ЖИГИТТЕР, ЭРКЕК БОЛГУЛАЧЫ!

– Күлкүлүү окуяга туш болдум, соода борборлорунун биринде акча төлөп жатып чөнтөгүмдөн 10 сом түшүп кетти. Ошол жердеги коргоо кызматында турган жигиттин бутуна тоголонуп барып түшкөн тыйынды ээрчий карап калдым. Мен берет экен деген таризде бурулсам, “тапкан тапалак” деп туруп чөнтөгүнө салып койду. Аргасыз күлүп басып кеттим. Мейли эми, кеп анда деле эмес деңизчи, балким, чын эле жол киреге акчасы жоктур. Кеп башкада. Жигиттер, чын эле эмне болуп баратасыңар?

“Жашың өтүп баратат” деген кулак-мээни жеген сөздөрдөн кутулайын деп бир жигит менен жолукмак болдум. Жолуккан күнү эле “банкта иштесең айлыгың канча?” деп сураса болобу. Ыйлаарыңды же күлөрүңдү билбейсиң. Бирөөнүн маянасын сураган осол көрүнүш мен үчүн. Биринчи жолуккан күнү минтип сураган жигит менен экинчи жолу кыз жолукмак беле? “Жездең жети жылдан бери маянамды сурап көргөн эмес, кокуй кач” деди эжем муну угуп. Безилдеп качып кеттим. Качкан менен жаш да өтүп баратат. Эл катары турмушка чыгып, балалуу болгум келет да.

Ал эми кесиптешимдин курбума жаңы жигит болоюн деп жүргөнү андан бетер уялтты. Жолугуп калдык. Үчөөбүз жолугуп калдык. Биз жаңы эле тамак ичип чыктык десек болбой “курсагым ачка” деди. Эми кийген кийими, минген машинасы укмуш эле. Ашканага кирдик. Биз жеңил тамак алдык, ал экинчи үчүнчүсү менен алды. Тамак ичип бүткөндөн кийин “кыздар, акчам жетпей жатат, силер төлөп койгулачы” дейт. Бетимден отум чыгып кетти. Бири-бирибизди карап чөнтөктөрдү сыйпалап, анын тамагынын акчасын кошо төлөп чыктык. Кызык, акчасы жок экенин билгенден кийин эмнеге чакырды? Андан да жаманы, ушунун баарын нормалдуу көрүнүш катары сүйлөп, күлүп баратканы. Машинасынан түшүп калып, курбум экөөбүз аябай күлдүк. Айла жоктон күлөт экенсиң.

Айта берсе арман көп. Эми кезекке турсаң түртүп өткөндү, жаныңда баратса балч эттире түкүрүп салмайды, убада берип аткарбай койгонду, карызга акча алып дайынын билдирбей качып кетмейди, жолугууга кечигип келмейди айтпай эле коёюн.

Жигиттер, айланайындар, жигит болгулачы! Жигит деген сонун сөздүн баркын кетирбегилечи. Баары деп айта албайм, айрымдар шым эле кийип жүргөнү болбосо, кылык-жоругу аялдыкындай эле. Айткандын оозу жаман болуп “ушундайыңдан эр албай жатат” дешиңер мүмкүн. Макул, айта бергиле. Чынын айтсам, силерде деле күнөө жок болушу мүмкүн. Анткени ошол туруксуз, бирөөнүн эсебинен жашайын деген алсыз эркектер коомго кайдан келди? Аталардын жоопкерсиздигинен. Ажырашкан жубайларда адатта атасы кетип калат, эркек бала аялдын колунда чоңоёт. Эркектеги негизги сапатты көрбөй жетилген уул кандай болот? Дал жогорудагы кеп кылган эркектердей болот. Узартып наалый берген да болбойт. Такыр эле кыздарга кандай мамиле жасоону билбей жатсаңар бир аз “шпаргалка” берейинби? Макулсуңарбы?

Акча тууралуу кеп кылыштын кереги жок. Бул – бир. Экрандын аркасынан кооз сөздөрдү жазып жоголуп кетип, эки айдан кийин “коронавирус болуп ооруп жаттым” деп кайра жазыштын кереги жок. Жок болдуңбу, биротоло жок бол! Тамакка чакыргандан кийин өзүң төлө, акчаң жок болсо таза абада деле сейилдеген ыңгайлуу. “Менин апам сот, атам чиновник” деп тааныша элек жатып кыйынсынгандын такыр кереги жок. Кесмени кулакка илип алдаба, чындыкты айтсаң жок эле дегенде сыйлап калабыз. Кылыктанып “үйдөн азыр чыгам, анан чыгам” дебей, жолукчу жерге айтылган саатта туруп кал. Акыркысы болгудай көрүн! А мен дагы деле өзүмдүн адамымды издөө менен убарамын! 7 миллиард адамдын ичинен кантип мендик жигит табылбасын, туурабы?

Маргоша

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Hurbek
2020-12-21 09:51:31
Сабырдын тубу сары алтын чыда,,
+4
KaGaH
2020-12-21 11:16:14
Маргоша мага чалчы, экөөбүздүн мүнөзүбүз бир экен))
+5
Gulizaa
2020-12-21 13:37:38
Табылат.буюрса!
Мен да сиздей болчум ,балдар мн таанышканда биринчи эле уйундогу боюмун баасын айтканда, сразу качканга аракет кылат элем.Бирок сулуумун же акылдуумун деп эч озубузду которбошубуз кк.Ар бир жашообуздагы адамды сыйлай билели,жаманбы жакшыбы, анткени ал бизге сабак берип жатат.Жакшы гана нерсени алыш кк.Мен да бактылуу болгум келе.Бирок ошол адамды жолуктурдум окшойт.Ар бириниздерге эки Дуйнолук Бакыт!Мага да тилеп коюнуздар.
+9
Sa89ai
2020-12-21 15:16:49
Gulizaa,бактылуу бол ой максаттарын орундалсын)))
+6
Erlan_95
2020-12-21 20:15:22
Кыргыздан жакшы бала таппайсын, болчо дагы алар жаман аялдарга уйлонгон
+3
Nursul
2020-12-23 18:08:00
Негизи эле ушундай болуп калдык жигиттер моюнга алыш керек. Сизди сыйлап Бактылуу кылар жигит табылар эми сабыр керек. Бирок ке бир кыздарга ошондой жигиттер жагат экен сөзүнө турбаган жоопкерчилиги жок баарына барибирмин деген жигиттер жагат экен.
+1
№ 941, 17-23-декабрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан