ҮҢКҮРГӨ КАТЫЛГАН АЛТЫН (Байлык кумары, сүйүү, алтынга жетүү үчүн өмүрүнөн ажырап кала жаздаган жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Үчөө мени жөн эле «ким көрдү» кылат да. Айлам жок ичимди кармап жата бердим, тигилер жаныма келип эле учурашып, Азат:

– Эмне, бир жериң ооруп жатабы?- дейт.

– Эски оору кармап кичине кыйнады, коньяк алып келдиңби?

Рация кармаган бала арыраак барып, рация менен:

– Макс, Дастанды таптык,- дейт. Дароо оюма Гули келди. Менин эмне кылып жүргөнүмдү билет, Макска айткан болсо. Демек, мени алдап эле жүргөн турбайбы, Макс экөө сүйлөшүп алышып, айтор, мени эң ыңгайлуу жерден, алтынды алып чыкканымда кармашыптыр да.

Ичимден сөгүнүп, айлам кетип, күлүп да алдым.

Рациядан Макстын сүйлөгөнү угулуп турду, эми эмне кылышар экен деп тыңшап турсам, ошо, Гулинин эле Максы:

– Тез алып түшкүлө, Санчолор катер даярдап коюшту, силерди күтүп жатышат, алып өтүп өзүң Жалал-Абадга жеткизип кел. Мен кеттим, бир нерсе болсо Санчого айта бер, бир жолун таап Гулини алып кетейин,- деп коюп койду.

Дароо Азатты карадым, бейкапар турат, берки балдар деле өзүлөрүнүн ойлору менен. Булар мага жардам бергени келген окшойт.

Атаны... Ой деген күлүк да.

Гули мени менттер издеп жүргөнүн угары менен Азат менен сүйлөшүп эле түшүнгөн болсо, мага жардам берсин деп Макска чалган окшойт, антпесе бул атам тааныбаган Макс мага эмнеге жардам бермек эле? Эмнеси болсо да ыңгайы келип турган учур, колдон чыгарбай кармап калышым керек.

«Уф» дедим ичимден, алтындан үмүтүмдү үздүм эле, бул жашоо менен да кош айтышып койгон болчум, булар жаман ой менен келбеген окшойт.

Гули жөнүндө жаман ойлогонума өзүмө өзүм жиним келип кетти.

Азат мени тойлоп жатат дегенби, бир коньяк, беш сникерс, колбаса, нан алып келиптир.

Көңүлүм ушунчалык ачылды, оорум да басылгансып калды. Гулини жакшы көрүп кеттим.

– Балдар, азыр беш мүнөт, ашказаным ооруйт, коньяк ичсем басылып калат,- деп коньякты бөтөлкөсү менен эле көтөрүп ичип жибердим. Тигилердин оозу ачылып эле мени карап турушат. Ичим ооруганы тып басылды.

Бирөөсү карап:

– Ой, көзүң бакырайып чоң эле турбайбы,- деп күлүп коёт, ооруганга тырышып, көздөрүм да кичирейип калган окшойт.

Ушунчалык жеңилдедим, Азат шашып:

– Дастан, баса аласыңбы, тезирээк кетиш керек, Рамис таз жакын арадагы солдаттарды, менттерди чакырыптыр. Бир жерде катер күтүп турат, менттер келгиче катер менен кетип калыш керек.

– Ооба, кеттик, кеттик, эми оорубайт,- деп туруп рюкзакты асынайын деп жатсам бирөөсү «мага эле бер» деп колун сунат.

– Жеңил эле, өзүм эле көтөрөм,- деп болбой койдум. Алтын экенин билип калышса өлдүм да. Мага эч кимиси сүйлөгөн жок, рюкзактагы эмне деп да сураган жок.

Тоолорду аралап отуруп, бир сааттай жүрдүк окшойт, тоонун арасында мал сарай бар экен, жанында көлөкөдө ак Ниссан-Пажеро турат, баарыбыз отуруп он беш мүнөткө жетпей Көлгө жеттик. Катер туруптур, эки бала отурат. Бизди көрөрү менен бирөөсү ыргып түшүп келип:

– Эмне мынча кечиктиңер? Менттер жакындап калышыптыр, он мүнөттө бул жакка да жетишет, болгула, келгиче көрүнбөй кетели,- деп шаштырып, Азат менен коштошконго араң жетиштим. Убакыт тартыш, ыкчамдаш керек эле. Колго түшсөм бүттү, тагдырым бир зөөкүрдүн колунда калат. Өмүрү мындай кыйчалыш абалга кептелип көрбөсөм керек, айлам кетип алдастап калдым.

Балдардын айтканына караганда, Рамис таз Көлдү айлантып солдаттарды, милицияларды коюп келатыптыр. Ысык-Көл облусун чычкан өтө алгыс кылып тосот имиш. Андан баарын күтүүгө болот, колунда рычагдары бар, тосом десе тосуп деле салат. Андан ырайым күтүп кереги жок экенин сонун эле түшүнүп турам.

Көлдү кесип өттүк, аркы жээгинде машине күтүп турган экен, тоонун арасындагы бир жолдор менен аябай эле көп жүрдүк. Жол да тамтыгы чыгыптыр аябай эле. Ар кандай кичине, чоң айылдар. Түндөп Жалал-Абадга жетип, бир мейманканадан өздөрүнүн паспорту менен номер алып, акчасын төлөп, бөлмөгө киргизип коюп кетишти.

Кетерде Баха деген мени менен келген бала Макска чалып, баарын айтып, бир аз сүйлөшүп, телефонун мага берди.

– Ме, Макс сүйлөшөм деп жатат сени менен.

Алсам ошо рациядагы үн:

– Алло, Дастан?

– Да, угуп жатам.

– Сөзүмдү бөлбөй угуп тур, Гули суранган үчүн өзүмдү тобокелге салып, сени чоң балээден сактап калдым, эгер түшүнсөң, өмүрүңдү сактап калдым. Эми Гулиге чалба, унут аны. Эгер дагы Гулиге чалганыңды уксам мага капа болбо, дайынсыз жок болосуң. Билем, алтындарды таап алыпсың. Райым таз чачын бирден жулуп жиндеп жатат. Эгер кармалсаң аябайт сени, Акимычтар да дайынсыз, сени эле бир нерсе кылган деп жатышат. Макул эми түшүнөм, шарт ошого алып баргандыр. Сенин кеминде бир күн убактың бар дагы. Анан баары бир Көлдөн чыгып кеткениң билинип калат. Мен жардам бергеним баары бир билинет, мага да проблема болот. Ошого карабай Гули үчүн сени куткардым. Алтыныңды да алып чыгып бердим, ошого ыраазы болуп кет эми. Экинчи сен жөнүндө Гули да, мен да укпайын. Гулини, аял кишини эмнеге аралаштырдың түшүнбөдүм. Сага телефон алып келип берген экен. Ошол телефондон милицияга кандай чалуу болгонун түшүнбөдүм, чалуу болуптур. Телефон саткан адам Гулини тааныптыр. Эми аны да милиция сени таап бересиң деп кыйнашса керек. Бирөөсүнүн да колун тийгизбейм Гулиге, жанымды берип болсо да коргоп алам.

Мени туура түшүндүң деп ойлойм. Азыр койбой тур, Гули менен сүйлөшүп көңүлүн тынчтандырып кой да, ошо менен экинчи сен жөнүндө укпайын,- деп, сүйлөйүн десем сөзүмдү укпай, сыртта жүргөнбү, эшиктин ачылып-жабылганы угулуп, Гулинин «Дастан» деген үнү угулду.

– Алло, Дастан?

– Да, Гули, угуп жатам.

– Кандайсың, Дастан, Макс сени тынч-аман Жалал-Абадга жетип алды дейт, чынбы?

– Ооба, азыр Жалал-Абаддамын, баары жакшы, Гули, Макстын балдары мени сактап калышты. Чоң рахмат деп койчу Макска.

– Ишеничтүү жерге барып алдыңбы, сага эч ким эч нерсе кыла албайбы?- деп тим эле үнү буулугуп чыгат. Мени ойлоп жатканына аябай жакшы көрүп, сагынып кеттим.

– Ойлонбо, Гули, бул жак менин жерим да, ким эмне кыла алмак эле, болду, эч коркунуч жок.

Гулинин дагы деле көңүлү тынчыбай жатты окшойт, бир топко чейин сүйлөбөй калды. Же Макстын көзүнчө сүйлөй албадыбы, Макс да түшүндү окшойт, «азыр келем» деген үнү угулуп, эшикке чыгып кетти.

– Дастан, эми ушул бойдон көрүшпөйбүз, бирок сага жолукканыма...- деп үнү буулугуп токтоп калды.

– Гули, мен жакында барып алып кетем сени...

– Токтосоң, Дастан, сөзүмдү укчу, эми жолукпайбыз эч качан. Келбе бул жакка, мен да номеримди алмаштырам,- деп унчукпай калды да, тээ бир топтон кийин:

– Макул, Дастан, мен да кетишим керек, каерде жүрсөң да Кудайым колдоп жүрсүн, макул, коштошконду жаман көрөм,- деп коюп койду.

Эми эч качан Гулиге жолуга албашымды, экинчи эч качан көрбөшүмдү, экинчи эч качан сүйлөшүп отурбашымды ошондо түшүндүм. Гулимден ажыраганымды, менин Гулимден... Гулини жакшы көрөрүмдү, эми сагынарымды, өмүр бою ойлоп, арманда жүрүп өтөрүмдү ошондо түшүндүм. Аны сүйүп калган экем, убагында эмне кылып жүрдүм экен? Бир аз чечкиндүүрөөк болсом, азыр минтип өкүнүп отурбайт элем...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 939, 3-9-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан