АНОНС! Жаңы сериал КЫЯНАТ

Эрөөл кызуусуна кирди. Айбаты, ачуусу жүзүнө чыга октагондо атаандашына таамай соккуларды узатып жаткан жигит залдагы көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырды. Ал жөнүндө эч кандай маалымат белгилүү эмес эле. Кепканы баса кийип отурган алдыдагы экөө да кайырмакты дал ушул октагондогу жигитке таштады. «Бул жигит мага жагып турат. Ким экенин изилдеп чык. Башкалар илип кетпесин, тезирээк колго ал». Бул кечтен соң Байэлдин жашоосу такыр башка нукка бурулду.

«Аделя сенин тууганың» дейби? Эч кимиси жок мага ал кантип тууган болот? Бул жанагы келемиштин мага кылган чабуулу, талуу жерге соккусу келген экен да. Мен сага оңой эле жеңилип бербейм,- деп ызырына жебени дартстын так ортосуна таамай ыргытты. Чындап ал бул сөзгө ишенмек эмес. Бирок бул чындык эле.

Азап-тозокту көрүп балдар үйүндө чоңойгон Байэл спортто ийгилик жаратып жатты... Акыркы жеңиши анын жашоосун таптакыр башка нукка бурду. Алдыда аны оор сыноолор күтүп турган. Кримдүйнөнүн сазы соруп баратты жигитти...

Эмки санда Жан Айдаровадан болгон окуянын негизинде жазылган жаңы чыгарма күтүңүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
zheenbaev95
2020-12-21 16:01:22
Ушул чыгарманы окугандай болуп атам
+1
bulathan
2020-12-21 18:35:17
zheenbaev95, эмне деген чыгарма
0
№ 941, 17-23-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан