КАРА КӨЗ (кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяндаган сериал)

(Башталышы өткөн санда)

– О! Келди сеники,- Марс терезе тарапты карап сүйлөдү.

– Ким келди?- Тилек кыздын сүрөтүнөн көз албай сурады.

– Тиги... Ким эле? Ашкананын ээси...

– Аа... Айкабы?

– Ооба. Бар чык. Тамактанып ал десе мени ээрчитип ал, макулбу?! Өткөнкүдөй жалгыз кетип калба!

– Бас анда чогуу эле. Түштө чогуу тамактаналы деп чалган болчу. Кабинеттен эле шам-шум этип алабыз десем “мен машина менен барып алып кетем” деп болбойт.

– Тиля, мени карасаң,- деди Марс түшүнбөгөндөй түр менен. – Мына сен кадимкидей эле кыргызсың! Көзүң жымшык... Мен түшүнбөйм. Эмнеге сени кыздар түшкү тамактанууга өздөрү алып кетишет? Болгондо да бизнеси бар кыздар. Болгондо да ашкана иштетет. Эмнеге? Же Кудай сени ушунча жакшы көрөбү? Же сен...

– Эмне мен? Аягына чыгар сөзүңдү,- Тилек Марсты күлө карады.

– Же болбосо сен аларды дубалап аласың. Точно ошондой...

– Ха-ха-ха...

– Үйрөтчү мага ошол дубаны! Эркекче, досум, үйрөтчү. Мен ашканасы болбосо да, пирожки саткан кыз чаап алайын. Түшкү тамак дайыма менден болот.

Экөө каткыра тамашалашып ылдый жөнөштү.

ххх

Айка Тилек менен бетме-бет отуруп тамактангысы келген. Бирок милиция бөлүмүнүн имаратынан Тилекке кошулуп Марс да ыржалаңдап чыга келгенин көрүп маанайы чөгө түштү.

– Кандайсың?- Тилек кыздын бетинен өөп учурашты.

– Жакшы... Сен...- кыз такалып туруп калды. «Жалгыз барасыңбы? Же могу ыржалаңдаган неме да барабы?» деп сурагысы келди. Бирок айбыкты.

– Эй, болгулачы эзилбей! Курсак ачты!- Марс кыздын унаасынын арткы эшигин ачты да, эшикти тарс жаап түшүп алды. Кыз бере албай калган суроосуна жооп алып, аргасыз күлдү.

– Сени менен жалгыз сүйлөшүп отургум келген да, Тиля-я...- кыз ыйлагысы келгендей түр көргөзүп эркеледи да, аргасыз унаасын карай басты.

– Бара берсинчи. Акчасын мага жазып коёсуң...

ххх

–Айка! Сен айтчы... Могу Тилек сулуубу, же мен сулуумунбу?- оозундагы тамагын чайнап жатып сүйлөдү Марс. Анын кебетеси күлкүлүү болчу.

– Ким сулуу болмок эле, Марс?! Сен да, албетте!- кыз какшыктады. Тилек жылмайып койду.

– Анда эмнеге бул ашканада Тилек бекер тамак ичет? А мен акча төлөйм?!

– Сулуулуктун куну кымбат деп жатпайбы, Марс! Сулууларга дайыма бут тосушат да!

– Оо Кудай, неге мени мынча сулуу кылып жараттың?!- Марс көктү тиктеп Кудайга нааразы болгондой түр көрсөтүп күлүп жиберди. Тилек болсо жеп жаткан тамагына какап кете жаздап каткырды.

Айка да аргасыз күлдү. Бирок кыздын жылмайганы башкача болчу. Ал тиги Марстын тамашасына эмес, Тилектин кыймыл-аракетин карап, эмнегедир ага ичи элжиреп... Анан ошол ичиндеги жагымдуу сезим ууртуна жылмаюу тартуулап жаткандай...

Анан кантсин? Кыз көптөн бери Тилекти жакшы көрүп жүрөт. «Жакшы көрөм» деп сөздөр менен айта элек. Бирок көздөр менен да, мамилеси менен да көрсөтүп келе жатат. Тилек болсо аны байкабайт. Же байкамаксанбы? Айтор, кызды ал жакын досундай гана кабыл алып келе жатат. Өбөт, бирок эрининен эмес. Маңдайынан... Кучактайт, бирок, белинен эмес... Досун кучактагандай бир колун кыздын моюнуна асып алат. Ээх, Тилек... Кыз жигитти дале ичи элжирей карап жылмайып тура берди.

– Айка! Оой! Оо-ууй! Айка-а! Ане-ей ай, талып карап калат турбайсыңбы, а?- Марс жанатан анын сөзүнө кулак салбай өз дүйнөсүнө кирип кеткен кызга карап сүйлөп жатты.

– Ыя? Не дейсиң?- кыз баш чайкап жылмайды. Ыңгайсыз боло түштү.

– Аа, байкуш... Сүйүп калдыңбы? Могунубу? Байкуш...

– Эй, барчы ары... Не деп жаттың эле?

– Хе, бул жакшы күйөө боло албайт. Вот мен мыкты вариантмын... Тамаша! Тиги немени сурап жаткам. Бул Тилек азыр бир кызды издеп жатат да. Ошого сенден сурап жатам. Сен эгер бай эркектерди тоногон кыз болсоң, каякка жашынат элең? Каякта жүрөт элең?

– Мм... Бай эркектерди тоногон кыз болсом... Бай эркектер кайсы жерде жүрүшсө ошол жерде жүрмөкмүн да. Ресторан, казино... Айтор, байлар убакыт өткөргөн жайлар.

– Тоноп бүткөндөн кийин кайда жашынат элең?- Тилек да сөзгө аралашып кызыга сурады.

– Мм... Жашынмак эмесмин!- кыз чечкиндүү айтты.

– Эмнеге?

– Мындай да... Бир ресторанга блондинка болуп башка макияж менен бармакмын. Дагы бирөөнө брюнетка болуп башкача макияж менен... Айтор, кыска-узун, ар кандай түстөгү париктерди кийип алып Бишкектин мен деген байларынын чөнтөктөрүн кагып бүткөндөн кийин жөнөкөй эле асты-үстү менен боз түстөгү спорттук кийим кийип алып, аэропорттон макияжсыз «серая мышка» болуп өтүп кетмекмин... Ана-ан... Пальманын түбүндө жаңы сыгылган сокту ичип... Анан ошондо мени сагынмаксыңар,- кыз кыялдана көзүн сүзүп койду.

– Аэропорт...- Тилек башына бир нерсе келгендей столдун үстүн манжалары менен дыбыратып жиберди. Саамга кабак бүркөй бир чекитти тиктеп турду да, «мага машинаңды берчи» деп кыз макулдугун бере электе эле стол үстүндөгү ачкычты алып, сыртка чуркап чыгып кетти.

Айка түшүнбөй дендароо боло түштү.

– Ооруп калды ушинтип,- Марс чайын ууртап, терезеден сыртты тиктеп сүйлөдү. Кыз дагы аргасыз жылмайды.

– Тамаша, Айка! Бул ушинтип жумуш менен ооруп калган киши... Муну сүйбө! Эмне кыласың? Мындайлар жумушуна үйлөнүп алышкан. А вот мен... Мен үй-бүлө үчүн жаралгам,- Марс ар бир чекитке басым коюп, көркөмдүүлүк менен сүйлөдү. Ал ушундай күлкүлүү болчу. Кыз өзүн кармай албай каткырып, столдогу салфетка менен Марсты коюп жиберди.

ххх

Иш бөлмөсүнө зуулдаган боюнча жетти. Күйүгүп алган. Дароо эле бөлмөдөгү телефонду алды да, иш столунда турган блокноттон номерлерди терип чалып баштады.

– Ооба... Сүрөттөрүн жөнөтөм азыр. Ысымы белгисиз азырынча... Бою узун кыз. Сулуучумак. Асты-үстү менен боз түстөгү спорттук кийим кийген болушу мүмкүн. Оруска да, кыргызга да түспөлдөш... Жакшылап караңыздар. Балким, макияж менен өзгөрүп алат... Багажы сөзсүз каралышы керек! Шектүүнү байкасаңыздар сөзсүз багажын караңыздар! Алтын, акча... Ооба, абдан көп сумма.

7-8 жолу ар кайсы жакка телефон чалып. 7-8 жолу дал ушундай эле диалог түзүп, электрондук почта менен керектүү «запросторду» жөнөттү... Чек арачылар өткөрүп жибербесе болду. Эстегенде сүрөттөрдү тазалап жөнөтүп коюшу керек. Фотошоптон кыздын сүрөтүн кескилей баштады...

ххх

Күтүп гана отуруш керек. Эртели-кеч сыртка бет алат. Байлар деген байлар... Алар милицияга эле ишенип отура беришпей, өз каналдары менен да издешет. А кылмышкер муну байкайт да, сыртты көздөй зуу коёт. Анан калса жанагынча чоң сумманы кичинекей Бишкекте басып жата берүү да кыйын.

Тилек иш бөлмөсүндө шыпты тиктеп чалкалай отурду. Чек арачыларга «ориентировка» бергенине эле 4 күн болду. Кыздан кабар жок. Жер жутуп кеткендей. Көчөмө-көчө аралап Бишкекти шимшип жүргөн, уурулукту өмүрүнүн маңызы катары көргөндөр өз аймагында адатта мындай жаңыча жол менен тоноо баштаган адамдарды билише турган. Милициянын кайырмагында тургандар жаңы кылмышкер тууралуу өздөрү келип эле сайрап беришчү. Бул жолкуда андай да болгон жок. Тонолгон эркектер бар... Кыз жок!

Күн болсо аяктап баратат... Тилек ордунан тура үшкүрүп алды да, күрмөсүн кийип сыртка бет алды. Тутканы кармаганда тээ Союздан калган жашыл телефон «чырр» эте бийлеп жиберди.

– Да... Аэропорт! Ооба-ооба... Багажын карадыңарбы? Мына чыктым. Азыр барып калам...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Kaipova85
2020-12-07 09:30:08
Мынча аз жазылган
+1
Guli-85
2020-12-08 07:35:32
Аябай азго дагы бир жума күтүп оорумай. Көп-көптөн эле чыгарыңыздарчы урматтуу супер инфо
0
JAKE88
2020-12-08 14:13:22
кийинки саны качан чыгат
0
№ 939, 3-9-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан