ҮҢКҮРГӨ КАТЫЛГАН АЛТЫН (Байлык кумары, сүйүү, алтынга жетүү үчүн өмүрүнөн ажырап кала жаздаган жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Мен коркунучка кабылганда Гули мени кутулуп кетсин деп, сүйбөсө да Макска турмушка чыгууга макулдугун берди да. Макс болсо Гули үчүн эч нерседен коркподу, жанын да бергенге даяр турду. Мен болсо алтын деп, байлык деп Гулини да кыйнап коюшумду ойлобой жан талашып жүрдүм. Макс болсо Гули үчүн баарына кайыл болуп, башын тобокелге салып жүрөт. Ким билет Райым таз алтын үчүн эми аларды эмне күнгө салат?

Куса болуп, тамагыма бир нерсе туруп калгансып жаман болдум. Өзүмдү акча үчүн жанын берген ач көз, өтө эле пас, намысы жок сезип, айтор, өзүмдү өзүм жек көрүп, жаман сезип кеттим. Башым ооруп чыкты.

Рюкзакта Азат алып келген коньяк бар экен, эмне болсо ошол болсун деп баарын ичип алдым. Мас болуп калдым окшойт, ичим эзилип, бук болуп, Гулини сагынып, көзүмдөн жаш тегеренип кетти.

Гули экөөбүз мейманкананын жанындагы сөрүдө отурганыбызда көбүнчө атактуу Тина Тёрнер менен Эрос Рамазоттинин дуэт болуп аткарышкан ырын уга берчүбүз. Мага да, Гулиге да жакчу. Ошол ыр телефонумда бар эле, үнүн акырын чыгарып кайра-кайра кайталап угуп жатып уктап калыпмын.

Эртеси банк ачылары менен акчамдын баарын алып Ошко кетип калдым.

Азатка берем деген беш миң сом да жүрөт чөнтөгүмдө, шашылышта эсимден чыгып кетиптир.

ххх

Интернеттен издеп жүрүп бишкектик Александр Карачев деген нумизмат, археолог адам тапкам. Археология жөнүндө үч-төрт китеби чыгыптыр. Европада, Америкада, Орусияда ар кандай археологиялык уюмдарга мүчө экен. Тааныштары бар, ошол сатып ала алат эле.

Телефонун таап сүйлөшүп биринчи беш даана алтын тыйын алып бардым. Бишкектин борборунда эски, кымбат баалуу тыйын, айтор, ушундай сыяктууларды саткан чакан дүкөнү бар экен. Сүйлөшүп көрсөм ишеничтүү адам экен, ошого рюкзактагы алтындардын баарын саттым. Ал деле эч ким билбешине кызыкдар да. Аябай көп, түшүмө да кирбеген акча болду.

Мени эч ким таппайт, себеби Орусияда иштеп жүрүп бир жолу депортация болгом. Келип Кыргызстандан башка ат, фамилия менен паспорт алып, кайра баргам. Кийин акча көбөйгөндө шеригим Сашанын жардамы менен Орусиянын паспортун алгам. Мени эки дүйнөдө да таппайт эч ким. Акимыч, Муслим жок, Райым таз мени бир аз убакыт издесе керек, анан ал деле мени Орусияга кетип калды деп ойлоп калат. Көргөн күндө деле тааныбайт, чет өлкөгө чыгып пластикалык операция жасатып, өзгөрүп кеткем, ошол сүрөтүм менен Кыргызстандын паспортун алгам. Кыскасы, ушундай.

Азырынча калган алтындарга барбайм, кийин деле барбасам керек деп ойлойм. Ушул жагы жетет мага, ушул жагын деле аш кылып алайын.

Эгер Гулиге жолукпаганда, минтип кайра ажырабаганымда, мүмкүн, ач көздөнүп, алтындын баарын алып келип бир балээге жолугат белем, ким билет?

Азыр айтпай эле коёюн так дарегимди, тоонун арасынан, аябай кооз жерден беш гектар жер алып, ферма кургам. Ортосуна чоң, эки кабат кылып там салгам. Короолоп бак тигип, үч бассейн куруп, форель деген балык өстүрөм. Төрт миңдей тоок, беш жүздөн ашык үндүк, жыйырмадан ашык бука семиртип багам.

Үч адам бала-чакасы менен ошол фермада жашайт, жакшы адамдар.

Байысам дүйнөм түгөл болот деп ойлочумун, "бири кем дүйнө" деген ушулбу, өзүмдү бактылуу сезбейм. Гули жанымда болгондо баары башкача болмок. Гулини сагынам. Гулинин көздөрүн сагынам, сүйлөгөнүн, үнүн, күлгөнүн, кээде мактанып оюмдан токуп жалган нерсе айтсам, билип калса унчукпай башын жерге салып калганын сагынам.

Бир башкача көз карашы бар, сөз менен жеткизип, түшүндүрүп айта албайм, кээде ошентип карап калчу негедир. Эмнени ойлонот билбейм. Ошол көз карашын сагынам. "Хвостик" кылып байлап алган чачын сагынам, чачынан да сылап албаган экенмин. Кээде эч нерсеге карабай барып алып келе бергим келет, бирок Гули макул болбойт, Максты алдай албайт. Ал андай кыз эмес.

Андай кыз жолуктурбайм эми бул жашоодо. Канча кыз менен сүйлөштүм, бирөөсү да Гулиге караандабайт.

Бир жолу Москвада бирге иштеген Эрнис деген бала менен сүйлөшүп отурганымда кыздар жөнүндө сүйлөшүп калдым:

– Деги бир жакшы кыз таба албадым.

– Сен кызыксың, кыздарга корс сүйлөсөң жагасың. Сага окшоп аяп, назик мамиле кылса болбойт. Биринчи күнү өбүшүң керек, экинчи күнү сөссүз жатышың керек, кыздарга ошондо жагасың, кыздар ошону каалайт,- деген эле. Сыртымдан макул дегеним менен, ичимден "жок, ыймандуу кыздар бар, дароо эле жатууну ойлобогон кыздар бар али" деп ойлонгом.

Гули башка кыздардай эмес, ал башкача. Гулинин жанында отурсаң, билбейм кандай түшүндүрүштү, таза болгуң келет, куу эмес, эч кимге жамандык каалабаган, жаман иш кылбаган, жадакалса жаман ойлобогон адам болгуң келет.

Эгер Гулиге жолукпаганымда мындай тунук, таза сезим болорун билбей, бирөөнү сагынып куса болбой бул жашоодон өтүп кете берет белем?

Макс Гулини ошон үчүн жакшы көрөт да, андай кыз таба албашын билген үчүн баарына кайыл болуп, Гулиден айрылып калбайын деп мага жардам берди да. Билем, Гули менен Макс бактылуу үй-бүлө болушат, Макс да Гули мени эстебеши үчүн баарын кылат.

Канча жыл өттү арадан, деги эле унута албайм. Бишкекке көп барам, машинага эч кимди салбай, өзүм жалгыз кеткенди жакшы көрөм. Суусамыр, Төө-Ашуулардан атайын түндөсү өтөм. Жылдыздар жакындай сезилет, жылдыздарды көргөнү барам. Себеби бир жолу кечинде Роза уктап калганбы, Гули өзү чыкты. Экөөбүз сөрүдө ар нерсени сүйлөшүп отурганбыз. Гули асманды карап:

– Карасаң, бул жерден жылдыздар чоң, жакындай сезилет,- деген эле.

Мен сыра ичип отургам, көңүл бурбай ооз учунан "аа, ооба" деп койсом бир жылдызды көрсөтүп:

– Карасаң,- деп жылдыздарды колу менен көрсөтүп, – Балыкка окшошуп кетишет, эки балык бири-бирине жип менен байлангандай болуп турат.

Кайсы бирин айтып жатканын түшүнбөй:

– Аа, ооба, көрдүм,- деп койгом.

– Ошол эки балык тээ өткөн бир замандарда бир байдын кызы менен байдын жардамчысынын баласы болушкан экен. Экөө бой жеткенде бири-бирин сүйүп калышыптыр. Экөөнүн сүйүүсү ушунчалык таза, мөлтүр булактай тунук, кымындай кири жок сүйүү болгон экен. Бирок кызды ошол айылга жакын тоолордо жашаган бир дөө да жакшы көрчү экен. Кыз менен бала бири-бирин сүйүп калганын билип калып, аябай ачууланып кыз менен бала айылдын чекесинде жүрүшсө, ошол жакка өтө чоң сууну буруп салыптыр. Кыз менен бала сууга агып кетип, экөө бири-бирин коё бербей, кол кармашкан бойдон курман болушуптур. Ошондо экөө балыкка айланып, асманга чыгып жылдыз болуп калышкан экен. Экөө тээ асманда туруп алышып адамдарга "бизди көрүп эстегиле ар дайым. Эч качан бири-бириңерди алдабагыла, бири-бириңерге аруу, тунук, таза сүйүү арнагыла" деп турушат экен,- деп айтып берген эле.

– Ээ, жаман болуптур,- деп койсом, Гули мени бир карап коюп, негедир башын жерге салып көпкө чейин ойлонуп отуруп калган. Ошондо кайсы жылдызды көрсөткөнүн билбейм, оюм бүт эле алтында болуп, көңүл деле бурган эмес экенмин. Суусамырда келатып асмандагы жакын көрүнгөн жылдыздарды карап, мүмкүн, Гули мени унутпагандыр, түндөсү чыгып жылдыздарды көрүп мени эстээр, мүмкүн, азыр ушул маалда атайын эшикке чыгып, жылдыздарды карап мени ойлоп отургандыр деп ойлоном.

Ошондойдо сагынычым күчөп кетет. Тина Тёрнер менен Эрос Рамазоттинин ырын катуу чыгарып коюп, өзүм да үнүмдү катуу чыгарып кошулуп ырдап алам. Бир топ жеңилдеп калам. Көздөрүм азыр деле жашылданып, буулугуп кетем.

Эми кеч. Билбейм эмне дешти да.

Кайда жүрсөң да бактылуу болчу, Гули, менин "хвостик" чач Гулим.

Мен сени акыркы демиме чейин унутпайм, Гулим.


(Аягы)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
PROS
2020-12-14 09:28:43
Башында Рамис таз аягында Райым тазга айланып кетти го чиркин)))
0
asdef
2020-12-14 09:55:06
PROS,))))точно
-2
Supsuluu
2020-12-14 10:12:29
Жакшына болуп атыпле биииир рюкзак алтын, анысы отттто коп акчага алмашылып, фантастика болуп кетти го. Балдарыма окуп берейинчи)))
-1
Gulnaz27
2020-12-14 10:31:59
Ошондо бутуп калдыбы?
-2
Ayzada_asanakunova
2020-12-14 11:54:01
Ошондо бүттүбү, кызыксыз эле фантастика болуп бүтүп калды го((
-2
№ 940, 10-16-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан