КАРА КӨЗ (кара көз сулууну баш айланып сүйгөн жигиттин тагдырын баяндаган сериал)

(Башталышы өткөн санда)

Аэропорттогу атайын бөлмөдө экен. Чоң кара көз айнек тагынган, узун сары пальточон кыз буттарын учкаштыра отуруптур.

– Саламатсызбы?- деди бөлмөгө кирген Тилек.

Кыз кандайдыр бир жайбаракаттык менен көз айнегин чечип, билинер-билинбес жылмайып:

– Биз сизди күтүп жатканбыз да, ээ?- деп сурады.

– Ооба. Менин атым Тилек. Милициядан…

– Аа… Жакшы. Мен Сабинамын. Керексизова Сабина…

– Баш кийимиңизди чече аласызбы?

Кыз дагы жылмайды да, жашыл түстөгү беретин чечти.

– Чачым жуулган эмес. Эч нерсе болбойбу?!

– Жок… Маанилүү эмес,- Тилек кыздын маңдайындагы отургучка ыңгайлаша отуруп, анын каректерине тигилди. Мөлтүрөгөн капкара көздөр… «Шүүдүрүмдөй карегиң, ак чыныда карагат…» Эмнегедир Тилек ичинен ушул саптарды обону менен ырдады. Ойго келгенин карасаң? Ким ырдачу эле? Султан Садыралиев болуш керек.

– Линза тагынгансызбы?

– Жок,- кыз апакай тиштерин көрсөтө жылмайды.

Ортодо жымжырттык орной түштү.

– Каякка баратканыңызды билсек болобу?

– Түркияга…

– Максатыңыз?

– Тилек, сиздин папкаңызда менин сүрөтүм турат. Болгондо да «неудачно» түшкөн сүрөт экен. Ха, Ороз деген байкенин камерасынан алынган сүрөт го. Менин шегим бар болчу. Адатта мен кирген үйдөн камерадагы материалдар сакталчу жёсткий дисктерди талкалап кетем. Ороздун үйүнөн кичине шашкалактап калган элем… Элестетиңиз, анын досу килейген райондук милициянын жетекчиси экен. Мен сиздерди дароо эле келе калат го деп ойлоптурмун. Ороз байке деле “азыр милиса досум келет” деп күпүлдөп жаткан… Бирок 5 күн күттүм… Начар. Абдан начар иштедиңиздер…

Тилек аргасыз жылмайды. Мындайды күткөн эмес. Кыздын карегине тигилип жатып көнгөн адат менен папкасын ачып жибериптир. Кыз сүрөттү дароо байкаган тура.

– Демек, анда?

– Ооба. Болгону наручник салыштын кажети жок. Же мага алыңыз жетпей калышы мүмкүнбү?

Тилек дагы жылмайды. Мындай кылмышкерди ал биринчи жолу кармап жатат.

ххх

Унаанын салону кыздын жыпар жытына толо түштү. Аэропорттун Бишкекти карай чубалган жолунда жапондордун оң рулдуу седаны каалгый жөнөдү.

– Тилек… Сиз менин көздөрүмдү жөн караган жоксуз да, ээ? Айтыңызчы, эмне көрдүңүз?- кыз терезеден сыртты тиктей телмирип келе жатып сүйлөдү.

– Чоң кыз, мен опер кызматкеримин. А сиз кылмышка шектүүсүз. Дистанция сактайлы, ээ?- болушунча корс жооп бергенге аракет кылды. Бирок…

– Линзабы же линза эмеспи? Ошону билиш үчүн карадыңызбы?

– Чоң кыз!

– Сабина дей бериңиз! А сиздин көздөрүңүздө жалын өчүп баратыптыр… Жумуштан чарчагансызбы? Балким, жашооңуз окшош күндөр менен өтүп жатат.

– Сиз унчукпай барышыңыз керек…

– Всё, что вы скажете, может и будет использовано против вас в суде…

– Түшүнөт экенсиз.

– Түшүнөм, албетте. Көп мыйзам бузгам… А сизчи? Эрежелер менен гана жашап келе жатасыз. Кантип зерикпейсиңер?! Тиякка бас, биякка бас… Бакчага бар, мектепке бар, универге, эми иште… Иште! Жакшы иштеп анан өлүп калбасаң пенсияга чыгасың... Анан айына 6 миң сом алып «өлбө жаным өлбө» деп кара нанга май сүйкөп жегениңе ыраазы болуп өлүп каласың. Ха, ушул да жашообу? Ал жашоо эмес… Силердин жашооңорго караганда мексикалык сериалдар алда канча кызыктуу.

– Түрмөдө окшош күндөр деген кандай болорун толук сезе аласыз.

– А сиз мени каматып жибере албайсыз.

– Эмнеге?

– Билбейм, эмнеге? Менимче… Мен сиздин өмүрүңүздү кооздоп койдум. Жанагы бир сезим болот го… Жаңы жылдан кийин деле эмнегедир балатыны тээ мартка чейин алгыбыз келбей, кооздолгон боюнча калтырабыз. Ошол сезимге окшош сезим, айтор. Мен сиздин өмүрүңүздүн мартына чейин болом. А балким, андан да узагыраак…

– Хе… Балаты! Ёлочкасыңбы?- Тилек жиндене түштү. Эмне эле саймедирейт бул кыз?!

– Албетте, балакай! Сенин жашооңо Жаңы жыл келе жатат!

– Ха-ха-хаа…- Тилек бир башкача катуу каткырды. Эреркегендей… Анан ошол каткырык анын көкүрөгүндө көптөн бери уюп жаткан белгисиз кусалыкты чыгарып жибергендей болуп, көңүлү эмнегедир жайлана түштү. Көкүрөктөгү мындай тынчтыкты ал буга чейин, балким, сезбеген да чыгар.

– Негизинен тамашасы жок айтканда. Менден азыр бир да сом чыгара албайсыңар. Баары корогон.

– Кайда?

– Балдар үйлөрүнө… Мен өзүм да ал жакта чоңойгом. Керексизова деп фамилиям айтып турбайбы. Бардык акчалар, алтындар жетимдердин жылуу кийимдерине, балдар үйлөрүнө төгүлгөн, көмүргө, алардын азык-түлүгүнө кеткен. Сенин шефиң менен Ороз досу экөө менден эч нерсе чыгара алышпайт.

– Сен менин шефимди билбейт экенсиң!

– Ха, а силер мени билбейсиңер! Тилек, мен тоногон байлардын бардык мүлктөрү аныгында ошол жетимдердики. Уурдалган акчалар кайра уурдалып мыйзамдуу ээлерине кайтты. Бул жашоо бумеранг. Сен муну менден жакшы түшүнөсүң.

Менде бир гана сураныч бар? Мени камайсыңар! Керек болсо ачылбай калган кылмыштарыңардын баарын моюнга алууга деле даярмын. Бирок акыркы сураныч… Мен душка түшүп алайынчы. Түркиядан түшөм го деп ойлогом. Мени опер кызматкер Тилек кармап аларын кайдан билипмин…

– Хе, мен сени кайсы душка алып барам…

– Айырмасы жок. Башкысы кыздын акыркы өтүнүчүн четке какпа!

– Түрмөдө деле душ бар. Кам санаба!

– Сен андай эмессиң. Мырза экендигиң көрүнүп турат.

ххх

Милиция бөлүмүнө келип калган унаа капыстан эле кайра артка бурулду. Кыздын жүзүндө баякы жылмаюусу пайда болду.

– Мени торго түштү деп ойлобо! Керек болсо тапанчам жанымда. Мээңди чачырата эле атам… Адамгерчиликти туура түшүн, уктуңбу?!

Тилектин жашоосундагы эң акылсыз жоругу ушул болорун ал кездеги опер сезе элек болчу. Кандайдыр бир белгисиз күч аны отелди көздөй эле жетелеп жөнөдү.

ххх

Кыз дароо эле душка жөнөдү. Бардыгын мерчемдеп койгондой... Тилек жумшак отургучта аны күтүп отура кетти.

Саамдан кийин кыз апакай сүлгү оронуп чыга келди да, анын маңдайына керебетке отуруп тамеки түтөттү.

Кара көздөр бажырая аны карап турду. Ушунчалык сулуу көздөр. Мындай сулуулукту Тилек өмүрүндө көрбөгөн.

– Сени менен качып кетсем го... - деди кыялдангандай кара көздөрдүн ээси. Өзүндөй ипичке тамекиси анын көрктүү манжаларында түтөп турду. Узун буттарын учкаштыра отурган бул кыздын жүзү периштеники болгону менен, жүрөгү шайтандыкы болчу. Тилек аны байкаган жок... Периштени гана көрдү. Аны менен качып кетүүгө даяр болуп турду. Мына ушул өлкөдөн, тажаткан жумушунан, окшош күндөрүнөн качып кетмек. Кайда? Периште менен кайда качмак? Албетте, бейишке.

Маңдайында отурган неме уурулукка шектелип кармалган кыз эмей эле, аны ушул бузуку дүйнөдөн алып кетүүчү периштедей туюла берди... Бирок аны шайтандын анык өзү арбап жаткан. Саналуу мүнөттөн кийин кылмышкер кууп жүргөн опер, тескерисинче өзү кылмышкер аталып кара көздүү сулуу шайтанды ээрчип бүт дүйнөгө каршы чыгып баштайт... Кана? Бир... Эки... Үч!

Кыздын илеби, анын упузун аппак буттары, кылгырган, өзүнө чакырган, чумкуп кетсең болчудай капкара көздөрү арбап баратты. Ким өзүн токтото алмак? Ордунан тура келди да, кыздын жыпар жытын кере-кере искеп, жинди болгон немедей башын чайкагылап жылмая тиктеп, денеси калтырай туруп берди. Көздөр, эриндер жапжакын...

– Өп,- деди кыз эриндерин дирилдете шыбырай…

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Gulnaz27
2020-12-14 10:40:57
Кызыктуу жерине келгенде ар дайымкыдай эле бутуп калат.
0
zamir_kgz
2020-12-14 12:25:27
Gulnaz27,ошондуктан даяр туруш керекда, азыр кызыктуу жерине келип калды демек бутот деп.
+2
MIRBOLOT
2020-12-16 21:25:24
Негедир "Берегись автомобиля!" фильми эске түшүп кетти...бирок кыз чын айтабы?
0
№ 940, 10-16-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан