өлүкканада жатат» деп айтып кетиптир. Телефон чалып байланыша алган жокпуз. Бишкектен унаа сатып алып келем деп жаткан. Жанында ошого жумшаганга 500 миңден ашык акчасы бар болчу. Ал акчадан да бүгүнкүгө чейин дайын жок.
Ошентип туугандар өздөрүнчө чогулуп, сөөк сактоочу жайга барышса, ал жерде жок. Көрсө, уулумдун сөөгү жаш балдардын өлүкканасында жаткан экен. Ал жердегилер «жүрөк оорусу кармап каза болгон» деп жазып коюшуптур. Ал күнү өлүкканадагылар сөөктү көргөзүүдөн баш тартышкан экен. Уруксат алып киргендер баламдын денеси тамтыгы жок көк ала болгонун айтышты. Мындай мыкаачылыкты адам баласы жасабайт эле. Кылмышты баламдын моюнуна алдырыш үчүн катуу кыйнашыптыр. Камалган милициялардын туугандары Ошто нааразычылык акциясына чыгышты. Алар менин балам өңдөнүп каза болуп калган жок. Эгер чындап күнөөлөрү жок болсо бошонуп чыгышат. Алар митингге чыксак эле бошотуп коёт деп жатышса керек.
«ИНИМ КӨРГӨН КОРДУКТУ ДУШМАНЫМА ДА КААЛАБАЙТ ЭЛЕМ»
Маркумдун агасы болом деген Арсланбек Ташев инисинин аёосуз кыйналганы экспертизасыз эле белгилүү экенин айтып, төмөнкүлөргө токтолду:
– 17-октябрда сөөк сактоочу жайга барган учурда кызматкерлер бизге денени көрсөтүүдөн баш тартышты. Ишемби күнү барган болчубуз, бизге «дүйшөмбүдө сөөктү алып кетсеңер болот» дешти. Анын себебин башка адистерден сурасам, «денеде өзгөрүү болуп, эт чирип, бул арада тактар жоголуп кетет экен. Ошол себептен кечиктирип жатышы мүмкүн» деп түшүндүрүштү. Ал жерде менден башка туугандар дагы бар болчу. Көгөрүп отуруп, кыйноолор боюнча көзөмөл жүргүзгөн мекеме бар экен, ошолордон эки өкүл чакырып кирдик. Бизге сөөктү муздаткычтан алып чыгып көрсөтүштү. Денесинде соо жери калган эмес. Моюнунда бирөө муунткандай из бар. Эки бөйрөгүнүн тушу көгөргөн. Тырмакка келгенде, бардык тырмактарынын учтары бир нерсе менен тебелеткендей көгөрүп кетиптир. Жыныстык мүчөсүнө да тепкилешкенби же электрошокер менен токко тарттырышканбы, айтор, жанчып салышкан экен. Колуна кишен салган жерлери да көгөрүп чыгыптыр. Тизеден тартып, таманына чейин көк ала. Аны союл менен сабашкан деп божомолдодук. Мен учурда Бишкектемин, эки-үч күндө Ошко барып, экспертизанын жыйынтыгы менен таанышам. Биздин бала мурун соттолгон. Бул нерсени тана албайбыз. Бирок алар баланы шектүү катары алып келген соң өлтүрүп салбай, жакшылап ишти териштириши керек эле. Акыйкат жазаларын алышсын. Бул жерде жетекчилердин да кайсы бир деңгээлде күнөөсү бар. Алтоо эле эмес, окуяга жооптуу бардык кызматкерлер жазаланышы керек.
«УКМК ИШТИ БИР ТАРАПТУУ ТЕРИШТИРИП ЖАТАТ»
Экинчи тараптын да үнүн угуу үчүн кармалган 6 милиция кызматкеринин жактоочусу Динара Медетова менен байланыштык:
– Көз жумган 26 жаштагы жаран оор кылмышка шектелип кармалган. Мурун каракчылык менен соттолгон. Кийинки фактысы да каракчылык болуп саналат. Бул жигитке түз көрсөтмөлөр болуп, бир эмес, үч кишинин таануусу болгон. Кызматкерлер Кызыл-Кыяга барып, ал жаранды кармап жаткан учурда куралдуу каршылык көрсөткөн. Экинчиден, аны Ошко алып келгенден кийин «кылмышты моюнга алдыруу үчүн кыйнап өлтүрүп коюшту» деп жатышат. Милиция кызматкерлерине аны кылмышты моюнга алдыруу зарыл болгон эмес. Анткени таануулар болгон, бардык буюм далилдер такталган. Шектүүнү кыйноого зарылдык болгон эмес. Аны кармап келгенде тергөөчү өз бөлмөсүндө жок болгон. Шектүүнү бир бөлмөгө киргизип коюп, бардык кызматкерлер чогулушка кирип кетишкен. 10-15 мүнөттөн соң аны карап отурган кызматкер «эс-учунан танып жыгылып калды» деп кабар берет. Ошол учурда «Тез жардам» чакырып отурбай эле, өздөрү алып барууну чечишет. Ооруканага алып барганда бала көз жумган болот. Үчүнчүдөн, азыр экспертизанын жыйынтыгында «өлүм травманын натыйжасында болгон» деп чыкты. Көз карандысыз эксперттерди тартышты. Бирок бизге корутундунун көчүрмөсүн беришкен жок. Баланы кармоо учурунда ал куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн жерге жаткырып колуна кишен салып, ага карата физикалык күч колдонуу болгон. Шектүү жөн эле колго түшүп берүүдөн баш тартканы үчүн ушул көрүнүш болду. Ошол учурда 102ге телефон чалынган. Төртүнчүдөн, азыр төргөө ишин УКМК жүргүзүп жатат. Алардын биз тараптан далилдерди карайын деген ниеттери жок. Мен жактоочу катары көрүп жатам. Экспертизаны тааныштырышты, бирок көчүрмөсүн беришкен жок. Биз күбө катары сурак бердик. Ошол сурактарыбызды да кагаз жүзүндө бербей жатышат. Аны мыйзам боюнча алууга укугубуз бар. Биз кызматкерлердин күнөөсүз экенин далилдейбиз. Менде бул иш боюнча бир нече фактылар бар. Бирок азыр УКМК ишти бир тараптуу карап жаткандыктан, аларды УКМК кызматкерлерине бербей, түз эле сотко алып барам.
Жолдубек Качкынбаев